НББП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

«Бекитемин»

ОшМУнун ректору___________Кожобеков К. Г.

«____»_________20____-ж.

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Багыты: 531600 Теология

Профиль: Теология

Академиялык даражасы: бакалавр

2023-2028- жылдарга

Окутуу формасы

Күндүзгү

Ош, 2023


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИК АСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

531600 – «Теология» багыты боюнча бакалавр программасынын 2023-2028- жылдары үчүн түзүлгөн негизги билим берүү программасы теология факультетинин Окумуштуулар кеңешинин «__» ___________ жыйынында каралды.

Теология факультетинин

Окумуштуулар кеңешинин төрагасы: Ажимаматов З. К.

«Каралды»

ОшМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы: Атабаев И. Н.

«Каралды»

ОшМУнун аккредитация жана билим берүүнүн

сапаты департаментинин директору: Алтыбаева М.А.

«Макулдашылды»

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору: Божонов З.С.


Жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы

Багыты: 531600 Теология

Профиль: Теология

Академиялык даражасы: бакалавр

1. Жалпы жобо

1.1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн 531600 – «Теология» багыты боюнча ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте бекитилген.

Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу магистрлерди даярдоо боюнча кесиптик билим берүү программаларды ишке ашыруучу бардык ЖОЖдор үчүн менчиктик формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан милдеттүү болуп эсептелет.

1.2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар

Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучу болгон мыйзам чегинде белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык терминдер жана аныктамалар пайдаланылат.

- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;

- даярдоонун багыты - ар түрдүү профилдеги, фундаменталдуу даярдоо негизиндеги интеграцияланган жогорку кесиптик билимдүү кадрларды (адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди) даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;

- профиль – негизги билим берүү программасынын конкреттүү бир түргө багытталышы жана (же) кесиптик иш объекти;

- компетенттүүлүк – окуучунун аныкталган бир чөйрөдө майнаптуу жана жемиштүү иштөөсү үчүн зарыл болгон билими жагынан даярдоого карата алдына ала коюлган социалдык талап (ченем);

- бакалавр– магистратурага кирүүгө жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;

- магистр– аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhDпрофили боюнча) жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;

- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар;

- теӊдөө курстары - ушул багыт боюнча магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн талап кылынуучу базалык кесиптик билимдерге жана компетенцияларга биринчи окуу жылынын ичинде ээ болуу үчүн туура келген багыт (адистик) боюнча базалык билими болбогон студенттер – магистранттар тарабынан өздөштүрүүлүчү сабактар.

- жалпы илимий компетенция – кесиптик иштин баардык турлору (же көпчүлүгү) учун жалпы болуп саналган мүмкүнчүлүктөрдү билдирет; окуу, талдоо жана сыноо кылуу ж.б. жөндөмдүүлүк;

- инструменталдык компетенция–когнитивдик жөндөмдүү, идеяларды жана ойлорду түшүнүү жана пайдалана билүү жөндөмдөрүн камтыйт; усулдук жөндөм, айлана-чөйрөнү түшүнүү жана башкаруу, убакытты уюштуруу, окуу стратегиясын түзүү, чечимдерди кабыл алуу жана көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмү; технологиялык жөндөм, техниканы пайдалана билүүгө,компьютерди билүүгө жанамаалыматтык башкарууга байланышкан жөндөмдөр; лингвистикалык жөндөмдөр, коммуникациялык компетенция;

-социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар–ой-сезимдерди жана мамилесин билдирүүгө, сын көз менен ой жүгүртүүгө жана өзүнө баа бере билүүгө байланышкан жеке сапаттар, ошондой эле социалдык өз ара байланыш жана кызматташуу процесстерине, топтор менен иштеше билүүгө, социалдык жана этикалык милдеттенмелерди кабыл алууга байланышкан жөндөмдөр;

- кесиптик стандарт - кесиптик иштинконкреттүү түрүнүн чегинде анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды белгилөөчү, кызматкер кайсы иште болсо да, кайсы уюумда болсо да өзүнүн ордун татыктуу ээлеши үчүн кызматкерде болушу милдеттүү болгон квалификациянын сапаттык денгээлин баяандаган негиз түзүүчү документ.

1.3. Кыскартуулар жана белгилөөлөр

Жогорку кесиптик билим берүүнүн ушул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөндөгү кыскартуулар колдонулат:

МББС–Мамлекеттик билим берүү стандарты;

ЖКББ – Жогорку кесиптик билим берүү;

НББП – Негизги билим берүү программасы;

ОМБ – Окуу-методикалык бирикме;

ЖК – жалпы илимий компетенциялар

ИК – инструменталдык компетенциялар

КК – кесиптик компетенциялар

СИЖМК – социалдык – инсандык жана жалпы маданий компетенция.

2.1.1 531600 Теология багыты боюнча ББПнын максаты жана милдети:

М-1. Студенттерде инсандык сапаттарды өнүктүрүү, теология багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруу .

М-2. Теология багыты боюнча алган билимдерин илимий негизде улантууга, диний маселелерди илимий чечүү жолдорун сунуштай алган, педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзө ала турган жана эксперттик ишмердүүлүккө колдонууга даяр адис болуу менен динге байланыштуу бардык тармактарда тиешелүү тараптардын талаптарына жараша адистерди даярдоо.

2.1.2. ББПнын чегинде окутуунун натыйжалары максат жана милдеттерине ылайык аныкталган.

ОН-1: ЖК1+СИЖМК1

Кесиптик ишмердүүлүгүндө айлана–чөйрө жөнүндө илимий билимдердин системасына ээ болот жана жаңы билимдерди өздөштүрөт.

ОН-2: ИК1+ИК2+ИК3

Жумуш жана окутуу тармагында мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилинде ишке байланыштуу болгон баарлашуга, маалымат технологияларын колдонууга, ишкердик билимдерин колдоно билүүгө жөндөмдүү.

ОН-3: КК1+КК2+ КК3+ КК4

Теологиялык жана дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана ар кандай форматтагы илимий жыйындарга катышат.

ОН-4: КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

Коомдун бардык сферасында теологиялык жана руханий-нравалык маданиятка салым кошуу менен педагогикалык-агартуучулук ишмердик жүргүзөт.

ОН-5: КК11+КК12+КК13+КК14

Коллективде уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүгүн жүргүү менен кесиптик маселелерди жөнгө салат, ар кандай деструктивдүү иштерди чечүүдө алган билимин колдонот.

2.2. Бакалаврды даярдоодогу НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптар.

531600 ТЕОЛОГИЯ багыты боюнча "бакалавр" академиялык даражасына ээ болуучу бүтүрүүчү төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болушу зарыл:

Жалпы компетенциялар:

а) универсалдуу:

жалпы илимий (ЖК):

ЖК-1 - курчап турган чөйрө жөнүндөгү илимий билимдерин колдоноо билүүгө жана сын берүүгө жөндөмдүү;

инструменталдык (ИК):

ИК-1 -жумуш жана окутуу тармагында мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилинде ишке байланыштуу болгон баарлашунуу жүргүзө алууга жөндөмдүү;

ИК-2 - жумуш жана окутуу тармагында татаал маселелерди чечүү үчүн маалымат технологияларын пайдаланып жаны билимдерди өздоштүрө жана колдоно алууга жөндөмдүү;

ИК-3 - кесиптик ишмердүүлүктө ишкердик билимдерин жана тажрыйбаларын колдоноо билүүгө жөндөмдүү;

социалдык-инсандык жанажалпымаданияттык(СИЖМК) :

СИЖМК-1 - жеке адамдын же жамааттын кесиптик ишмердүүлүктөрүндөгү максаттарына жетүүсүн камсыздого жөндөмдүү;

б) кесиптик (КК):

илим-изилдөөчүлүкишмерди ги:

КК-1 - жогорураак квалификациялуу адистин жетекчилиги астында теологиялык жана сабактар аралык изилдөөлөргө катышууга жөндөмдүү, анын ичинде:

КК-2 - изилдөөнүн темасы боюнча илимий маалыматты чогултууга, анализдөөгө, классификациялоого жана систематизациялоого жөндөмдүү;

КК-3 - илимий отчетторду, ачыктама каттарды тузүү, илимий обзорлорду, аннотацияларды даярдоого, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн тематикасы боюнча рефераттарды жана библиографияларды тузүүгө жөндөмдүү;

КК-4 - семинарларга, илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга, илимий-изилдөө долборлордун ишине катышууга жөндөмдүү;

педагогикалыкишмердиги :

КК-5 - аргандай аудиторияларда заманбап реалдуулуктарды, муктаждыктарды жана күтүлгөн ахвалдарды эске алууга менен актуалдуу формада теология жана рууханий-нравалык маданиятка билимдерин колдонууга жөндөмдүү;

КК-6 - билим берүү программаларын иштеп чыгууга жөндөмдүү;

КК-7 - руханий-нравалык жана патриоттук тарбия маселелерин чечүүгө жөндөмдүү;

КК-8 - маданият, искусство мекемелериндеги, массалык маалымат каражаттарындагы агартуучулук ишмердике жөндөмдүү ;

КК-9 - конфессиялардын окуу-трабия жана агартуучулук ишмердигин камсыздоого катышууга жөндөмдүү;

КК-10 - традициялык билим берүү технологияларын жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окуу процессинде (окутуунун заманбап технологиялары) колдонууга ; жөндөмдүү

уюштуруу-башкаруучулук ишмердиги:

КК-11 - коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө, диний, этникалык жана улуттук жаатында конфликтерди, экстремизм, терроризм жана диний группалардын башка деструктивдик иштерин алдын алуу жана каршылык көрсөтүү чөйрөсүндө маселелерди чечүү үчүн теологиялык боюнча алган билимин колдонууга жөндөмдүү;

КК-12 - коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик-конфессионалдык жана коомдук-конфессионалдык биргеликте аракеттешүүсүн теоретикалык жана практикалык камсыздоого катышууга жөндөмдүү;

КК-13 - кесиптик маселелерди чечүүдө иштерди уюштурууга жана пландаштырууга жөндөмдүү;

КК-14 - кесиптик функцияларды ишке ашырууда жардамчы административтик башкаруу персоналы ирээтиндеги ишке жөндөмдүү.

2.3. Абитуриенттердин даярдык деңгээлине талаптар.

2.3.1. Жогоку кесипттик билимдин «бакалавр» квалификациясын алууга умтулган абутуриенттин билим деңгээли - орто жалпы билим же орто кесиптик (же жогорку кесиптик) билим.

2.3.2. Абитуриентте орто жалпы билим же орто кесиптик (же жогорку кесиптик) билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документ болуусу керек.

2.3. Теология- 531600 багытында даярдоонун бутуруучулордун кесиптик ишмердүүлүгүнүн мейкини төмөнкүлөрдү камтыйт:

- билим берүү жана илимий изилдөөлөр (окутуу, изилдөө);

- маданият жана искусство (агартуу жана экскурсиялар);

- башкаруу жана башкаруучулук (медиация, маданият жана мамлекеттик саясат башкаруу);

- коргоо жаатында мамлекеттик саясат;

- социалдык тейлөө (диний уюмдарда ишмердүүлук);

- коомдук массалык каражаттар.

Бүтурүүчүлөр кесипттик ишмердүүлүгүн башка жакта, чөйрөлөрдө да, эгер билим денгээли, компетенциялары ага туура келсе талап кылган кесипте иштей алат, мисалы катары, билим берүү, изилдөөчүлүк, аналитикалык структураларда, дин тармагында маселелерин изилдөө центрлерде ж.б.

2.4. Теология-531600 багытында даярдоонун бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик обьектилери болуп:

- негизги салуучу руханий баалуулуктар жана тажрыйба;

- тийиштүү диндеги дүйнө тушуүнүү;

- музей экспонаттары;

- китепканалардагы жана архивдердеги диний жана дин таануу материалдар жана адабият;

- ММКдагы дин жөнүндө материалдар;

- басмаканалардагы диний жана дин таануучулук адабияттар;

- диний уюмдардын ишмердигин жөндөөчу ченемдик иш кагаздар, алардын мамлекеттик органдар менен болгон алакасы;

- билим берүү жана тарбия процесси, окуу-усулдук документациясы, окутуунун жана тарбиянын усулдары, окутуучулар;

- илимий долбоорлор, чогултуу жана анализдөөнун усулдары, серепчилик корутундулар;

- коомдук долбоорлор.

2.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрү;

- илим-изилдөөчүлүк;

- педагогикалык;

- уюштуруу-башкаруучулук.

Бүтүрүүчү негизинен даярдалып жаткан кесиптик ишмердиктин конкреттүү түрүн тийиштүү кесиптик стандарттын (бар болсо) же кызыкдар иш берүүчү менен бирдикте ЖОЖ иштеп чыккан өздөштүрүлүүчү билим берүү программасынын мазмуну аныктоого тийиш.

2.6. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк милдеттери:

илим-изилдөөчүлүкишмерди ги:

- жогорураак квалификациялуу адистин жетекчилиги астында теологиялык жана сабактар аралык изилдөөлөргө катышуу, анын ичинде:

- изилдөөнүн темасы боюнча илимий маалыматты чогултуу, анализдөө, классификациялоо жана систематизациялоо;

- илимий отчетторду, ачыктама каттарды тузүү, илимий обзорлорду, аннотацияларды даярдоо, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн тематикасы боюнча рефераттарды жана библиографияларды тузүү;

- семинарларга, илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга, илимий-изилдөө долборлордун ишине катышуу;

педагогикалыкишмердиги :

- аргандай аудиторияларда заманбап реалдуулуктарды, муктаждыктарды жана күтүлгөн ахвалдарды эске алуу менен актуалдуу формада теология жана рууханий-нравалык маданиятка билимдерин колдонуу;

- билим берүү программаларын иштеп чыгуу;

- руханий-нравалык жана патриоттук тарбия маселелерин чечүү;

- маданият, искусство мекемелериндеги, массалык маалымат каражаттарындагы агартуучулук ишмердик;

- конфессиялардын окуу-трабия жана агартуучулук ишмердигин камсыздоого катышуу;

- традициялык билим берүү технологияларын жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окуу процессинде (окутуунун заманбап технологиялары) колдонуу;

уюштуруу-башкаруучулук ишмердиги:

- коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө, диний, этникалык жана улуттук жаатында конфликтерди, экстремизм, терроризм жана диний группалардын башка деструктивдик иштерин алдын алуу жана каршылык көрсөтүү чөйрөсүндө маселелерди чечүү үчүн теологиялык боюнча алган билимин колдонуу;

- коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик-конфессионалдык жана коомдук-конфессионалдык биргеликте аракеттешүүсүн теоретикалык жана практикалык камсыздоого катышуу;

- кесиптик маселелерди чечүүдө иштерди уюштуруу жана пландаштыруу;

- кесиптик функцияларды ишке ашырууда жардамчы административтик башкаруу персоналы ирээтиндеги иш.

Даярдоо багыты боюнча бутуруучу даярданган кесиптик ишмердиктин маселелеринин тизмеги негизинен кесиптик стандарттын (бар болсо) жана кесиптик ишмердиктин тиешелүү тармагындагы квалификациялык талаптардан алынышы керек, эгер алар жок болсо, кесиптик ишмердиктин маселелеринин тизмеги иш бурууүүчулордун созсуз турдо катышуусу менен МББС ЖКББныништеп чыгуучу тарабынан түзүлүш керек.

3. Максат менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы:

ОН

М-1

М-2

1

ОН-1

+

+

2

ОН-2

+

3

ОН-3

+

4

ОН-4

+

5

ОН-5

+

Компетенциялардын окутуунун натыйжаларына дал келүүчүлүк матрицасы:

Калыптандыруучу компетенциялар

Окутуунун натыйжасы

1

ЖК1+ СИЖМК1

ОН-1

2

ИК1+ИК2+ИК3

ОН-2

3

КК1+КК2+ КК3+ КК4

ОН-3

4

КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

ОН-4

5

КК11+КК12+КК13+КК14

ОН-5

4. «Теология» багыты боюнча

ОКУУ ПЛАНЫ

Квалификациялык академиялык даражасы:

Жогорку “бакалавр”

Нормативдик окуу мөөнөтү: 4 жыл

Жалпы окутуулучу дисциплиналардын каталогу

Дисциплиналар коду / Код дисциплин / Code of disciplines

Дисциплиналардын аталышы / Наименование дисциплин / Name of disciplines

ECTS кредиттери/ Кредиты по ECTS / ECTS сredits

D.1.1.0

Базалык бөлүк / Базовая часть / Basic part

1

D.1.1.1

Кыргыз тили/ Кыргызский язык/ Kyrgyz language

4

2

D.1.1.2

Орус тили/ Русский язык/ Russian language

4

3

D.1.1.3

Философия/ Философия/ Filosofy

4

4

D.1.1.4

Араб тили/ Арабский язык/ Arabic language

10

5

D.1.1.5

Чет тили/ Иностранный язык/ Foreign language

4

6

D.1.1.6

Ислам тарыхы/ История ислама/ History of Islam

4

7

D.1.1.7

Тафсир/ Тафсир/ Tafsir

4

8

D.1.1.8

Акыйда/ Вероучения/ Creeds

4

9

D.1.1.9

Педагогика/ Педагогика/ Pedagogy

6

10

D.1.1.10

Диндер тарыхы/ История религии/ History of religion

4

11

D.1.1.11

Ислам агымдар тарыхы/ История исламских течений/ History of Islamic movements

4

12

D.1.1.12

Психология/ Психология/ Psychology

6

13

D.1.1.13

КРнын дин чөйрөсүндөгү саясаты жана диндер ортосундагы толеранттуулук/ Политика КР в сфере религий и межрелигиозный толерантность/ Policy of the Kyrgyz Republic in the sphere of religions and inter-religious tolerance

4

14

D.1.1.14

Ислам укук усулу/ Методы исламской юриспруденции/ Methods of Islamic jurisprudence

4

15

D.1.1.15

Сонку ислам агымдар тарыхы/ Современные исламские течения/ Modern Islamic movements

4

16

D.1.1.16

Хадис/ Хадис/ Hadith

4

17

D.1.1.17

Калам/ Калам/ Kalam

4

18

D.1.1.18

Классикалык тексттер/ Классические тексты/ Classical Tekst

4

19

D.1.1.19

Ислам философиясы/ Исламкая философия/ Islamic Philosophy

4

20

D.1.1.20

Дин социологиясы/ Религиозная социология/ Religious sociology

4

Жалпы / Итого / Total:

90

Вариативдик бөлук / Вариативная часть / Variable part

D.1.2.0

ЖОЖдук компонент / Вузовский компонент / University component

1

D.1.2.1

Кыргызстан тарыхы/ История Кыргызстана/ History of Kyrgyzstan

2

2

D.1.2.2

Кыргызстан географиясы/ География Кыргызстана/ Geography of Kyrgyzstan

2

3

D.1.2.3

Информациялык технологиялар/ Информационные технологии/ Information Technology

2

4

D.1.2.4

Жашыл экономика/ Зеленая экономика/ Green economy

2

5

D.1.2.5

Куран жана тажвид/ Коран и тажвид/ Qur′an and tazhweed

10

6

D.1.2.6

Исламда илим, технология жана илимий изилдөөлөр тарыхы/ История науки, технологии и научных исследовании в исламе/ History of science, technology and scientific research in Islam

4

7

D.1.2.7

Куран/ Коран/ Qur′an

8

8

D.1.2.8

Араб тили/ Арабский язык/ Arabic language

16

9

D.1.2.9

Хадис/ Хадис/ Hadith

4

10

D.1.2.10

Дин педагогикасы/ Педагогика религии/ Pedagogy of religion

4

11

D.1.2.11

Дин таануу предметин окутуунун усулу/ Методы преподавания религиоведения/ Religious Studies Teaching Methods

4

12

D.1.2.12

Куран жана диний риторика/ Коран и религиозная риторика/ The Qur′an and religious rhetoric

4

13

D.1.2.13

Тафсир/ Тафсир/ Tafsir

4

14

D.1.2.14

Конфессионалдык укук/ Конфессиональное право/ Confessional law

4

15

D.1.2.15

Салыштырмалуу диндер тарыхы/ История сравнительной религии// History of Comparative Religion

4

16

D.1.2.16

Радикализмдин тарыхый жана теологиялык негиздери/ Исторические и теологические основы радикализма/ Historical and theological foundations of radicalism

4

17

D.1.2.17

Дин философиясы/ Философия религии/ Philosophy of religion

4

18

D.1.2.18

Ислам мистикасы/ Исламская мистика/ Islamic mysticism

4

19

D.1.2.19

Фикхтын классикалык тексттери/ Классические тексты фикха/ Classical texts of fiqh

4

20

D.1.2.20

Кыргыз маданиятында ислам дининин орду/ Место ислама в кыргызской культуре/ The Place of Islam in Kyrgyz Culture

4

Жалпы / Итого / Total:

94

D.1.3.0

Тандоо курстары / Курсы по выбору / Elective courses

32

1

D.1.3.1

Ислам цивилизациясы жана институттары тарыхы/ История исламкой цивилизации и институтов/ History of Islamic Civilization and Institutions

2

D.1.3.2

Дин психологиясы/ Психология религии/ Psychology of religion

3

D.1.3.3

Диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окутуу методологиясы/ Методика преподавания история развития религии/ Methods of teaching the history of the development of religion

4

D.1.3.4

Улуттук маданият жана диний баалуулуктар/ Национальная культура и религиозные ценности/ National culture and religious values

5

D.1.3.5

Диний терминдер/ Религиозные термины/ Religious terms

6

D.1.3.6

Тафсир тарыхы/ История тафсира/ History of Tafsir

7

D.1.3.7

Араб тилинин морфологиясы/ Морфология арабского языка/ Morphology of the Arabic language

8

D.1.3.8

Тарыхтан учурга хадис проблемалары/ Проблемы хадисов от истока до современности/ Problems of Hadith from the beginning to the present

9

D.1.3.9

Таблиг Жамааты жана хадис-сүннөт түшүнүгү/ Концепция Таблиг Джамаат и хадис сунна/ Tabligh Jamaat and the concept of hadith sunnah

10

D.1.3.10

Ханафий мазхабынын хадис-сүннөт түшүнүгү/ Понятие хадис-сунны ханафитского мазхаба/ The concept of hadith-sunnah of the Hanafi mazhab

11

D.1.3.11

Куран жана хадистердин негизинде Азирети Пайгамбардын өзгөчөлүктөрү/ Характеристики Пророка на основе Корана и хадисов/ Characteristics of the Prophet Based on the Quran and Hadith

12

D.1.3.12

Пайгамбарлар тарыхы/ История пророков/ History of the Prophets

13

D.1.3.13

Мусулман өлкөлөрүнүң географиясы/ География мусульманских стран/ Geography of Muslim countries

14

D.1.3.14

Исламдын Орто Азияга таркалуу тарыхы/ История распространения ислама в Среднию Азию/ The history of the spread of Islam in Central Asia

15

D.1.3.15

Манас эпосунда диний түшүнүктөр/ Религиозные понятия в эпосе Манас/ Religious concepts in the epic Manas

16

D.1.3.16

Түрк элдеринин диний ишенимдери/ Религиозные вероисповедания тюркских народов/ Religious denominations of the Turkic peoples

17

D.1.3.17

Диний антропология/ Антропология религии/ Anthropology of religion

18

D.1.3.18

Исламдын архитектуралык-маданий мурастары/ Архитектурно-культурные наследие Ислама/ Architectural and cultural heritage of Islam

19

D.1.3.19

Теологияда герменевтика/ Герменевтика в теологии/ Hermeneutics in theology

20

D.1.3.20

Логика жана тоериянын аргументациясы/ Логика и теория аргументации/ Logic and argumentation theory

21

D.1.3.21

Теологиянын учурдагы проблемалары/ Современные теологические проблемы/ Contemporary theological issues

22

D.1.3.22

Ислам маданиятынын калыптануусунда диний түшүнүктөрдүн орду/ Роль религиозного сознания в формировании исламской культуры/ The role of religious consciousness in the formation of Islamic culture

23

D.1.3.23

Синкреттик диний агымдар/ Синкретические религиозные течений/ Syncretic religious movements

24

D.1.3.24

Агностицизм жана дин этикасынын философиясы/ Агноцизм и религиозная этика философии/ Agnotism and the Religious Ethics of Philosophy

25

D.1.3.25

Илимий изилдөө усулдары/ Методы научных исследовании/ Scientific research methods

26

D.1.3.26

Исламдык каржылоо принциптери/ Принципы исламского финансирования/ Principles of Islamic finance

27

D.1.3.27

Исламда илим, технология жана илимий изилдөөлөр/ Наука, технология и научные исследование в Исламе/ Science, technology and scientific research in Islam

Факультативдик дисциплиналар / Факультативные дисциплины / Optional subjects

Дене-тарбия/Физическая культура/Physical Culture

Жалпы / Итого / Total:

Окуу практикасы / Учебная практика / Training practice

6

Өндүрүштүк практика / Производственная практика / Production practice

6

Квалификация алдындагы практика / Предквалификационная практика / Pre-qualification practice

6

Жалпы / Итого / Total:

18

Квалификациялык иш / Квалификационная работа / Qualification work

3

Мамлекеттик аттестация / Государственная аттестация / State certification

3

5. Билим берүүнүн программасынын мөөнөтү

Бакалавр даражасынын базалык билим берүү программасын өздөштүрүүнүн стандарттык мөөнөтү 4 жыл түзөт. Окутуунун формасы: күндүзгү

6. Эмгек сыйымдуулугу

531600 «Теология» багыты боюнча бакалавр билим берүү программасынын окуу жүктөмү 240 кредит. Күндүзгү окуу формасы боюнча ЖКББ НББП эмгек көлөмү окуу жылы үчүн 60 тан кем эмес кредитке барабар. Бир семестрдин эмгек көлөмү (окуу процессинин эки семестрдик түзүлүү сүналганда) 30 кредитке барабар. Бир кредит студенттин окуу ишинин (анын аудиториялык ишин, өз алдынча иштөөсүн жана аттестациянын бардык түрүн кошкондо) 30 саатына барабар. Күндүзгү окуу формасы жана ошондой эле окутуунун ар түрдүү формасын айкалыштырууда, дистанттык билим берүү технологиясын колдонуу менен окутууда НББПнын эмгек көлөмү бирокуу жылга 48 сааттан кем эмес кредитти түзөт..

7. ОПнын бүтүрүүчүлөргө жумуш рыногун муктаждыктары жана анализ

- ОшМУнун теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн иш берүүчүлөр КМДБ, облустук жана шаардык казыяттар, муфтиятка караштуу медреселер КРнын мамлекеттик диний комиссиясы, ОшМУнун ыйман гимназиясы негизги орунда турат. 2022-23 окуу жылынан баштап атайын президенттин указы жана министирликтин буйругу аркылуу 9 класстарга «динди өнүгүү тарыхы» предметин окутууга толук укуктуу.

- Теология факультети негизги орунда турган иш берүүчү мекемелер менен тыгыз иш алып барууда. Ал мекемелердеги муктаждыктарга жараша факультет бүтүрүүчүлөрү багытталууда. Өзгөчө облустук жана шаардык казыяттарда биздин бүтүрүүчүлөрүбүздөн жок дегенде бирөөсү ар түрдүү кызматтарда эмгектенип келишүүдө. Алар менен тыгыз байланышта иш алып баруудабыз. Келишимдин негизинде Ош шаардык жана облустук казыяттарга факультеттин студенттерин практикага стажировка үчүн жиберип жатабыз. Казыяттын талаптарын эске алып, студенттерибизге мечиттерде хутба окуп, вааз (маселе) айтууну үйрөткөн, компютерди эркин пайдалана алган билимдүү жана компотенттүү бүтүрүүчүлөрдү даярдап жатабыз.

- Мамлекеттик диний концепциянын негизинде мамлекеттин талабына жараша, диндин өнүгүү тарыхы сыяктуу предметтерди мектеп программасында окутууга жөндөмдүү, заманбап технологияларды колдоно алган билимдүү теологдорду даярдоо теология факультетинин негизги максаты болуп эсептелет.

8.Билим берүү программасынын кадрдык жактан камсыздалышы:

Фамилия

Аты

Атасынын аты

Илимдин кандидаты

Phd

1.

Ажимаматов

Зайлабидин

Касымович

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

2.

Арипов

Ниязалы

Турдалиевич

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

3.

Жусубалиев

Али

Бурканович

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

4.

Кадыров

Медербек

Акбаралиевич

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

5.

Калбердиев

Абдилазиз

Рахманбердиевич

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

6.

Карагач

Хилми

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

7.

Козукулов

Тимур

Алимбекович

Саяс. и.к

8.

Масиралиев

Шумкар

Пайизбекович

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

9.

Зууридинов

Өскөнбай

Анаркулович

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

10.

Жумабаев

Максатбек

Абдумуталипович

Июнь айында коргоо: «Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

11.

Абдуганиев

Асилбек

Алимжанович

«Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)

12.

Тажибаев

Санжар

Лочинбекович

13.

Адылбек кызы

Айсулуу

14.

Бенли

Махмуд Нежмеддин

15.

Йосиф

Али Зарзур

9.Инфраструктура,билим берүү каражаттары жана сервис .

Теология факультетинде окуган студенттердин санынын пределдик контингенти 150, ал эми окуу процессинде колдонулуп жаткан окуу аянты 1422 м 2 болгондуктан, 1 студентке 10м 2 окуу аянты туура келет, б.а. окуу аянты менен 100% камсыз болгон. "Теология" багыты боюнча студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактар атайын адистештирилген, сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн лекциялык кабинеттерде жана практикалык сабактарды өтүүчү аудиторияларды өткөрүлөт. Факультетте 1компьютердик класс (15 компьютер), 32 компьютер, 7 принтер, 2 сканер, 9 интерактивдүү доска бар. Окутуучулардын кабинеттери жана компьютердик класстардын бардыгы интернет тармагына туташтырылган.

10. Божомолдуу жумуш берүүчүлөрдүн тизмеси:

Иш берүүчү мекеменин жетекчиси

Иш берүүчү мекеменин аталышы

Кызматы

Телефону

1

Юсупова Санталат

Ош ш. БББ

Башчы

2

Өмүрзакова Турсунай

К. Р. Илимдер Академиясынын Түштүк Бөлүмү

Бөлүм жетекчиси

0773060706

0559242425

3

Мурзабеков Ысакбай

К.Р. Мамлекеттик диний комиссиясынын түштүк бөлүмү

Түштүк бөлүм жетекчиси

0770877800

0550501577

4

Маматов Талант

ОшМУнун ыйман гимназиясы

ОшМУнун ыйман гимназиясынын директору

0770669320

5

Токтомышев Мирлан

Ош шаардык казыят

Ош шаарынын казысы

6

Жээналиев Сайдамир

Ош облустук казыяты

Ош обл.казысы

0557222126

Окуу планындагы базалык дисциплиналардын программасына аннотация

531600 Теология факультети

Дисциплинанын аннотациясы

Кыргыз тил

1. Кыргыз тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин мамлекеттик тилде кеп ишмердүүлүгүн (сүйлөө, жазуу, окуу, угуу) өстүрүү;

алган билим, көндүмдөрүн кесиптик ишмердүүлүктөрүндө туура пайдаланууга көнүктүрүү

кыргыз элинин маданий баалуулуктары менен тааныштыруу жана түшүнүктөрүн тереңдетүү:

а) кыргыз элинин тарыхы ;

б) каада-салттар, үрп-адаттар

в) тарыхый инсандар;

г) чечендик өнөр;

д) кыргыз географиясы (жаратылышы)

- аталган дисциплина аркылуу мекенчил болууга, эли-жерин сыйлоого тарбиялоо.

Ошондой эле Кыргыз эл акындарын, жазуучуларын жана алардын чыгармаларын билүү менен бирге, адабий тилдин нормасынын негизинде сүлөгөн, кыргыз элинин материалдык жана моралдык баалуулуктарын сыйлаган, патриот жаштарды калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.1), 4 кредит – 120 саат

3. Кыскача мазмуну

Жалпы жана терминологиялык мүнөздөгү 2000 сөз, сөз айкашы көлөмүндө лексикалык минимум. Колдонуусуна жараша лексикалык айырмалоо (турмуш-тиричилик, терминологиялык, официалдуу ж.б.). Тилдин негизги закон ченемдүүлүктөрү жөнүндө түшүнүк. Эркин жана туруктуу сөз айкаштары, фразеологиялык бирдиктер жөнүндө түшүнүк. Сөз жасоонун негизги ыкмалары жөнүндө түшүнүк. Байланыштуу кепти оозеки жана жазуу түрүндө түзүүгө талап кылынган негизги грамматикалык каражаттар жөнүндө түшүнүк. Сүйлөө. Маек, жеке кеп салуу формасында эң керектүү жана жөнөкөй лексикалык, грамматикалык каражаттарды колдонуу менен негизги байланыштуу кырдаалдарында пикирлешүү жана оюн баяндоо. Окуу. Турмуш-тиричилик жана мекен таануу тематикасындагы жана кесипке байланыштуу текстти окуп түшүнүү. Жөнөкөйлөнүштүрүлгөн көркөм тексти окуп түшүнүү. Жазуу. Диктант, изложение, чакан сочинение, билдирүү, кат, өмүр баян. Кыргыз эле акындары менен жазуучулары жана алардын чыгармалары окуп үйрөтүү

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ИК-1 (ОН-2)

Орус тили

1. Орус тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө активдүү роль ойноочу кептик билим жана билгичтиктерин калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.2), 4 кредит – 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Лексический минимум в объеме 2000 учебных лексических единиц общего и терминологического характера. Понятие дифференциации лексики по сферам применения (бытовая, терминологическая, общенаучная, официальная и др.). Понятие о свободных и устойчивых словосочетаниях, фразеологических единицах. Понятие об основных способах словообразования. Грамматические навыки, обеспечивающие коммуникацию без искажения смысла при письменном и устном общении общего характера; основные грамматические явления, характерные для профессиональной речи. Понятие об обиходно-литературном, официально-деловом, научном стилях, стиле художественной литературы. Основные особенности научного стиля. Говорение. Диалогическая и монологическая речь с использованием наиболее употребительных и относительно простых лексико-грамматических средств в основных коммуникативных ситуациях неофициального и официального общения. Основы публичной речи (устное сообщение, доклад). Чтение. Виды текстов: несложные, прагматические тексты, тексты по широкому и узкому профилю специальности. Письмо. Виды речевых произведений: аннотация, реферат, тезисы, сообщение, частное письмо, деловое письмо, биография.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ИК-1 (ОН-2)

Чет (англис) тил

1. Англис тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студент келечекте кесибинде англис тили боюнча алган билимин пайдалана билүү. Өзүнүн кесибине түшүнүү менен терең мамиле жасоого тарбиялоо. Студенттердин жалпы маданий кругозорун кеңейтүү; Алган билимдерн пайдаланып, өз ара сүйлөшө билүү. Өз алдынча илимий-экономикалык, адабий мазмундагы адабияттарды түшүнүп, окуй билүү. Интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу үчүн тынымсыз изденүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.3), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Үйрөнүп жаткан тилдин тыбыштарды айтуудагы өзгөчөлүктөрү, интонация, басым жана сөздүн нейтралдуу ритми: профессионалдуу баарлашуудагы толук стилдин негизги өзгөчөлүктөрү, транскрипциялардын окулушу. 500 ден кем эмес өлчөмдө лексикалык жалпы жана терминологиялык бирдик. Лексиканы колдонуу (турмуш-тиричилик, терминологиялык, жалпы илимий, официалдуу ж.б.) чөйрөсүндө дифференциация түшүнүгү. Фразеологиялык бирдиктеги эркин жана туруктуу сөз айкаштары жөнүндө түшүнүк. Сөз жасоонун негизги жоболору тууралуу түшүнүк. Оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашуудагы грамматикалык көнүгүүлөр, профессионалдуу кепке тиешелүү болгон грамматиканын негиздери. Көркөм, күнүмдүк, официалдуу жана илимий стилдер жөнүндө түшүнүк. Илимий стилдин негизги өзгөчөлүктөрү. Чет элдик каада-салт, маданият жана кеп этикетинин эрежелери. Сүйлөө. Официалдуу жана официалдуу эмес баарлашуунун негизги коммуникативдик жагдайлардагы көбүрөөк колдонулуучу жана жөнөкөй лексикалык, грамматикалык каражаттарды пайдалануу менен диалог жана монологдор түзүү. Оозеки кептин (доклад) негиздери. Аудиожазуу. Турмуш –тиричилик жана профессионалдык коммуникация чөйрөсүндө диалог жана монолог түшүнүктөрү. Окуу. Тексттин түрлөрү, жазуу. Кептик чыгармачылыктын түрлөрү: аннотация, реферат, тезис, кат, биография ж.б.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ИК-1 (ОН-2)

Философия

1. Философия предметин өздөштүрүүнүн максаты: Жалпы философиялык көз караштарды таанып билүү; Философиядагы проблемаларды, философиядагы онтологиялык, метафизикалык, эпистемологиялык, аксиологиялык жана этикалык, социалдык-саясий маселелердин чечмеленишин ачып берүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.4), 4 кредит – 120 саат 3. Кыскача мазмуну: Философия предмети. Маданияттагы философиянын орду жана ролу. Философиянын пайда болушу. Философия мектеби жана анын тарыхый өнүгүүсүнүн этаптары, негизги багыттары. Философия илиминин структурасы. Бытие жөнүндө окуу. Бытиенин монистикалык жана плюралистикалык концепциясы, материалдык жана идеалдык түшүнүктөрү. Мейкиндик жана убакыт. Кыймыл жана өнүгүү, диалектика. Детерминизм жана индетерминизм. Динамикалык жана статистикалык закон ченемдүүлүктөр. Дүйнөнүн илимий, философиялык, диний сүрөттөлүшү. Адам, коом жана маданият. Адам жана жаратылыш. Коом жана анын структурасы. Жарандык коом жана мамлекет. Адам социалдык байланыш системасында. Адам жана тарыхый процесс: личность жана масса: эркиндик жана муктаждык. Коомдун өнүгүшүнүн формациондук жана цивилизациялык концепциясы. Адамдын келип чыгышынын маңызы. Зордук жана зордук эмес. Эркиндик жана жоопкерчилик. Морал, адилеттүүлүк, укук. Салттык баалуулуктар. Эстетикалык баалуулуктар жана анын адамдын жашоосунда ролу. Диний баалулуктар жана эркиндик. Аң сезим жана таанып билүү. Аң сезим, өзүн-өзү таанып билүү жана личность. Таанып билүү, чыгармачылык, практика. Ишенич жана илим. Түшүнүү жана түшүндүрүү. Таанып билүүдөгү рационалдык жана иррационалдуулук. Акыйкат проблемасы. Чындык, ой, логика жана тил. Илимий жана илимий эмес билимдер. Илимийлүүлүк критерийлери. Илимий таанып билүүнүн структурасы, анын методу жана формасы. Илимий билимдин өсүшү. Илимий революциялар. Илим жана техника. Келечектеги адамзат. Заманбаптуулуктун глобалдуу проблемалары. Цивилизациянын жана келечек сценарийинин өз ара аракети.

4.Күтүлүүчү натыйжалар: СИЖМК-1 (ОН-1)

Педагогика

1. Педагогика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин тарыхый- педагогикалык билимин, билим маданиятына болгон көз карашын, педагогикалык реалдуулукка карата илимий ой жүгүртүүсүн, обьективдүү түшүнүгүн, педагогикалык кесиптин баалуулуктарынын негизин, кесиптик компетенцияларынын жана жалпы маданий өнүгүүнүн негиздерин маалыматтык функцияда жайылтуусун калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.9), 4 кредит – 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Педагогика адам жөнүндөгү илимдер системасында тарбиянын маңыз-мазмуну, тарбия методдорунун системасы, инсандын базалык маданиятын калыптандыруу, коллективде тарбиялоо, окутуу процесси, окутуунун методдору, окутуунун усулдары, окутуунун формалары, окутуудагы диагностикалоо жана баалоо.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-5; КК-6; КК-9; КК-10 (ОН-4)

Куран жана тажвид

1.Куран жана тажвид предметин өздөштүрүүнүн максаты: Куран китебин тажвид илимиинин негизинде туура, так окууну үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.6), 4 кредит – 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Куранды окуп үйрөнүүдө тажвиддин илим катарында өнүгүүсү, курандын тарыхы, курандын башка китептерден өзгөчөлүгү, тажвид, Кыраат илими, Курандын 1-15-параларын жүзүнөн окуу. Ар бир тамганы тажвид эрежесине ылайык туура окуу.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-5; КК-7 (ОН-4)

Ислам тарыхы

1. Ислам тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын бирден бир максаты, пайгамбардын өмүр баянын аят жана хадистердин негизинде туура жана так үйрөтүү болуп эсептелет. Себеби пайгамбардын өмүр баянын жакшылап билүү башка дисциплиналарды азыркы кездеги кээ бир ишеним калдыктарынын кайдан келе жаткандыгын үйрөнүүдө негизги орунга ээ. Мындай маалыматтарды билген студент Азирети Мухаммеддин өмүр баянын, анын динди жаюу методдорун жакшылап түшүнүп жетет. Азирети Мухаммедден кийин мамлекет башчылык милдеттерди аткарган Абу Бакир, Умар, Осмон жана Али доорлорун (632-661), алардын мамлекетти башкаруу ыкмаларын, алардын мезгилиндеги негизги окуялардын себептерин билүү студенттердин акыйда, мазхаптар тарыхы предметтерин жакшы өздөштүрүүлөрүнө да чоң салымын кошот.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.3), 6 кредит – 180 саат.

3. Кыскача мазмуну:Ислам тарыхы предмети исламдын алгачкы күндөн тартып Аравия жарым аралында жайылуусун, исламдын жайылуусундагы жараян, ыкмалар жана маанилүү окуялар аят жана хадистердин байланышында ачып үйрөтүлөт. Ислам дини алгачкы эле күндөн тартып бир гана араптардын эмес, бүтүндөй адамзаттын дини экендигин көрсөткөн далилдер окуялардын негизинде түшүндүрүлөт. Мында Азирети Мухаммеддин дипломатиялык иш-аракеттери негизги ролду ойногондугу белгилүү. Ислам динин жаюу иш-аракеттери төрт халифа доорунда кандай тартипте ишке ашкандыгы окуялардын негизинде түшүндүрүлөт. Төрт халифанын мезгилинде мамлекетти башкаруу методдору кандай болгон? Бул мезгилдеги негизги коомдук-саясий жана диний проблемалар кандай өңүттө болгон? Бул маселелерди чечүү кандай тартипте ишке ашкандыгы далилдүү фактылар менен биргеликте окуп үйрөтүлөт.

4. Күтүлүүчү натыйжалар : ЖК-1 (ОН-1) КК-7 (ОН-4)

Акыйда

1. Акыйда предметин өздөштүрүүнүн максаты:Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, исламдын ишеним системасын, тагыраагы акыйдасын туура жана так үйрөнүп, сырттан келген туура эмес түшүнүктөрдүн кандайдыр бир максатты көздөгөндүгүн сезүү жана исламдын аруулукка үгүттөгөн насааттары коомду, тынчтыкка жана биримдикке ыктагандыгын билүү болуп эсептелет.

2. НБППдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.8), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам акыйдасынын маани-маңызы, илим катары калыптанышы, генезиси, методологиясы. Кырк парз жана ыймандын парздарынын Курандагы далилдери, агымдардын ыйман назарияттары жана ыйман маселесине байланыштуу жаңы жагдайлар, Аллага ыйман, пайгамбарларга ыйман, ыйык китептерге ыйман, периштелерге ыйман, мужизалар, акыретке ыйман.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-11 (ОН-5).

Калам

1. Калам предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам маданиятында калыптанган теологиялык системалар жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берүү менен кыргыз коомчулугунун басымдуу бөлүгү тарабынан кылымдар бою карманып келген ахли сүннөттүн матуридий колунун маани-маңызын ачып берүү жана жана исламдын аруулукка үндөгөн ишеним баалуулуктарын даңазалоо болуп эсептелет.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.17), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Теологиянын маани-маңызы. Теологиянын илим катары калыптанышы. Исламга чейинки ишенимдерде теологиялык проблемалар. Ислам теологиясы жана анын пайда болушун шарттаган негизги факторлор. Исламды түшүнүүнүн натыйжасында пайда болгон теологиялык агымдар, көз караштары жана алардын исламды түшүнүү методдору. Аллах-аалам-адам байланышы. Жаратуучунун өзгөчөлүктөрү. Пайгамбарлардын негизги милдеттери, касиеттери. Адам баласынын жашоодогу орду, милдети, жоопкерчилиги жана тагдыр маселеси. Жараткандын бар экендиги жөнүндөгү онтологиялык, космологиялык жана телеологиялык далилдер. Аалам жана метафизика; Метафизикалык заттар (периштелер, жиндер). Өлүмдөн кийин кайра жаралуу маселеси. Акыреттин бар экендиги жөнүндө Курандагы аналогиялык далилдер. Теология илимине байланыштуу адабияттар.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-4 (ОН-3), КК-11 (ОН-5).

Дин педагогикасы

1. Дин педагогикасы предметин өздөштүрүүнүн максаты:Дисциплинанын эң негизги максаты, дин педагогикасынын маани-маңызы жөнүндө керектүү маалыматтарды берүү жана көндүмдөрдү жеткирүү менен маданий баалуулуктарды калыптандырууда өз салымын кошуу болуп эсептелет. Дин педагогикасы менен педагогика илимдери жана дин илимдеринин ортосундагы байланышты ачып берүү; Дин педагогикасынын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дисциплиналар арасы өз алдынча илим экенин окуп үйрөтүү; Диний билим берүү менен светтик мектептердеги дин маданиятынын тарыхы сабагын окутуунун өзгөчөлүктөрүн айтып берүү; Адеп-ахлак тарбиясында диндин орду жана ролу; Жалпы билим берүүдө дин сабагынын маани-маңызы жөнүндө; Диндин адеп-ахлактык жана тарбиялык орду жана ролу жөнүндө маалыматка ээ кылуу болуп саналат

2.НББПдагы орду:Коду:D.1.2.8 ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет Дин педагогикасы 4 кредит. 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутунуунун усулу маселеге байланыштуу ар бир сөз жана сөз айкашына токтолот. Дин педагогикасы илиминин калыптануу жараяны жана кеч калуусунун себептери талкууланат. Дин педагогика илиминин башка илимдердин арасындагы орду жөнүндө көз караштар айтылып, студенттин өз алдынча эркин түшүнүккө ээ болуусу үчүн бул жаатта керектүү мисалдар берилет. Дин педагогикасы илиминин объектиси, максат жана милдеттери каралат. Дин педагогикасын (дин таануу предметтерин) берүүнүн негиздери жөнүндө кеңири талкуу болот. Программа иштеп чыгуу жараянында керектүү максаттардын белгиленишинде таасир берген факторлор баяндалат. Дин таануу предметтерин окутуунун программалары Кыргызстандын шарттары эске алынып берилет.

4.Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-4: КК5+КК6+КК7 ОН-5: КК8+ КК9+КК10

Дин таануу предметтерин окутуунун усулу

1. Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутуунун усулу предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын эң негизги максаты, дин педагогикасынын маани-маңызы жөнүндө керектүү маалыматтарды берүү жана көндүмдөрдү жеткирүү менен маданий баалуулуктарды калыптандырууда өз салымын кошуу болуп эсептелет. Дин педагогикасы менен педагогика илимдери жана дин илимдеринин ортосундагы байланышты ачып берүү; Дин педагогикасынын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дисциплиналар арасы өз алдынча илим экенин окуп үйрөтүү; Диний билим берүү менен светтик мектептердеги дин маданиятынын тарыхы сабагын окутуунун өзгөчөлүктөрүн айтып берүү; Адеп-ахлак тарбиясында диндин орду жана ролу; Жалпы билим берүүдө дин сабагынын маани-маңызы жөнүндө; Диндин адеп-ахлактык жана тарбиялык орду жана ролу жөнүндө маалыматка ээ кылуу болуп саналат

2.НББПдагы орду:D.1.2.8 ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет Дин педагогикасы 4 кредит. 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутунуунун усулу маселеге байланыштуу ар бир сөз жана сөз айкашына токтолот. Дин педагогикасы илиминин калыптануу жараяны жана кеч калуусунун себептери талкууланат. Дин педагогика илиминин башка илимдердин арасындагы орду жөнүндө көз караштар айтылып, студенттин өз алдынча эркин түшүнүккө ээ болуусу үчүн бул жаатта керектүү мисалдар берилет. Дин педагогикасы илиминин объектиси, максат жана милдеттери каралат. Дин педагогикасын (дин таануу предметтерин) берүүнүн негиздери жөнүндө кеңири талкуу болот. Программа иштеп чыгуу жараянында керектүү максаттардын белгиленишинде таасир берген факторлор баяндалат. Дин таануу предметтерин окутуунун программалары Кыргызстандын шарттары эске алынып берилет.

4.Күтүлүүчү натыйжалар:ОН-3: КК1+КК2+ КК3+ КК4 ОН-5: КК8+ КК9+КК10

Дин социологиясы

1. Дин социологиясы предметин өздөштүрүүнүн максаты:Болочок теолог адистерине социологиялык теориялардын негизинде дин социологиясынын предметин, изилдөө метод жана принциптерин үйрөтүү менен диндин түзүлүшү жана дин менен коомдун байланыш таасирин талдоо жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу. Коомдогу диний окуяларга анализ жүргүзүү жана изилдөө ыкмаларын билет жана түшүнөт; Диний коомдук түзүмдөргө, процесстерге, институттарга социологиялык анализ жасай алат; Азыркы диний социалдык турмуштун татаалдыгын түшүнүү жана ага толеранттуу баа берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болот;

2. НББПдагы орду: Базалык бөлүкө кирет. Коду: D.1.1.20 Дин социологиясы 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Дин социологиясынын предмети. Социологияны жана дин социологиясын окуунун/билүүнүн пайдалары/артыкчылыктары; Социологиялык изилдөөнүн ыкмалары; Дин социологиясынын тарыхы; Динге социологиялык сереп; Дин жана коомдук институттар; Диний топтор; Диний жамааттардын өз ара мамилелери; Социалдашуу жана дин. Коомдук түзүлүш. Коомдук катмарларга бөлүнүү. Коомдук статус жана рол; Социалдык өзгөрүү жана дин; Модерндешүү, секулярдашуу жана дин. Модернизм ;Ааламдашуу жана дин; Кыргызстанда мамлекет жана дин. Баш мыйзамда дин тутуу эркиндиги. КРда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Мыйзамы. Диний чөйрөдө мамлекеттик саясат Концепциясы; Кыргызстандагы диний уюм жана кыймылдар. Коомдук кыймылдар. Кыргызстанда исламий кыймылдар. Христиан багытындагы кыймылдар. Башка диний кыймылдар жана алардын иш-аракеттери.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:ОН-1: СИЖМК1+ЖК1 ОН-2: ИК1+ИК2+ИК3 ОН-6: КК11+КК12+КК13+КК14

Илимий изилдоо усулдары

1. Илимий изилдоо усулдары дисциплинанын максаты: студенттерге өз алдынча илимий изилдөө ишин жүргүзүү жана илимий иштерди жазууга даярдыгын жогорулатуу. Өзүнүн адистигине байланыштуу илимий изилдөө ишин жүргүзүп, илимий ишин жазууну аткара алган жөндөмдү калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: Тандоо сабагы коду: D.1.3.25 Илимий изилдөө усулдары,.

3. Кыскача мазмуну: Илимий изилдөө темасын тандоо ; Илимий изилдөө иши жөнүндө жалпы түшүнүк алуу; Илимдин гипотезасы жана теориясы жөнүндө жалпы түшүнүк алуу; изилдөөнүн этикасы; Адабияттарга сереп салуу, изилдөөнүн теориялык пайдубалын түзүү; Илимий ишти жазуунун технологиясы жөнүндө жалпы түшүнүк алуу; Талаа изилдөөсүнүн технологиясы жөнүндө маалымат алуу. Бакалавр академиялык даражасында гуманитардык жана педагогикалык багытта окуган студенттерге «Илимий изилдөө усулддары» предмети аркылуу илим изилдөө ишин жүргүзүү тууралуу эң керектүү болгон алгачкы маалыматтар жана технологиялары жөнүндө билимди калыптандыруу. Илимий текс жазуу, цитата жана редакциялоону үйрөтүү, антиплагияттын алдын алуу. Акырында илимий изилдөө жүргүзүп илимий отчетун жазууну калыптандыруу.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-3, ОН-5, КК-3, КК-7, КК-8, КК-9

Конфессионалдык укук

1. Конфессионалдык укук предметин өздөштүрүүнүн максаты: ислам дининин укуктук системасы жана шарияттынын айрым нормаларын так үйрөнүү, ошондой эле учурдагы айрым конфессионалдык укукка байланыштуу маселелердин фатвалары жөнүндө маалыматка ээ болуу жана аны башкаларга жеткирүү болуп саналат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.11), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам дининин укуктук системасына байланыштуу даарат, намаз, орозо, зекет, ажылык, нике жана талак маселелерин классикалык адабияттардан окуп үйрөнүү, ошондой эле учурдагы укуктук мамилелерден болгон турак-жай кооперативдери, тармактык маркетинг, ислам банкчылыгы, эстетикалык операциялар, аял жана эркектин үй-бүлөдөгү орду, пластикалык хирургия, маркумду акыркы сапарга узатууга байланыштуу маселелер.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-12 (ОН-5).

Салыштырмалуу диндер тарыхы аннотация

1.Салыштырмалуу диндер предметин өздөштүрүүнүн максаты: Диндер тарыхында окутулган диндердин негиздерин салыштыруу аркылуу алардын окшоштук жана айырмачылыктарын анализдөө.

2.НКББПдагы орду:ПЦ базалык бөлүккө кирет (ЖК), 4 кредит, 120 саат.

3.Кыскача мазмуну:Диндер тарыхы предметинде окутулган диндердин ишеним негиздерин, кудай, китеп, пайгамбар, орозо, ибадат, кыбыла, ибадаткана, дин кызматкерлери, өлүм ж.б. тууралуу түшүнүктөрү салыштырылат.

4.Күтүлүүчү натыйжалар:ОН-5:КК-12.

Кыргыз маданиятында ислам дининин орду

1. Кыргыз маданиятында ислам дининин орду предметинин өздөштүрүүнүң максаты: Дисциплинанын эң негизги максаты, кыргыздардын ислам түшүнүгүнүн калыптануусу, ислам дининин кыргыз маданиятына, элдик ооз эки адабиятына жана дүйнө таанымына тийгизген таасирлерин үйрөтүү, теология багытында өз алдынча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө даярдоо болуп саналат.

2. НБППдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.18), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Кыргыз маданиятында ислам дини предметинде кыргыздар жөнүндө көөнө булактардагы маалыматтар, мусулмандашуу жараяны, тарыхта үгүт иштерин жүргүзгөн диний жамааттар, кыргыздардын ислам түшүнүгүнүн калыптануусундагы диний, маданий, саясий, экономикалык ж.б. факторлор ар тараптуу анализденет. Ошондой эле макал-лакаптар, эпостор, акындардын ырларындагы ислам дининин таасирлери терең окутулат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-5+КК-7 (ОН-4)

Классикалык тексттер

1. Классикалык тексттер предметин өздөштүрүүнүн максаты: ислам дининин негизги булактары жөнүндө маалыматка ээ болуп, хадис жана акыйда/калам тармагындагы классикалык тексттерди окуу, которуу жана талкуулоо.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.18), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам дининин теологиялык системасына байланыштуу булактар жөнүндө жалпы маалымат, акыйда/калам жаатында араб тилиндеги классикалык тексттер, хадис таануу тармагына байланыштуу булактар жөнүндө жалпы маалымат жана хадис таануу жаатында араб тилиндеги классикалык тексттер.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-12 (ОН-5).

Тарыхтан учурга хадис проблемалары

1. Тарыхтан учурга хадис проблемалары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам маданиятынын калыптанышында түрдүү түшүнүктөрдүн ордун аныктоодо сүннөт жана хадистердин ордун жана маанилүүлүгүн белгилөө менен, хадистерди түшүнүүдө жаралган айрым проблемаларды туура аныктап, жаралган маселелерди туура чечмелей билүү болуп эсептелет.

2. НББПдагы орду: ТК циклындагы тандоо бөлүккө кирет (D.1.3.8), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам, маданият, аят, хадис, тафсир, таъаил, фикх, назар, хифз, забт, истинбат, истихраж, фахм, ваъй, баян, табйин жана бул сөздөрдүн диний түшүнүктөрдүн калыптанышындагы орду. Аят, хадис жана сүннөттү түшүнүү аракеттери жана бул маселелерге байланыштуу илимдер. Түшүнүүнүн усулдары, усулу фикх жана хадистердин түшүнүлүшү. Диний тексттердин тили, кыймыл-аракеттердин тили. Байламталар.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-2 (ОН-3), КК-3 (ОН-3), КК-4 (ОН-3).

Теологиянын учурдагы проблемалары

1.Теологиянын учурдагы проблемалары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, ишеним маселелерине байланыштуу айрым проблемаларды студенттерге тааныштыруу, проблемалардын пайда болуу себептерине саресеп салуу жана аларды чечүүнүн кандай жолдорунун бар экенин изилдөө болуп эсептелет.

2. НББПдагы орду: ТК циклындагы тандоо бөлүккө кирет (D.1.3.21). 4 кредит, 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ишеним проблемаларынын себептери. Ыйман жана ыймансыздык маселеси. Детерминисттик тагдыр түшүнүктөрү. Реинкарнацияны кабылдаган диндер. Ислам маданиятында реинкарнацияны жактаган диний топтор. Сатанисттик тааным жана ритуалдар. Мусулмандардын жин, шайтан түшүнүктөрү. Көзү ачыктык. Глобалдашуу жана дин. Табигый тең салмактуулуктун бузулушу. Мусулман аалымдардын табигый кырсыктар жөнүндө көз караштары. Диний адабияттарда рухтун мааниси. Рухтардын зыяраттары. Рух чакыруу.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-2 (ОН-3), КК-3 (ОН-3), КК-4 (ОН-3).

Ислам маданиятынын калыптанышында диний түшүнүктөрдүн орду

1. Ислам маданиятынын калыптанышында диний түшүнүктөрдүн орду предметин өздөштүрүүнүн максаты : Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, ислам маданиятынын калыптанышындагы түрдүү түшүнүктөрдүн ордун белгилөө, дин менен түшүнүктөрдүн бир эместигин ачыктоо жана студенттерди туура маалыматтар менен камсыздоо болуп эсептелет.

2. НББПдагы орду: ТК циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.3.22). 4 кредит, 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам, маданият, аят, хадис, сүннөт жана бул сөздөрдүн диний түшүнүктөрдүн калыптанышындагы орду. Аят, хадис жана сүннөттү түшүнүү аракеттери жана бул маселелерге байланыштуу илимдер. Түшүнүүнүн усулдары, усулу фикх жана хадистердин түшүнүлүшү. Диний тексттердин тили, кыймыл-аракеттердин тили. Байламталар.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-2 (ОН-3), КК-3 (ОН-3), КК-4 (ОН-3).

Исламда илим, технология жана илимий изилдөөлөр

1. Исламда илим, технология жана илимий изилдөөлөр предметин өздөштүрүүнүн максаты : Мусулман коомунун тарыхын жана жетишкендиктерин туура жана так талдоо болуп эсептелет. Анткени, бул жөнүндө кеңири маалыматка ээ болуу, ар бир студентке туура багыт бермекчи. Бул негизге ылайык, алгач ислам дининин илим жана билим алууга берген мааниси жөнүндү маалымат берилет. Ошол эле учурда дүйнө цивилизациясына салым кошкон негизги каармандар жана алардын илимдердеги ачылыштары жөнүндө сөз козголот.

2. НББПдагы орду: ТК циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.3.27). 4 кредит, 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Исламда илим жана технологиянын орду, баалуулугу, алгачкы билим берүүчү мекемлелер жана алардын өзгөчөлүктөрү, ислам маданиятында калыптанган илимдер: математика, астрономия, химия, физика, агрономия, ветеринария, ботаника, зоология, медицина, геология жана метеорология илимдери. Илимде калыптанган агымдар жана көрүнүктүү мусулман аалымдар. Илим изилдөө усуллдарынын жалпы өзгөчөлүктөрү.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-1 (ОН-3), КК-2 (ОН-3), КК-3 (ОН-3), КК-4 (ОН-3).

Диний терминдер

1. Диний терминдер предметин өздөштүрүүнүн максаты.Диний илимдерди үйрөнүүдө диний терминдерди туура жана так үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Анткени, дин туура үйрөнүлбөгөн учурда анын ордун туура эмес түшүнүктөр толукташы мүмкүн. Ошондуктан бул предметтин максаты диний терминдердин этимологиясын, диндеги ордун, өкүмүн жана өзгөчөлүгүн негизги булактарга таянып туура маалымат берүү.

2. НБППдагы орду: ПЦ тандоо курстары бөлүккө кирет (D.1.3.4), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Диний терминдер предметине киришүү. Теология жөнүндө жалпы түшүнүк. «Аллах» сөзүнүн этимологиясы. Фатрат сөзүнүн этимологиясы. Ибадат сөзүнүн анализи. Дуба сөзүнүн анализи. Дават сөзүнүн анализи. Жихад сөзүнүн анализи. Махди жана масих сөздөрүнүн этимологиясы. Хижаб сөзүнүн анализи. Халифат сөзүнүн анализи. Мурабаха сөзүнүн анализи. Мавлид сөзүнүн анализи. Рух сөзүнүн анализи.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-2, КК-3 (ОН-3), КК-13 (ОН-5).

Хадис

1. Хадис предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам дининде Курандан кийинки булак Мухаммед пайгамбардын ыйык осуяттары (хадистери) болуп эсептелет. Ушул себептүү хадистерди туура жана так түшүнүү абзел. Хадис предметинде; бул илимдин тарыхы, өнүгүү этаптары, терминдери, белгилүү хадис аалымдарынын өмүр таржымалдары жана хадис жыйнактары окутулат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.1.16), 4 кредит – 120 саат.

3. Мазмуну: Пайгамбардын милдеттери. Таблиг, табйин жана тазкия. Хадис илиминин негизги терминдери: хадис жана сүннөт, Хадис илиминин негизги терминдери: асар, хабар, рави, риваят Хадис илиминин негизги терминдери: санад, матн, тарик, табака жана важих. Хадис риваят кылуунун себептери Хадис илиминде сахабалардын хадис үйрөнүү методдору, равилердин адл жана забт өзгөчөлүктөрү, сика, заиф жана матрук равилер, равилердин кемчиликтери, хадис риваят кылуунун эрежелери, лафзан жана манан риваят, хадис аалымдары жана эмгектери.

Күтүлүүчү натыйжа: ИК-2, ИК-3, (ОН-2); КК-1, КК-2, КК-4 (ОН-3); КК-5, КК-9 (ОН-5)

Куран жана хадистердин негизинде Азирети Пайгамбардын өзгөчөлүктөрү

1.Куран жана хадистердин негизинде Азирети Пайгамбардын өзгөчөлүктөрү предметин өздөштүрүүнүн максаты: Пайгамбарлык маселеси Ислам илимдеринде өзүнчө терең изилденген темалардын бири болуп саналат. Анткени бул тема Ислам дининин түрдүү аймактарга жайылышы, ички жана тышкы факторлордун таасири ошондой эле ишенимге, амалга жана адеп-ахлакка байланышкан суроолордун жана кызыгуулардын пайда болуусу менен көптөгөн изилдөөлөрдүн предмети боло баштаган. Пайгамбарлык чынжырчасы, Аз. Адамдан башталып, Аз. Мухаммед (с.а.в.) менен аяктаган. Бул экөөнүн ортосунда жүз миңдеген санды билдирген бирок так санын бир гана Алла гана билген көптөгөн пайгамбарлар жиберилген. Пайгамбарлар жиберилген коомдору жана алып келген шарияттары жагынан бири-бири менен айырмаланып турса да, тактап айтканда ар кайсыл доорлордо ар кандай шарттарда келсе да аларды катардагы адамдардан айырмалап турган бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Ошондой эле акыркы пайгамбар Аз. Мухаммед (с.а.в)дын да өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Бул предметте Аз. Мухаммедди башка пайгамбарлардан айырмалап турган өзгөчөлүктөрү Куран жана сүннөттүн негизинде окутулат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы ТК бөлүккө кирет (D.1.3.11), 2 кредит – 60 саат.

3.Кыскача мазмуну:Изилдөөгө байланыштуу негизги терминдер, Пайгамбарлардын жалпы өзгөчөлүктөрү, Пайгамбарлардын милдеттери, Пайгамбарлардын мужизалары, Куран жана хадистердин негизинде Азирети Мухаммеддин өзгөчөлүктөрү: Эң акыркы пайгамбар болушу, Азирети Мухаммеддин мужизалары, ң жогорку адеп-ахлак ээси болушу, Шариятынын кыяматка чейин уланышы жана мурдагы бардык шарияттарды насх кылышы, багка пайгамбарлардан жогорку даражада болуу маселеси жб.

4.Күтүлүүчү натыйжа:ОН-3; КК-1, КК-2.

Таблиг Жамааты жана хадис-сүннөт түшүнүгү

1.Предметин өздөштүрүүнүн максаты:Учурда Кыргызстанда эң актуалду жана кеңири жайылган жамааттардын бири бул Таблиг Жамааты. Бул жамаат калкыбыздын жалпы мааниде Ислам жеке мааниде хадис сүннөт түшүнүгүнүн калытануусунда өтө таасирдүү. Бул предметте аталган жамааттын пайда болушунан учурга чейинки тарыхы, Орто Азияга кириши жана Ислам жана хадис сүннөт түшүнүгү окутулуп, Таблиг Жамааттын диний, саясий жана коомдук жактан тийгизген оң жана терс таасирлери анализделет.

2. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы ТК бөлүккө кирет (D.1.3.9), 4 кредит – 120 саат.

3.Кыскача мазмуну:Таблиг Жамаатына байланыштуу терминдер, Таблиг Жамаатынын пайда болуу, өнүгүү жана дүйнөгө жайылуу этаптары, куруучу лидерлери, Таблиг Жамаатынын шарттары, даават методдору, китептери, материалдык абалы, Таблиг Жамаатына карата айтылган сын пикирлер, Таблиг Жамаатынын жалпы диний түшүнүктөрү, Алла, Пайгамбар, Тобокелчилик, Олуялык, Рабыта, Таблиг Жамаатынын хадис-сүннөт түшүнүгү жана коомдук таасири.

4.Күтүлүүчү натыйжа:ОН-3; КК-1, КК-2.

Ханафий мазхабынын хадис-сүннөт түшүнүгү

1. Предметин өздөштүрүүнүн максаты:УчурдаКыргызстанда дин саясатында салттуу Исламга тактап айтканда Ханафийлик жана Матурудийликке өтө чоң маани берилип келүүдө. Бул предметти окутуунун негизги максаты кылымдар бою ата-бабаларыбыз карманып келген жана учурда дагы тутунган мазхабыбыз болгон Ханафий мазхабынын хадис сүннөттү кабыл алуу, өкүм чыгаруу жана амал кылуудагы колдонгон методдорун окутуп үйрөтүү болуп саналат.

2. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы ТК бөлүккө кирет (D.1.3.9), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ханафий мазхабынын келип чыгышы, куруучу аалымдары, китептери, ханафий мазхабынын жайылышы, хадис-сүннөткө берген аныктамалары, хадис-сүннөткө байланыштуу колдонгон терминдери, хадистерди кабыл алуудагы шарттары, хадис-сүннөттү колдонуу методикасы.

4.Күтүлүүчү натыйжа:ОН-3; КК-1, КК-2.

Диндер тарыхы

1. Диндер тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Диндер адамдардын жүрүм-турумуна, жашоо шартына жана башка адамдар менен болгон мамилесине түздөн-түз таасир этет. Адамдар менен болгон мамилени түз алып кетүү үчүн алардын дийин түшүнүктөрүнүн чектерин билүү талап кылынат. Ааламдашуу доорунда дүйнөдөгү адамдар бири-бири менен тыгыз байланыш түзүүгө умтулушууда. Дүйнөлүк аренага чыгууну каалагандар дүйнөдөгү диндерди таанып-билүү менен ийгиликке жетүүнүн жолдорун кеңейтишет. Диндер тарыхы дисциплинасы дүйнөдөгү диндердин тарыхын, китептерин, ыйыктарын, жөрөлгөлөрүн, башка диндерге болгон көз караштарын калыс түрдө окутат.

2.НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.10), 4 кредит – 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Диндер тууралуу теориялар, индуизм, буддизм, жайнизм, зороастризм, даосизм, конфуциянизм, синтоизм, иудаизм, мандеизм, христианчылык, манихеизм, сихизм, аталган диндердин тарыхы, китеп, ишеним, ибадат жана агымдары.

4. Күтүлүүчү натыйжа: ОН-4: КК-9.

Ислам агымдары тарыхы

1.Ислам агымдары тарыхыпредметин өздөштүрүүнүн максаты : Алгачкы доордогу жана азыркы күндөгү диний-саясий ислам агымдарын качан, ким тарабынан, кайда пайда болгондугу, кайсы аймактарда жайылгандыгы жана пайда болуу себептерин илимий жана методикалык негизде үйрөтүү. Мындан сырткары түрдүү ислам агымдарына объективдүү илимий негизде эксперттик анализ жасоону камсыздоо болуп саналат.

2. НБППдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.11), 4 кредит – 120 саат

3. Кыскача мазмуну: Ислам агымдары тарыхынын темасы, максаты, методу, негизги терминдери жана булактары. Ислам мазхабдарынын пайда болуу себептери жана факторлору. Алгачкы ислам мазхабтары: Харижи, Муржия, Мутазыла, Шиа, Зайдия, Исмаилия, Имамия, Хадис тарапкерлери, Ашарилик, Матуридилик, Вахабилик, Дурзилик, Нусайрилик, Язидилик,

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-6, ОН-3/ КК-2, КК-11, КК-13.

Соңку ислам агымдары тарыхы

1. Соңку ислам агымдары тарыхыпредметин өздөштүрүүнүн максаты: Соңку 19-кылымдан баштап пайда болгон диний-саясий ислам агымдары качан, ким тарабынан, кайда пайда болгондугу, кайсы аймактарда жайылгандыгы жана пайда болуу себептерин илимий жана методикалык негизде үйрөтүү. Мындан сырткары түрдүү ислам агымдарына объективдүү илимий негизде эксперттик анализ жасоону камсыздоо болуп саналат.

2. НБППдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ГК), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Соңку ислам агымдары тарыхынын темасы, максаты, методу, негизги терминдери жана булактары. Соңку ислам агымдарынын пайда болуу себептери жана факторлору. Жаңы саясий диний топтор, Ихваны муслимин, жамааты ислам, хизбуттахририл-исламий, Талибан, ал-Каида, ИМ тобу, ансаруллах, хизбуллах, нуржулар, таблиг жамааты, баралвий жамааты, сулайманжылар, салттуу ислам түшүнүгү, жадидчилик.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-5, ОН-3/КК-2, КК-11, КК-13

КРнын дин чөйрөсүндөгү саясаты жана диндер ортосундагы толеранттуулук

1. КРнын дин чөйрөсүндөгү саясаты жана диндер ортосундагы толеранттуулук предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын эң негизги максаты, айтканы аткарганына төп келген иш-билги жана заманбап адистерди жетиштирүүдө аз да болсо өз салымын кошуу болуп эсептелет. Тарыхка көз чаптыра турган болсок, эч качан динсиз коом болбогонуна жана ар бир динде укуктардын жыйнагы бар экендигине ынанабыз. Көпчүлүк учурда хаос жана анархияга бөгөт койгон дин, кылымдардан бери өз милдетин аткарып келет. Канчалык деңгээлде кээде туура эмес жана такталбаган маалыматтар коомдун бүйүрүн кызытса да, дин адамзатка жана коомго өз пайдасын тийгизип келе бермекчи. Ал эми ар бир укуктук мамлекетте дин тутуу мыйзам чегинде жүзөгө ашырылат. Мыйзам жана дин ар дайым бирин бири толуктоочу катары каралып келет.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.13), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Дин жана адам укугу: ишеним жана дин тутуу эркиндиги. Ишеним эркиндигинин конституциялык-укуктук негиздери, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын ишмердүүлүгү. Ишеним эркиндигинин конституциялык гарантиясы. Мамлекет жана диний уюмдар. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө дин жана мамлекет байланыштары: өтмүш жана учур. Чет өлкөлөрдүн дин жөнүндө мыйзамдары. Кыргызстанда диний бирикмелер: диний бирикмелер жөнүндө түшүнүк, диний бирикмелердин формалары (диний группа жана диний уюм). Диний уюмду түзүү жана аны мамлекеттик каттодон өткөрүү. Диний уюмдардын укуктары жана шарттары. Диний билим берүү саясаты. КРдагы диндер ортосундагы толеранттуулукту орнотуу жана байланыштарды түзүү тууралуу мамлекеттик органдар менен коомдук-диний уюмдардын өз ара аракеттенүүлөрү.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ИК-3 (ОН-2) КК-11+КК-12+КК-13+КК-14 (ОН-5)

Араб тили

1. Араб тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Араб тилинин грамматикасын үйрөтүү менен бирге, тафсир, хадис, фикх (мусулман укугу) сыяктуу предметтерди өздөштүрүүлөрү үчүн студенттерге практикалык негизде араб тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.4), 12 кредит – 360 саат.

3. Кыскача мазмуну: Араб тилинин грамматикасы, мааниси жагынан текст үстүндө иштөө жана ирабы (жөндөмөсү). Араб тилинде сүйлөө, сүйлөм түзүү, суроо түзүү, суроого жооп берүү, жазуу, сыпаттар, сандар, саноо, этиштер, бардык темаларга байланыштуу практикалык тексттер.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:ИК-1+ИК-2+ИК-3 (ОН-2) КК-2 (ОН-3)

Ислам укук усулу

1. Исламукук усулу предметин өздөштүрүүнүн максаты: Диний булактарда көрсөтүлгөн өкүмдөрдү, далилдердин баалуулуктарын жана предметтин методологиясын үйрөтүү; Фикхий мазхабдардын көз караш, пикирлерине жана методологиясын талдоо; Ханафий мазхабынын фикхий методикасын жана өкүмдөрүн үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.14), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам укугунун методикасы жана системасы. Ислам юриспруденциясы тарыхый өнүгүү процесси. Ислам юриспруденциясы ижтихад: китеп, сүннөт, ижма, кыяс. Ислам юриспруденциясы өкүмдөр; харам, адал, макрух, мубах, мандуп, мустахаб. Ислам юриспруденциясы үй-бүлө; нике жана шарттары, махир (аялга берилүүчү материалдык акы), адам укугу, аялдардын укугу, аял-эркектин теңдиги, ажырашуунун шарттары. Муамалат (инсандардын социалдык-экономикалык карым-катнаштары).

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ИК-1 (ОН-2) КК-1; КК-2 (ОН-3) КК-7 (ОН-4) КК-13 (ОН-5)

Фикхтын классикалык тексттери

1.Классикалык фикх тексттери предметин өздөштүрүүнүн максаты: Классикалык ислам укугуна байланыштуу маселелерди туура окуп үйрөнүү, анализдөө жана учурдун талаптарына ылайык фикх өкүмдөрүн талдоо.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.2.17), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Классикалык фикх тексттери предметинин маанилүүлүгү. Фикх илиминин тармактары: ибадаттар, келишимдер жана жаза укугу. Тазалык китеби. Суулардын түрлөрү. Даарат жана дааратка байланыштуу маселелер. Гусул. Таяммум. Намаз китеби. Намаздын парздары, важиптери жана сүннөттөрү. Намазды бузуучу абалдар. Жамаат менен намаз окууга жана имамчылыкка байланыштуу маселелер. Орозо китеби. Зекет китеби. Никенин шарттарын. Никенин өкүмдөрү. Никеде аял жана эркектин укук жана милдеттери. Никеге тоскоолдук жараткан жагдайлар. Никеде махр маселеси жана башка шул сыяктуу маселелерге аят жана хадистердин негизинде классикалык фикх тексттеринен тандалган бөлүмдөр окутулат

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-5: КК11+КК12+КК13+КК14

Ислам каржылоо принциптери предмети

1.Ислам каржылоо принциптери предмети нин максаты: Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, каржылоо принциптерин туура жана так үйрөтүү болуп эсептелет. Себеби бул дин тармагындагы болочок адистердин керегине жараган жана ошондой эле учурдун талабы. Бул негизге ылайык бул предмет катары негизги жана зарыл болгон жактары комплестүү түрдө жеткирип берүү эң негизги максат.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.3.26), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Каржылоону, аны таанып-билүүнүн методологиясын үйрөнүү;

· Бул багытта анын негизги булактарын таануу;

· Аяттарды чечмелөөдө объективтүү көз-карашты кармануу;

· Шарият өкүмдөрүн чечмелөөдө аалымдардын көз караштарын, риваяттарды туура салыштырып, окшоштук жана айырмачылыктарын ажырата билүү;

· Аятты чечмелөөдө зарыл болгон илимий каражаттарды өздөштүрүүнү, алардын жолдорун үйрөнүү;

· Аяттарды билүү аркылуу Исламдын чыныгы маңызын, анын жашоодогу ордун талдоо;

· Каржылоо принциетерин аңдоодо, араб тили, куран илимдери, Ислам тарыхы, фикх багыты менен түшүнүү проблемаларын чечүүдө бирдикте иш алып баруунун негиздерин изилдөө болуп саналат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-4: КК6+КК7+ КК8+ КК9

Тафсир

1. Тафсир предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, тафсир илимин туура жана так үйрөтүү болуп эсептелет. Анткени бул, дин тармагындагы болочок адистердин керегине жараган учурдун талабы. Курандын туура аңдап түшүнүү аркылуу андагы баалууктар менен элдин рухий дүйнөсүн байытуу максаты бар. Илимий изилдөө, диний маселелерди чечүү жана эксперттик ишмердүүккө даяр адистерди камсыздоого салым кошуу.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.7), 4 кредит – 120 саат.

3. Дисциплина төмөндөгү мазмунду ичине камтыйт:

-Тафсир кылуунун, аны таанып-билүүнүн методологиясын үйрөнүү;

-Бул багытта анын негизги булактарын таануу;

-Аяттарды чечмелөөдө объективтүү көз-карашты кармануу;

-Аяттарды чечмелөөдө тафсирчилердин көз караштарын, риваяттарды туура салыштырып, окшоштук жана айырмачылыктарын ажырата билүү;

-Аятты чечмелөөдө зарыл болгон илимий техникалык каражаттарды өздөштүрүүнү, алардын жолдорун үйрөнүү;

-Аяттарды билүү аркылуу Исламдын чыныгы маңызын, анын жашоодогу ордун талдоо;

-Аяттарды чечмелеп аңдоодо, араб тили, куран илимдери, ислам тарыхы, ислам ишенимдери, фикх багыты менен түшүнүү проблемаларын чечүүдө бирдикте иш алып баруунун негиздерин изилдөө болуп саналат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-2: ИК1+ИК2, ОН-3: КК1+КК2

Салыштырмалуу диндер тарыхы

1. Салыштырмалуу диндертарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Диндер тарыхы предметин өздөштүргөн студент салыштырмалуу диндер тарыхы предметин окууга даяр болуп эсептелет. Диндер тарыхы предметинен айырмаланып салыштырмалуу диндер тарыхы предмети жалпы диний баалуулуктарга токтолот жана аларды салыштыруу менен орток натыйжа чыгарууну үйрөтөт.

2.НКББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.2.13), 4 кредит – 120 саат.

3.Кыскача мазмуну:Диндердин өзгөчөлүктөрү, диндердин аталыштары, диндердин негиздөөчүлөрү, диндердин ишенимдери, диндердин китептери, диндердеги кыбылалар, диндердеги ибадаттар, диндердеги ибадатканалар, диндердеги орозолор, диндердеги курмандыктар, диндердин кудайлары, диндердеги кечилдер, диндерде жаназа иштери.

4.Күтүлүүчү натыйжалар:ОН-5: КК-12.

Радикализмдин тарыхый жана теологиялык негиздери

1. Радикализмдин тарыхый-теологиялык анализи:Дисциплинаны өздөштүрүүнүн максаты, радикализм жана ага байланыштуу болгон фундаментализм, экстремизм, терроризм ж.б. түшүнүктөрдү тарыхый жана теологиялык жактан анализдеп үйрөнүү болуп саналат.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.14), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Учурда коомдогу эң көйгөйлүү маселелердин бири – радикализм экени талашсыз. Бул предметте диний, светтик ж.б. радикализмдин түрлөрү, алардын пайда болуу себептери мисалдардын негизинде окутулат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:КК-2 (ОН-3) КК-11 (ОН-5)

Кыргыз маданиятында ислам дининин таасирлери

Максаты:Дисциплинанын эң негизги максаты, кыргыздардын ислам түшүнүгүнүн калыптануусу, ислам дининин кыргыз маданиятына, элдик ооз эки адабиятына жана дүйнө таанымына тийгизген таасирлерин үйрөтүү, теология багытында өз алдынча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө даярдоо болуп саналат.

НБППдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.18), 4 кредит – 120 саат.

Мазмуну: Кыргыз маданиятында ислам дини предметинде кыргыздар жөнүндө көөнө булактардагы маалыматтар, мусулмандашуу жараяны, тарыхта үгүт иштерин жүргүзгөн диний жамааттар, кыргыздардын ислам түшүнүгүнүн калыптануусундагы диний, маданий, саясий, экономикалык ж.б. факторлор ар тараптуу анализденет. Ошондой эле макал-лакаптар, эпостор, акындардын ырларындагы ислам дининин таасирлери терең окутулат.

Күтүлүүчү натыйжалар: КК-5+КК-7 (ОН-4)

Информациялык технологиялар

1. Информациялык технологиялар предметин өздөштүрүүнүн максаты: Информациялык технологиялар предметинде кесипке байланыштуу маалыматтык технологияларды пайдаланууну жана алардын жардамы менен кесиптик маселелерди чечүүнү үйрөтүү.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.1), 2 кредит – 60 саат.

3. Кыскача мазмуну:Интернет түйүнүү, социалдык түйүндөр, компьютердик атайын программалар кесиптикке байланыштуу. Ал программалардын өзгөчөлүгү жана кантип маалыматтарды же китептерди табуу технологиясы. Илимий изилдөөдө маалыматтык технологиялардын программаларын пайдаланууну үйрөтөт.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:КК-1+КК-2+КК-3+КК-4 (ОН-3)

Профессионалдык ишмердүүлүк

1. Профессионалдык ишмердүүлүк предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ишмердүүлүк жалпысынан теориялык жана практикалык болуп бөлүнөт. Анын биринчи түрү социалдык-саясий өнүгүүнүн концепциясын иштеп чыгуу, ушул уруу түшүнүккө түр түшүнүк катарында теологиялык билимдердин негизги аныктамаларын өз-ара салыштыруу, аналидөө, синтездөө, аркылуу жалпылоо көздөлөт.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.2), 2 кредит – 60 саат.

3. Кыскача мазмуну:Исламда адам укуктарынын баалуулугу жана ар кандай диний ишенимдерге сый урмат менен мамиле жасоо маселеси. Негизги диний жана дин жөнүндө

маалыматтар: ишенимдик, амалдык жана адеп-ахлактык баалуулуктар. Пайгамбардын негизги коомдук жана индивидуалдык функциялары. Анын ислам тарыхындагы орду. Пайгамбардын өрнөк адеп-ахлагы. Ыйман, мамиле жана адеп-ахлактын өз ара байланышы. Маслахату хамсанын жалпы инсан мамилелериндеги орду жана маанилүүлүгү.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:КК-5 (ОН-4), КК-7 (ОН-4), КК-14 (ОН-5).

Дин философиясы

1. Дин философия предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дин категориянын колго алынуусундагы проблемалар анын ичинен диндердин көп түрдүүлүгү. Дин жөнүндөгү аныктамалардын ар башка болуусу. Философия илиминин дин жөнүндөгү аныктамалардагы айырмачылыктар. Философиялык экольдордогу ар түрдүү методологиялык анализдердин маселелери материалистик, агностикалык, нигилистик, теистик, атеистик, деистик, агноцизмдик, пантеистик аныктамалар.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.2.15), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: а) Метафизикалык жана космологиялык проблемалар.

Жараткандын бар болуусу жана бул теманын пайдасы жана зыйаны жактарындагы логикалык далилдер, ааламдын жаратылышы,инсандын ааламдагы орду жана мааниси,вахийдин мүмкүнчүлүктөрү,өлүмдөн кийинки жашоо жана рухтун өлүмсүздүгү.

б) Эпистомологиялык проблемалар: Аалам менен байланыштуу билимдердин натыйжасында жараткандын билинүүсүнүн эпистомологиялык мааниси. Бир билим булагы болгон вахий жана диний тажрийба. Ишенүү,билүү,күмөн саноо, окшоштуруу, салыштыруу жана ушул сыяктуу терминдердин эпистомологиялык анализи жана сынга алынышы. Алгачкы диний өкүмдөрдүн туура деп эсептелүүсү же болбосо туура эмес деп эсептелүүсү.

в) Диний өкүмдөрдүн тил жана логикалык жактан сындалуусу жана анализделүүсү диндин тилин логикалык статусунун белгиленүүсү.

г) Диндин ахлак искуство жана илим менен байланышы. Бардык тажрыйбалардын органикалык бир бүтүндүкө жетиштирилүүсү жана динди жаңыча түшүнүү системаларына байланышкан иш аракеттер.

д) Диний символдордун түшүнүгү жана мааниси: Бул маселелер жөнүндө кеңири маалымат берүү үчүн аларды жалаң эле практикалык бир тараптуу изилдөө туура эмес. Бирок чындыгында ар бир түшүнүктүн, колдонулуусуну жараша түрдүүчө маңыз мериши мүмкүн. Мисалы: Вахий темасы, бир жагынан алып карасак метофизикалык, дагы бир жагынан алып караганда эпистомологиялык бир маселе болуп саналат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-3: КК1+КК2+ КК3+ КК4

Ислам философиясы

1.Ислам этикасы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам философия предмети өз алдынча илим болуп аткарган функция перспективалары. Темасын методдорун анализдөө жана коомдун өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымдары жөнүндө. Адам баласын кушаткан айлана чөйрө аны түзгөн жаратылыштык заттар кубулуштар аалам, дүйнө галактикалар жана метакагалактикалар ошондой эле мульти ааламдардын системаларга аалам дейбиз. Жаратылыш жана аалам, чындык заттарды түзөт да ал эми адам баалсы аны окуп өздөштүрөт. Адам баласы ошол заттарды окуп өздөштүрбөсө мамиле жана жашай албайт. Анда эмеса адамда шектенүү, изилдөө, таанып билүү, ойлоо жөндөмдөрүнүн бар болгондугунан кабар берет. Таанып бүлүү процеси жалпысынан төмөндөгүдөй ирээт менен аткарылат, бүлүүчү субъект, билинүүчү объект жана натыйжада билүүнүнү өзү ортого чыгат. Демек таанып билүү процесси билүүчүнүн билүүсү, маңыздуу баркына баруу менен жасалат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.1.19), 4 кредит – 120 саат.

3.Кыскача мазмуну: Таанып билүүнүн өзүн түзгөн критерийлерге Платондун салымын аныктап кандай кошумча ой жүгүртүү түрүнө токтолгондугун жана Ислам философтордон болуп эсептелген Фараби, Ибн Сина, Ибн Руш, Кинди сымал философтор өздөрүнүн системаларында кандайча колдонгондугун ачып көрсөтүү. Платон менин устатым бирок акйыкат андан жогору деген ой жүгүртүүнү, Аристотельдин мисалында чечмелөө. Таанып билүүдөгү дуалистик проблеманын эмне түзгөн жана Декарттын чечими эпистемологиялык анализге тийгизген таасирин талкуулоо. Дуализм жана этикалык проблемалар катарында, Спинозанын чечиминин жараткан маселелери кандайча ой жүгүртүүдө чагылыт аныктоо ж.б.у.с..

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-4: КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

Диний антропология

1. Диний антропология предметин өздөштүрүүнүн максаты: Антропология илими жалпысынан адамдын маданий, биологиялык, коомдук өзгөчөлүктөрдөгү түрдүүчө өсүп өнүгүүсү стадияларын ачып көрсөтүп ошол жагдайларга таасир тийгизген ички жана сырткы факторлорду классификациалап окутуу. Адам баласы антропологиялык теорияларда маданиятты куруучу активдуу рольдо боло турган болсо башка бир анализде пасивдүү ошол курган маданияттарына өзүнүн шарттарына таасирин тийгизген жаратылыштык факторлордон көз карандылыгы катарында каралат.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.3.17), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Жалпы антропология предметтин түзүлүшү жана теориялары, антропологиянын тармактары, жөнүнүдө маалымат берүү ;

- Дин, ишеним, түшүнүктөрдү окутуу менен бирге системалаштырууну жана синтез анализи аркылуу социалдык институтташтыруу механизмдерин ачып көрсөтүү.

- Диний мамилелердин булактарын, мифтер, табу, тотемдер, символдор, ибадат ж.б. түшүнүктөрдүн анализдөөнү үйрөтүү;

- Диндин жекече эмес жалпы түшүнүк болгонун эске алуу менен коом тарабынан колго алынып өнүктүрүлгөнүн, системалаштырылган процессин талкуулоо.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-1: ЖК1+СИЖМК1

Ислам мистикасы

1. Ислам мистикасы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Тасаввуф хижрий (ай календары) II- III- кылымдарда пайда болгон. Бирок мазмуну жана практикада колдонулушу адам пайда болгондон баштап ар кандай деңгелде ички дүйнөнүн чагылдырылышы катарында ар дайым жашап келген. Бирок адам жашаган кайсыл жерде болбосун аталышы кандай болсо болсун диндин рухий жаатка сунуштаган бир азыктын болгондугу чындык. Каала илахий, каала адам тарабынан ойлонулуп табылган дин болсун бардык диндердин мистикалык жагынын бар болуусу табиаттан бар экендигин далилдейт. Ислам илимдеринин арасында тасаввуфтун орду Аз. Пайгамбардын жашоосуна көз салуу менен түшүндүрүлөт. Аз. Пайгамбар жашоосу боюнча үч сапатты көрсөтүп берген. Мадинада, биринчи мамлекетинин башчысы саясий статусу экинчи диний статусун, үммөттүн ар түрдүү суроолоруна жооп берген маселелердин чечимин чечүүчү эле. Айрыкча үчүнчү, моралдык статус руханий жактан адамдын жогорулоосун, өзүнүн жашоосу менен үлгү болгон моралдык тарбия берген жол башчы катары көрөбүз. Пайгамбардан кийин саясаттан башка тармактарда аны таанышкандар бир киши менен чектелип калган жок. Ар түрдүү личносттор (Хулфаа Рашидиин) тарабынан жетектелип келген. Илимий жактан Укук, Келам, Тафсир жана Хадис сыяктуу түрдүүчө исламий илимдер пайда болгондо, пайгамбардын моралдык жашоосу да тасаввуф жана тарикаттар аты менен уюшулган абалда ортого чыккан жана моралдык боштук ушундай абалда толтурулду.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.2.16) 4 кредит – 60 саат.

3. Кыскача мазмуну:Тасаввуф кудайдын бир экендигин жана ааламдын бир бүтүн экендигин түшүндүрүп ачыктаган диний жана философиялык агым. Тасаввуф айрыкча кудай, аалам жана адамды бир бүтүндүк катары эсептеп жана адамды кудай менен адамдын башка адамдар менен, өзү - өзү менен болгон байланышын бул бүтүндүктүн ичинде изилдөө жана ачыктоо. Тасаввуф коомдук жашоосу менен кең бир түрдө жуурулушкан бир сезим, ой жана ишеним системасы катары да билинет.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-4: КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

Улуттук маданият жана диний баалуулуктар

1.Улуттук маданият жана диний баалуулуктар предметин өздөштүрүүнүн максаты: Улуттук маданияттын түптөлүүсүндө диний баалуулуктардын ролу абдан чоң. Кыргыз эли таандык болгон улуттук маданият көптөгөн кылымдарды карыткан бай тарыхка ээ. Мына ошол улуттук маданияттын калыптануусунда тарыхта ар кандай диндердин таасирлери болуп келген. Кыргыздар Ислам дини менен таанышкандан баштап, аталган динге таандык болгон баалуулуктар акырындык менен ишеним, ибадат, адеп-ахлак маданиятына өз таасирин тийгизип келүүдө. Предметтин негизги максаты ошол байланыш жана таасирлерди студенттерге далилдүү фактылардын жардамында ачып берүү саналат. Бул предмет мектеп программасындагы диндердин өнүгүү тарыхы мугалимдери үчүн зарыл болгон маалыматтар менен камсыздалган.

2. НББПдагы орду:КПВ бөлүккө кирет (D.1.3.4), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Исламдын Орто Азияга анын ичинде Кыргызстанда жайылуусун сүрөттөө менен диний баалуулуктардын кыргыз маданиятына; ишеним принциптерине, ибадат-жөрөлгөлөрүнө, адеп-ахлак нормаларына тийгизген таасирлери кенен далилдүү фактылар менен түшүндүрүлөт. Мисалга алган ошол мезгилге таандык болгон Кутадгу-Билиг, Дивану лугатит-турк, дивани хикмат, Тазкирайи Сатук Бугра хан, Мажмуатут-таварих, Манас ж.б. чыгырмаларда диний баалуулуктар кыргыз маданиятына кандай таасирлерин тийгизгендиги далилдүү фактылар менен үйрөтүлөт. Студенттерге тиешелүү изилдөөгө да сааттар белгиленип, аларга тиешелүү адабияттардан пайдалануу үчүн жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн темалар берилет.

4. Күтүлүүчү натыйжалар : КК-7 (ОН-4),КК-13 (ОН-5)

Исламдын архитектуралык-маданий мурастары

1.Исламдын архитектуралык-маданий мурастары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам дининде Куран аяттарында жана Азирети Мухаммеддин хадистеринде аалам, жер жүзү андагы өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү, адамзат ал жашаган чөйрө тууралуу маанилүү маалыматтар берилген. Аллахтын буйруктарында жер жүзүндө адамзатка ар кандай бузукулуктарды чыгарбастан туура жашоо үндөлөт. Аллахытн буйругун эске алган мусулмандар жер жүзүндө ар кандай кооздуктагы архитектуралык комплекстерди курушкан. Предметтин максаты ислам тарыхында курулган ар кандай мусулман архитектурасын алардын өзгөчөлүктөрүн студенттерге фактылар менен ачып түшүндүрүп берүү болуп саналат. Бул предмет Кыргызстандын аймагында курулган диний-архитектуралык комплекстерди да негиз алып окутат.

2. НББПдагы орду:КПВ бөлүккө кирет (D.1.3.18), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Ислам тарыхында алгач курулган мечиттен тартып кийинчерээк курулган мечит, медресе, мектеп, мунара, күмбөз, рибат, шаар, сарай, мончо, ж.б. архитектуралык комплекстердин тарыхы, функциялары, өзгөчөлүктөрү тууралуу студенттерге кенен маалыматтарды берет. Бул предмет аркылуу Кыргызстанда жана Орто Азия аймагында курулган мусулман архитектурасынан да мисалдар ар түрдүү чыгармалардын негизинде окутулуп үйрөтүлөт. Студенттерге тиешелүү изилдөөгө да сааттар белгиленип, аларга тиешелүү адабияттардан пайдалануу үчүн жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн темалар берилет.

4. Күтүлүүчү натыйжалар : КК-7 (ОН-4),КК-13 (ОН-5)

Ислам цивилизациясы жана институттары тарыхы

1.Ислам цивилизациясы жана институттары тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам цивилизациясы ислам дининин Азирети Мухаммедге келүүсү менен башталган маданият дини эсептелет. Курандагы буйруктардын аткаруучусу болгон Мухаммед пайгамбар Аллахтын жардамы астында Аравия жарым аралында мамлекетти түптөгөн. Ал ошол эле мезгилде ислам институттарынын да түптөөчүсү эсептелет. Пайгамбардан үлгү алган төрт халифа жана кийинки халифалыктар мезгилинде муктаждыкка жараша ар түрдүү институттар пайда болгон. Предметтин максаты ошол институттардын тарыхы, алардын кандай кызматтарды аткарып, коомчулукта кандай орунга ээ болгондугун студенттерге ачык айкын далилдер менен түшүндүрүп берүү болот.

2. НББПдагы орду:КПВ бөлүккө кирет (D.1.3.1), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Исламдагы институттардын пайда болуу тарыхы Азирети Мухаммед пайгамбардын дооруна таянат. Себеби Курандагы өкүмдөр жана пайгамбардын айткан хадистери ошол институттардын түптөлүүсүндө чоң роль ойногон. Вазирлик, казылык, диван уюмдары, вакыф, мухтесиблик, мезалим уюму, муфтийлик ж.б. уюмдардын тарыхы алардын аткарган функциялары студенттердин коомчулукта ар кандай институттурда иштөөсүнө шарттарды түзөт.

4. Күтүлүүчү натыйжалар : ИК-3, (ОН-2),КК-13 (ОН-5)

Логика жана тоериянын аргументациясыпредметин өздөштүрүүнүн максаты

1.Логика жана тоериянын аргументациясы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Философиялык окуунун обьекттеринен тил жана аң-сезимди бирөөнү таанып- билүү; билүүнүн обьектиси болмуш жана болмуштук категориялар. Жалпы аныктамада таанып-билүү, адамдын болмуш жөнүндөгү кабылдоосу, болмуш жөнүндөгү ой-пикири. Алгач сез органдары аркылуу таанып-билинген обьекттерди өздөштүрүү менен бирге, жашоо турмушубузда баш ийүүсү зарыл болгон жазуусуз баалуу куралдар менен да беттешебиз. Ошол баалуулуктардын арасынан «этикага» тиешелүү болгон теманы өз изилдөөсүнө алган философиянын бир бөлүмү тил жана аң сезим болуп эсептелет.

2. НББПдагы орду:Тандоо курстарыбөлүккө кирет D.1.3.20

3. Кыскача мазмуну: Таанып-билүү жана курал жасоого, абстракттуу ойлоого жана бири-бири менен тил аркылуу пикир алышууга болгон жөндөмү адамды башка нерселерден айырмалаган негизги белги. Адам баласынын ойлоонун формаларын окуп-билүүсү, ой жүгүртүүдө ырааттуу, үзгүлтүксүз, так, ачык жана карама-каршылыксыз болушун камсыз кылуусу, аң-сезимдин бар болгондугунун далили. Ой жүгүртүү бекемдөө же таануу жолу менен нерселердин байланышын, алардын белгилерин же нерселердин ортосундагы мамилелерди тактап, чын же жалган экенин аныктоочу ойдун формасын талдай алган адам баласы, альтернативдүү мамилелерди түзгөн түшүнүктөрдү салыштырып, анализдеп, синтездеп жалпылоо менен түшүнүктөрдүн ички касиеттерин чын же жалган, жакшы же жаман деп билүүгө аракеттенет. Ошол мамилелерди «жакшы» «жаман» кылган аныктамалар, критерийлер, негиздер кантип жана кандай шарттарда орундалат? Эгерде нормалар бар болсо, кантип өздөштүрөбүз? Сымалдуу тил жана аңсезим философиясына тиешелүү суроолор алкагында иш жүргүзүлөт.

4. Күтүлүүү жатыйжа:ОН-3 : КК1+КК2+КК3+КК4

Теологияда герменевтика

1. Теологияда герменевтика Предетти окутуунун негизги максаты: аң сезимдмн өнүгүү этаптарында байыркы доордогу дэңгээлди изилдөө. тил жана аң сезим өз алдынча илим болуп аткарган функция перспективалары. Темасын методдорун анализдөө жана коомдун өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымдары жөнүндө. Илимдерди жалпысынан так жана гуманитардык деп бөлүүгө болот ошол эле учурда ар бир илим максаты, ээлеген ордуна жараша өз ичинде түрдүүчө методдор менен ишмердүүлүк жасайт.Так жана гуманитардык илимдерде жалпысынан изилденген объект реалдуу жана убакыт, мейкиндик, өзгөрүү, өнүгүү, жок болуу өңдүү сапаттарда кездешет. Ал эми дин жөнүндөгү окутуу объектиси жалпысынын анын ичинен монотеисттик диний окутууда кодонулган изилденүүчү түшүнүктөрдүн логикалык статусу, идеалдуу ишенүүгө багытталат .

2. НББПдагы орду: Тандоо курстары бөлүккө кирет D.1.3.19

3. Кыскача мазмуну: Адам баласын кушаткан айлана чөйрө аны түзгөн жаратылыштык заттар кубулуштар аалам, дүйнө галактикалар жана метакагалактикалар ошондой эле мульти ааламдардын системаларга аалам дейбиз. Жаратылыш жана аалам, чындык заттарды түзөт да ала эми адам баалсы аны окуп өздөштүрөт. Адам баласы ошол заттарды окуп өздөштүрбөсө мамиле жана жашай албайт. Анда эмеса адамда шектенүү, изилдөө, таанып билүү, ойлоо жөндөмдөрүнүн бар болгондугунан кабар берет. Таанып бүлүү процеси жалпысынан төмөндөгүдөй ирээт менен аткарылат, бүлүүчү субъект, билинүүчү объект жана натыйжада билүүнүнү өзү ортого чыгат. Демек таанып билүү процесси билүүчүнүн билүүсү, маңыздуу баркына баруу менен жасалат диний символдорду ушул каражаттар аркылуу салыштырып бир натыйжага баруу.

4. Күтүлүүү жатыйжа:ОН-4: КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

Агностицизм жана дин этикасынын

1. Агностицизм жана дин этикасынын предметти өздөштүрүүнүнмаксаты: Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, жалпы психология илиминин теориялык базасына таянуу аркылуу адам баласынын динден таасирденүүсүнүн психологиялык анализдерин табиятын аныктоо. Коомдогу диндин ээлеген орду жана индивиддердин мамилелеринин психологиялык анализи натыйжада канчалык деңгээлде дин менен байланыштуу болгонун ажырта билүү сыяктуу маселелер анализделип аныктоо мүмкүн болот.

2. НББПдагы орду:Тандоо курстары (D.1.3.2)

3. Кыскача мазмуну: Жалпы психология предметтин түзүлүшү жана теориялары, психологиянын тармактары, жөнүнүдө маалымат берүү ;

- Дин психологиянын темасы, максаттары методдору прициптерин үйрөтүү;

- Диний мамилелердин булактарын, мотивация, диний муктаждык, түшүнүктөрдүн психологиясын анализдөөнү үйрөтүү;

- Дин психологиясын түзгөн негизги түшүнүктөрдү ыйман, шектенүү, ишенбөө, дуба, ибадат, жаш курактардагы дин жөнүнүдөгү мамилелердин психологиялык анализдерин ачып көрсөтүү.

4 . Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-5: КК11+КК12+КК13+КК14

Манас эпосунда диний түшүнүктөр

1. Манас эпосунда диний түшүнүктөрпредметин өздөштүрүүнүн максаты: Диний символдордун түшүнүгү жана мааниси: Бул маселелер жөнүндө Манас эпосундагы жана варианттарында орун алган ыйык ысымдар, жерлер, культтар, каада салдттар, ырым- жырымдар, буюмдарга кеңири маалымат берүү үчүн аларды жалаң эле практикалык бир тараптуу изилдөө туура эмес. Бирок чындыгында ар бир түшүнүктүн, колдонулуусуну жараша түрдүүчө маңыз берилиши мүмкүн. Мисалы: Манас эпосундагы дубалардын темасы, бир жагынан алып карасак метофизикалык, дагы бир жагынан алып караганда эпистомологиялык бир маселе болуп саналат

2. НББПдагы орду:Тандоо курстары (D.1.2.15),

3. Кыскача мазмуну: 1. Манас эпосундагы ишенүү кантип ортого чыгат жана коомдук мамилеге айлануусун тактоо. Дүйнөдөгү ишенүү системалардын көп түрдүүлүгү жана себептери эмнен салыштруу. Дин жана ишенүү кандай культуралык каражаттар менен берилгенин Ислам дин менен болгон байланышы жана айырмачылыктарын синтездөө менен жалпылоо. Миф жана мифология теориялар менен дал келүүчү жана дал келбөөчү белгилерин аныктоо.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:ОН-4: КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

Диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окутуу методологиясы

1. Диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окутуу методологиясы дисциплинанын максаты: студенттерге дин таануу окуусунун негиздерин өз алдынча илимий сабак катары тааныштырат. Мында динди изилдөөнүн негизги ыкмалары, анын коомдо, адам жашоосундагы ээлеген орду, диндин калыптанышындагы негизги этаптарына басым жасалат. Ошондой эле дүйнөдөгү диндердин коомдогу функциясы белгиленип, сабакты окутууда педагогикалык методдорду колдонуу жана орток диний баалуулуктарды үйрөтүүгө басым жасалат. Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы эч бир динге оң жана терс мааниде баа бербейт.Тарыхта пайда болгон диндерди болгонун болгондой чагылдырганга аракет кылат.

2. НББПдагы орду: Коду: D.1.3.3 Тандоо сабагына кирет.

3. Кыскача мазмуну: Мектепке президенттин УКАЗы менен киргизилген предметтин концепциясын, тематикаларын, окучууларга кантип жеткиликтүү болорун үстүндө иштөө.

4. Күтүлүүчү натыйжа: КК-5+КК-6+КК-7+КК-8+КК-9+КК-10 (ОН-4)

Дин психологиясы

1. Дин психологиясы предметти өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, жалпы психология илиминин теориялык базасына таянуу аркылуу адам баласынын динден таасирденүүсүнүн психологиялык анализдерин табиятын аныктоо. Коомдогу диндин ээлеген орду жана индивиддердин мамилелеринин психологиялык анализи натыйжада канчалык деңгээлде дин менен байланыштуу болгонун ажырта билүү сыяктуу маселелер анализделип аныктоо мүмкүн болот.

2. НББПдагы орду:Тандоо курстары (D.1.3.2)

3. Кыскача мазмуну: Жалпы психология предметтин түзүлүшү жана теориялары, психологиянын тармактары, жөнүнүдө маалымат берүү ;

- Дин психологиянын темасы, максаттары методдору прициптерин үйрөтүү;

- Диний мамилелердин булактарын, мотивация, диний муктаждык, түшүнүктөрдүн психологиясын анализдөөнү үйрөтүү;

- Дин психологиясын түзгөн негизги түшүнүктөрдү ыйман, шектенүү, ишенбөө, дуба, ибадат, жаш курактардагы дин жөнүнүдөгү мамилелердин психологиялык анализдерин ачып көрсөтүү.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-5: КК11+КК12+КК13+КК14

Түрк элдеринин диний ишенимдери

5.Түрк элдеринин диний ишенимдери предметин өздөштүрүүнүн максаты: Түрк элдери тилдик жана ишенимдик жактан орток баалуулуктарды алып жүрөт. Алардын орток баалуулуктары кылымдардан бери өз таасирин сактап келди. Түрк элдери ар кандай ишеним жана динди кабыл алса деле аталган орток баалуулуктар дээрлик өзгөргөн жок. Аларды билүү менен кыргыздардын дин түшүнүгүн анализдей алабыз.

6.НКББПдагы орду:ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (D.1.3. 16)

7.Кыскача мазмуну:Түрк элдеринин кудай, аалам, табияттан сырткы күчтөр, ырым-жырымдары ж.б. ишенимдерин камтыйт.

8. Күтүлүүчү натыйжалар: ОН-3: КК-1.

Куран жана диний риторика

1. Куран жана диний риторика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин мамлекеттик тилде диний маселелерде сүйлөө жана жазуу ишмердүүлүгүн өстүрүү, өз ойлорун башкаларга жеткирүүчү адистерди чыгаруу. Коомчулукка багыт берүүчү, туура маалыматтар менен камсыздоочу адистерди даярдоо. Диний темада коомчулукту маалыматтандыра ала турган адистерди тарбиялоо. Коомчулукка бир пикирди жеткирүү жана кабыл алдыруу.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.2.10), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Адамды башка жандуулардан айырмалап турган негизги өзгөчөлүгү бул ойлоосу жана ойлогон нерсесин тил аркылуу жеткизүүсү саналат. Кайсы бир коомдун мүчөсү болгон инсан жашоосун улантуусу, муктаждыктарын камсыздоосу үчүн чөйрөсү менен байланыш курууга милдеттүү. Адамдар үчүн билим жана тажрыйба сыяктуу кооз сүйлөө да абдан маанилүү. Адвокаттын, дин кызматкеринин, башкаруучунун же мугалимдин риторика эрежелерин билүүсү жана жакшы оратор болуусу анын ийгилигине сөзсүз таасирин тийгизет. Ошондуктан адам баласынын жашоосунда диний риторика адамдын төрөлүүсүнөн өлүмүнө чейин, соодадан искусствого дейре жашоонун ар бир тармагында маанилүү орунга ээ. Өзүнүн кесибин мыкты өздөштүргөн дин таануу адиси да, динге байланышкан маселелерди жеткиликтүү жана коомдун муктаждыктарына жараша жеткирүү методдорун билүүсү шарт. Бул жаат болсо негизинен риторика предмети аркылуу ишке ашырылат.

· Коомчулукка диний темаларда маселе кылуунун методологиясын үйрөнүү;

· Коомчулукка диний темада хутбаларды даярдоо жана окуу методдорун үйрөнүү;

· Аз. Мухаммеддин динди үйрөтүүдө колдонгон методдорун үйрөнүү;

· Сахабалардын динди үйрөтүүдө колдонгон методдорун үйрөнүү;

· Маркумду акыркы сапарга узатууда колдонулган жөрөлгөлөрдү үйрөнүү;

· Нике кыюуда окулган дубаларды билүү;

· Оорулууну зыярат жана адебин үйрөнүү;

· Ийгиликтүү ваиз жана өзгөчөлүктөрүн билүү.

4. Күтүлүүчү натыйжа : ИК-3 (ОН-2)КК-2 (ОН-3)

Исламдын Орто Азияга таркалуу тарыхы

1.Исламдын Орто Азияга таркалуу тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам Аривия жарым аралында пайда болуп, бүгүнкү күндө көптөгөн аймактарга жайылууга жетишкен. Анын ичинде Орто Азия аймагында да исламдын VIII кылымдан тартып жайыла баштаганын көрүүгө болот. Исламдын жайылуусунда кандай факторлордун негиз алгандыгын билүү жана коомчулукка үйрөтүү бул предметтин негизги максаты эсептелет. Себеби коомчулук бүгүнкү күндө исламдын жайылуу тарыхы боюнча маалыматтарга абдан муктаж.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы ТК бөлүккө кирет (D.1.3.14), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Ислам дини Азирети Мухаммед пайгамбардан кийин Орто Азияга анын ичинде Кыргызстанда ар түрдүү доорлордо жана ар түрдүү факторлордун натыйжасында жайылган. Предметтин мазмунунда исламдын жайылуу доорлору жана факторлору кенен түшүндүрүлүп берилет. Бул багытта студенттерге тиешелүү изилдөөгө да сааттар белгиленип, аларга тиешелүү адабияттардан пайдалануу үчүн жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн темалар берилет.

4. Күтүлүүчү натыйжа : КК-1, КК-3 (ОН-3)

Синкреттик диний агымдар

1.Синкреттик диний агымдар:Дисциплинаны өздөштүрүүнүн максаты, синкретитик диний агымдардын тарыхы, пайда болуусуна таасирин тийгизген факторлор, диний көз караштары жана азыркы учурдагы абалы жана ага байланыштуу болгон фундаментализм, экстремизм, терроризм ж.б. түшүнүктөрдү тарыхый жана теологиялык жактан анализдеп үйрөнүү болуп саналат.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (D.1.3.23).

3. Кыскача мазмуну:Бул предметтесинкретизм термини, синкретизмдин түрлөрү боюнча маалымат берилип, андан соң синкреттик диний агымдардын тарыхы, алардын пайда болуусуна таасирин тийгизген факторлор, диний көз караштары жана азыркы учурдагы абалы окутулат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:КК-5 (ОН-4) КК-12 (ОН-5)

Мусулман өлкөлөрүнүн географиясы

1. Мусулман өлкөлөрүнүн географиясы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дүйнө жүзүндө 180ден ашуун мамлекет бар. Анын ичинен 57 өлкө ислам динин тутунган мамлекет. Алардын дээрлик көпчүлүгү Азия жана Африка континенттеринде орун алган. Аталган мамлекеттер менен соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын ар кандай деңгээлде байланыштары бекмделип келүүдө. Бул мамлекеттер менен диний, саясий, экономикалык байланыштарды чыңдоо дин таануу адистери үчүн зарылдыкты жаратууда. Аталган мамлекеттердин мазхабы, диний түшүнүктөрү жөнүндө маалыматка ээ болуу дин таануу адиси үчүн зарыл предмет болуп эсептелет.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы ТК бөлүккө кирет (D.1.3.13), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну:Мусулман өлкөлөрүнүн географиясы предметинин мазмунунда негизинен Кыргыз Республикасы менен байланышта болгон мусулман мамлекеттеринин тарыхы, географиясы, диний көз караштары, саясий партиялары жөнүндө маалыматтар берилет. Буга кошумча ал өлкөлөрдөгү билим берүү шарттары, экономикалык абалы, негизги илимпоздору тууралуу маалыматтар берилет.

4. Күтүлүүчү натыйжа : ЖК-1 (ОН-1)КК-8 (ОН-4)

Пайгамбарлар тарыхы

1. Пайгамбарлар тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: адам атадан Мухаммед пайгамбарга чейин жашап өткөн жалпы пайгамбарлардын тарыхы боюнча маалыматтарга ээ, өз ойлорун башкаларга жеткирүүчү адистерди чыгаруу. Коомчулукка пайгамбарлардын негизги миссияларын туура маалыматтар менен камсыздоочу адистерди даярдоо. Диний темада коомчулукту маалыматтандыра ала турган адистерди тарбиялоо.

2. НББПдагы орду:ПЦ циклындагы ТК бөлүккө кирет (D.1.3.12), 4 кредит – 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Жараткан Кудай Адамды жана башка пайгамбарларды адамдардын ичинен тандап алып, алардын өзүнүн буйруктарын жеткирүүдө милдеттендирген. Бул милдетти аткарууда ар бири ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ коомдорду туура жолгон баштаган. Ал коомдордун кээ бир кемчиликтери бүгүнкү күндө жашап жаткан коомдордо да кездешет. Андыктан ал кемчиликтерди өзгөртүү, туура багытка салуу дин таануу адистеринин негизги милдеттеринен эсептелет. Бул багытта дасыккан, туура маалыматтарга ээ адистерди тарбиялоо, пайгамбарлар тарыхы предметинин окутулуусу менен ишке ашат.

4. Күтүлүүчү натыйжа : ИК-3 (ОН-2)КК-9 (ОН-4)

Практикалардын программасына аннотация

Окуу-үйрөнчүк, профилдик базалык, профессионалдык-профилдик жана квалификациялоонун алдындагы практикалардын программасына аннотация

Практиканын максаты

Практиканын бардык түрлөрүндө кесиптик компетенциянын калыптануусу максатында алган теориялык билимдерин колдоонуу аркылуу тажрыйба алуу менен алган билимин бекемдөө

Практиканын милдеттери

билим берүү системасынын жана билим берүү мекемелеринин окуу- тарбия процесси менен тааныштыруу;

мектептен жана класстан тышкаркы тарбиялык иштердин уюштурулушу менен тааныштыруу;

окуу-тарбия иштерин бийик деңгээлде өткөрүү үчүн керек болгон кесиптик ык, машыгууларды калыптандыруу максатында студенттерди мектептеги түрдүү тарбиялык жана практикалык иш-аракеттерге катыштыруу;

мектеп админстрациясынын, класс жетекчилердин функционалдык милдеттери менен таанышуу;

өзүнүн тандап алган адистиги боюнча мектептерде өтүлүүчү предметтердин мазмуну, милдеттери, окутуу өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү;

класс жетекчилердин тарбиялык иштеринин системасын окуп үйрөнүү жана тарбиялык сааттарды дублер катары өтүү;

класс коллективин, андагы окуучулардын бири-бирине болгон мамилелерин, жекелик өзгөчөлүктөрүн, сабакка кызыгуусун, мугалимдерге болгон мамилелерин окуп үйрөнүү жана анализ берүү;

ата-энелер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү;

окуучулардын күндөлүктөрүн жана дептерлерин текшерүүгө катышуу;

алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар менен таанышуу;

мамлекеттик коопсуздук мекемелеринде экстремисттик секталардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу боюнча аналитикалык иштерди алып барууну үйрөнүү;

коомдук уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында динге байланышкан маселелерде эксперттик баа жана консультация берүүнү үйрөнүү;

динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структуралардын (дин комиссиясы, муфтият, казыят ж.б.) алып барган иштери, структурасы менен таанышуу;

магистратура жана докторантурада билимдерин өркүндөтүүгө, диссертация жактоого карата ык, машыгууларга ээ болуу.

Практиканын мөөнөтү

3-курс 5-семестр: 4 жума

3-курс 6-семестр: 4 жума

4-курс 7-семестр: 6 жума

Практиканы жыйынтыктоо

Отчеттуулуктун формасы: Экзамен

Отчеттуулуктун документи: Практиканын күндөлүгү

Практика мезгилинде ала турган билим, билгичтик, ык-машыгуулар

Профессионалдык жана атайын дисциплинар боюнча алган теориялык жана методологиялык билимдерин бышыктоо.

Мектепте окуучулар менен иштөөнү үйрөнүү.

Практиканын жыйынтыгын жана анализин жазууну үйрөнүү.

Практиканын мазмуну

Мектеп менен таанышуу. Класс жөнүндө жана класстык журнал, ошондой эле тиешелүү документтер менен таанышып чыгуу. Мектепте өтүлүп жаткан Адеп сабагы предметинин мазмуну жана программасы менен, ошондой эле диндер тарыхы, дин маданиятынын тарыхы, дин таануу жана диний философия предметтерин практикалык жактан үйрөнүү.

Практика мезгилинде калыптана турган компетенциялар

КК-6 - билим берүү программаларын иштеп чыгууга жөндөмдүү.

КК-7 - руханий-нравалык жана патриоттук тарбия маселелерин чечүүгө жөндөмдүү.

КК-13 - кесиптик маселелерди чечүүдө иштерди уюштурууга жана пландаштырууга жөндөмдүү.

КК-14 - кесиптик функцияларды ишке ашырууда жардамчы административтик башкаруу персоналы ирээтиндеги ишке жөндөмдүү.

КК-1 - жогорураак квалификациялуу адистин жетекчилиги астында теологиялык жана сабактар аралык изилдөөлөргө катышууга жөндөмдүү.

КК-2 - изилдөөнүн темасы боюнча илимий маалыматты чогултууга, анализдөөгө, классификациялоого жана систематизациялоого жөндөмдүү.

Практикада калыптануучу компетенциялар

2-курс

ОН-4

КК-6

КК-7

3-курс

ОН-5

КК-13

КК-14

4-курс

ОН-3

КК-1

КК2

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга карата талаптар

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бакалаврдын бүтүрүүчү квалификациялык ишин жана адистик боюнча мамлекеттик сынакты камтыйт.

Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолор мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөн профессионалдык багыттагы милдеттерди аткарууга бакалаврдын практикалык жана теориялык жактан даярдыгын жана магистратурада билимин улантуусун аныктоого багытталган.

Бүтүрүүчүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына кирген аттестациялык сыноолор ал окуп өздөштүргөн жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасына толугу менен дал келүүсү керек.

Бакалаврдын бүтүрүүчү квалификациялык ишине талаптар.

Бүтүрүү квалификациялоо иши дин таануунун тигил же бул проблемасы боюнча адабияттарды баалоо, жалпылоо, анализдөө, талдоодон турган өз алдынча изилдөө болуп эсептелет.

Бүтүрүү квалификациялоо иши дүйнөлүк жана ата мекендик булактарды терең үйрөнүүгө, коюлган проблемага заманбап көз карашка негизделген жана 531600 Теология багыты боюнча кесиптик дисциплиналардын базасында аткарылган болушу керек.

Бүтүрүү ишинин мазмунуна, көлөмүнө жана структурасына болгон талаптар ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген «Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жобонун» негизинде, 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын жана Теология багыты боюнча ОУБ(УМО)нин методикалык сунуштарынын негизинде аныкталат.

Бүтүрүү квалификациялык иштеринин темасын тандоо, бекитүү, аткаруу, даярдоо, жасалгалоо жана коргоону уюштуруу ОшМУнун 2007-жылдагы №2-бюллетенинде берилген сунуштамалардын негизинде жүргүзүлөт.

Бүтүрүү квалификациялык ишин коргоо мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ачык жыйынында анын курамынын жок дегенде үчтөн экисинин катышуусу менен өткөрүлөт. Мамлекеттик сынактарды кабыл алуу жол-жобосу жогорку окуу жайы тарабынан аныкталат. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынынын узактыгы күнүнө 6 сааттан ашпоого тийиш.

Бүтүрүү квалификациялык ишти коргоого багыттын (адистиктин) жогорку кесиптик билим боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык ОшМУда иштелип чыккан негизги билим берүү программаларын өздөштүрүүнү толук көлөмдө ийгиликтүү аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордун башка түрлөрүнөн ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр киргизилет.

Адистик боюнча мамлекеттик сынакка талаптар.

531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик сынактын программасы жана өтүү тартиби Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө жобонун (№25-бюллетень), Теология багыты боюнча ОУБ тарабынанан иштелип чыккан методикалык сунуштардын жана тийиштүү болжолдуу программалардын, ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жобонун, 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ЖОЖ тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө Жобонун негизинде факультеттин деканы тарабынан иштелип чыгып, ректор (проректор) тарабынан бекитилет жана билим берүүнүн бардык студенттерге жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталардан жарым жыл мурда маалымдалат. Студенттер мамлекеттик сынактардын программалары менен камсыз болушат, алар үчүн даярданууга зарыл болгон шарттар түзүлүп, консультациялар өткөрүлөт.

Адистик боюнча мамлекеттик сынак студент тарабынан алынган билимдерди мамлекеттик аттестациялык комиссиянын Кеңешмесинде оозеки экзамен тапшыруу түрүндө ишке ашат. Мамлекеттик сынактын баалоочу каражаттарынын фонду 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартындагы кесиптик багыттагы дисциплиналардын суроолорунан турат.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилген аттестациялык сыноолордун бардык түрлөрүнүн жыйынтыгы “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандырарлык”, “канааттандырарлык эмес” деген баалар менен аныкталат да, ошол эле күнү комиссиянын жыйынынын протоколдору тиешелүү тартипте толтурулуп, студенттердин алган баалары аттестациялык ведомостко коюлган соң жарыя кылынат.

Билим берүү программасын аяктап жаткан студент төмөндөгү компетенцияларга ээ болуусу керек:

Окутуунун натыйжалары

Окутуунун натыйжаларын калыптандырган компетенциялар

ОН-1

ОН-1

Кесиптик ишмердүүлүгүндө айлана–чөйрө жөнүндө илимий билимдердин системасына ээ болот жана жаңы билимдерди өздөштүрөт.

ЖК-1 - курчап турган чөйрө жөнүндөгү илимий билимдерин колдоноо билүүгө жана сын берүүгө жөндөмдүү

жеке адамдын же жамааттын кесиптик ишмердүүлүктөрүндөгү максаттарына жетүүсүн камсыздого жөндөмдүү;

ОН-2

ОН-2: Жумуш жана окутуу тармагында мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилинде ишке байланыштуу болгон баарлашуга, маалымат технологияларын колдонууга, ишкердик билимдерин колдоно билүүгө жөндөмдүү.

ИК-1 - жумуш жана окутуу тармагында мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилинде ишке байланыштуу болгон баарлашунуу жүргүзө алууга жөндөмдүү;

ИК-2 - жумуш жана окутуу тармагында татаал маселелерди чечүү үчүн маалымат технологияларын пайдаланып жаны билимдерди өздоштүрө жана колдоно алууга жөндөмдүү;

ИК-3 - кесиптик ишмердүүлүктө ишкердик билимдерин жана тажрыйбаларын колдоноо билүүгө жөндөмдүү;

ОН-3

ОН-3: Теологиялык жана дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана ар кандай форматтагы илимий жыйындарга катышат.

КК-1 - жогорураак квалификациялуу адистин жетекчилиги астында теологиялык жана сабактар аралык изилдөөлөргө катышууга жөндөмдүү, анын ичинде:

КК-2 - изилдөөнүн темасы боюнча илимий маалыматты чогултууга, анализдөөгө, классификациялоого жана систематизациялоого жөндөмдүү;

КК-3 - илимий отчетторду, ачыктама каттарды тузүү, илимий обзорлорду, аннотацияларды даярдоого, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн тематикасы боюнча рефераттарды жана библиографияларды тузүүгө жөндөмдүү;

КК-4 - семинарларга, илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга, илимий-изилдөө долборлордун ишине катышууга жөндөмдүү;

ОН-4

ОН-4: Коомдун бардык сферасында теологиялык жана руханий-нравалык маданиятка салым кошуу менен педагогикалык-агартуучулук ишмердик жүргүзөт.

КК-5 - аргандай аудиторияларда заманбап реалдуулуктарды, муктаждыктарды жана күтүлгөн ахвалдарды эске алууга менен актуалдуу формада теология жана рууханий-нравалык маданиятка билимдерин колдонууга жөндөмдүү;

КК-6 - билим берүү программаларын иштеп чыгууга жөндөмдүү;

КК-7 - руханий-нравалык жана патриоттук тарбия маселелерин чечүүгө жөндөмдүү;

КК-8 - маданият, искусство мекемелериндеги, массалык маалымат каражаттарындагы агартуучулук ишмердике жөндөмдүү;

КК-9 - конфессиялардын окуу-трабия жана агартуучулук ишмердигин камсыздоого катышууга жөндөмдүү;

КК-10 - традициялык билим берүү технологияларын жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окуу процессинде (окутуунун заманбап технологиялары) колдонууга жөндөмдүү;

ОН-5

ОН-5: Коллективде уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүгүн жүргүү менен кесиптик маселелерди жөнгө салат, ар кандай деструктивдүү иштерди чечүүдө алган билимин колдонот.

КК-11 - коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө, диний, этникалык жана улуттук жаатында конфликтерди, экстремизм, терроризм жана диний группалардын башка деструктивдик иштерин алдын алуу жана каршылык көрсөтүү чөйрөсүндө маселелерди чечүү үчүн теологиялык боюнча алган билимин колдонууга жөндөмдүү;

КК-12 - коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик-конфессионалдык жана коомдук-конфессионалдык биргеликте аракеттешүүсүн теоретикалык жана практикалык камсыздоого катышууга жөндөмдүү;

КК-13 - кесиптик маселелерди чечүүдө иштерди уюштурууга жана пландаштырууга жөндөмдүү;

КК-14 - кесиптик функцияларды ишке ашырууда жардамчы административтик башкаруу персоналы ирээтиндеги ишке жөндөмдүү;

СИЖМК-1 -жеке адамдын же жамааттын кесиптик ишмердүүлүктөрүндөгү максаттарына жетүүсүн камсыздого жөндөмдүү.

МАКтын б аалоо критерийлери:

§ МАКтын суроолору жалпысынан 1-курстан тартып теология факультетинин акыркы курсуна чейин окутулган предметтерден даярдалат.

§ Суроолор билет түрүндө даярдалат жана ар бир билетте үчтөн суроо орун алат.

§ Суроолор негизинен адистикке негизделип түзүлөт.

§ Баалоодо студенттин ар бир суроого так, даана жана далилдүү фактылардын негизинде жооп берүүсү каралат

§ Өз оюн сабаттуу, туура, логикалуу баяндай алуусу, корутундуларды жана тыянактарды чыгара билүүсү;

§ Кесиптик ишмердиги менен байланышкан мисалдарды бере алуусу жана учурдагы маселелер менен айкалыштыра алуусу;

§ Аткарылган ишинин маанилүүлүгүн, максатын аныктай алуусу

§ Негизги жана кошумча адабияттарды пайдалана алуусу

§ Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде өз алдынча көз караштарды берүүсү, тыянак чыгара алуусу;

§ Аткарылган иштин мазмуну боюнча презентацияларды түзө билүүсү ж.б.

Компетенцияларды баалоонун критерийлери жана көрсөткүчтөрү:

Бүтүрүүчүлөрдүжыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияда оозеки баалоонун төмөндөгүчө критерийлери колдонулат:

– “Эң жакшы”

– “Жакшы”

– “Канааттандыраарлык”

– “Канааттандыраарлык эмес”

Баа

Баалоонун критерийлери

Эң жакшы

- экзаменде программалык окуу материалы боюнча ар тараптуу, системалуу жана терең билимин көрсөтө алган,

- программада каралган тапшырмаларды эркин аткара билген,

- сунушталган негизги адабияттарды өздөштүргөн жана кошумча адабияттар менен таанышкан студентке коюлат.

- Эреже катары «эң жакшы» деген баа дисциплинанын негизги түшүнүктөрүнүн өз ара байланыштарын жана алардын өз кесиби үчүн маанисин өздөштүргөн,

- программалык окуу материалын түшүнүүдө, баяндоодо жана колдонууда чыгармачыл көндүмдөрүн көрсөтө алган студенттерге коюлат.

Жакшы

- экзаменде программалык окуу материалы боюнча толук билим алган,

- программада каралган тапшырмаларды ийгиликтүү аткара алган,

- сунушталган негизги адабияттарды өздөштүргөн студентке коюлат.

- Эреже катары «жакшы» деген баа дисциплина боюнча билимдерин системалуу мүнөздө көрсөтө алган жана аларды андан аркы окуу ишинде, кесиптик ишмердүүлүгүндө өз алдынча аткарууга жана жаңылап турууга жөндөмдүү студентке коюлат.

Канааттандыраарлык

- негизги окуу материалын андан аркы окуусу жана кесиби боюнча алдыда турган иштери үчүн зарыл болгон көлөмдө билген,

- программада каралган тапшырмаларды аткарып кете ала турган,

- сунушталган негизги адабияттар менен тааныштыгы бар студентке коюлат.

- Эреже катары «канааттандырарлык» деген баа экзамендик тапшырмаларды аткарууда жообунда катачылыктарга жол берген, бирок окутуучунун жетекчилиги астында аларды жоюу үчүн зарыл болгон билимдерге ээ студентке коюлат.

Канааттандыраарлык эмес

- Стандарттын талаптарына туура келбеген маалыматтар кездешет жана маселеге туура келбеген материалдар колдонулган.

- программалык негизги окуу материалы боюнча билимдерин үзгүлтүккө учураткан,

- программада каралган тапшырмаларды аткарууда принципиалдуу каталарга жол берген,

- сунушталган негизги адабияттар менен таанышпаган,

- дисциплина боюнча каралган жана курстун тиешелүү программасына ылайык аныкталган (студенттер өздөштүрүүгө тийиш болгон негизги билимдердин жана билгичтиктердин тизмеси жумушчу программанын милдеттүү элементи болуп саналат) базалык билимдерди өздөштүрбөгөн студентке коюлат.

Студенттин билимин баалоо жараянындагы эң акыркы чечим Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) мүчөлөрүнүн коллективдүү талкуусунан кийин гана белгилүү болот жана баалар экзамендин аягында жалпыга маалымдалып, протоколдоштурулат.

13. НББПны иштеп чыккандар, эксперттер

Аты-жөнү

Кызмат орду

Колу

1.

Масиралиев Ш.П.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы

2.

Тажибаев С.Л.

Теология факультеттин усулдук кеңештин төрөгасы

3.

Абдуганиев А.А.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу

Эксперт: КРнын президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн эксперти Мурзабеков И.К.