Онлайн жана конок лекциялар

29.01.2021.

Хадис Илиминин Негизги Маселелери Аттуу Илимий Онлайн Семинар

Анкара Йылдырым Беязыт университети теология факультетинин окутуучусу доцент Ферхат Гөкченин катышуусунда ОшМУнун теология факультетинин студенттери үчүн “Хадис Илиминин Негизги Маселелери” аттуу илимий онлайн семинар уюштурулду. Аталган семинардын модераторлугун теология факультетинин деканынын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Абдуганиев Асилбек аткарды. Семинарга теология факультетинин деканы доцент Зайлабидин Ажимаматов да катышып ачылыш сөзүн сүйлөдү. Иш-чара суроо-жооптор менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.