ОшМУнун теология факультети 1993-жылы ОшМУ жана Туркиянын «Дианет» фондунун ортосундагы келишимдин (22.09.1993-ж.) негизинде ачылган. Теология факультети
Борбордук Азия мамлекеттеринде эң алгачкы ачылган факультет болуп эсептелет.
Факультеттин
миссиясы
– учурдун талабына ылайык республикабыздын диний агартуу жаатында адистерди жана жогорку билимдүү кадрларды даярдоо, окутуунун жаңы технологияларын
пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын эл арасына тура жайылтууга, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга салым
кошотурган татыктуу адистерди даярдоо.
Факультет 2012-2013-окуу жылынан тартып эки баскычтуу билим берүүнүн негизинде «теология» адистиги боюнча кадрларды даярдайт. Окуу мөөнөтү
- 4 жыл. Факультетте диндердин тарыхы, анын маңыздуу өзгөчөлүгү боюнча маалымат берүүчү предметтер жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн бардык предметтер окутулат. Тагыраак айтканда, студенттер диндер тарыхы, хадис таануу, ислам
теологиясы (куран таануу), ислам укугу, дин философиясы, дин психологиясы, араб тили, дин педагогикасы, ислам агымдар тарыхы сыяктуу профессионалдык
багыттагы предметтерди окушат. Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү «жогорку «бакалавр»» билим деңгээлине жана квалификациясына ээ болушат.
Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү илим-изилдөө, окуу-тарбиялык, эксперттик-консультанттык багыттарда иштей алышат
Факультеттеги аудиториялар, лекциялык залдар, китепкана, окуу залы жана окутуучулардын атайын кабинеттери учурдун талабына жооп берүүчү эмеректер менен жабдылган.
531600 «Теология» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн теология факультети төмөнкүдөй материалдык-техникалык базага ээ:
• Компьютердик класс.
• Интерактивдүү доска менен жабдылган конференция залы.
Ошондой эле 4 лекциялык залдар, 8 окуу аудиторялары, окуу залы жана китепкана бар. Акыркы муундагы 32 компьютер, 2 ксерокс, 6 принтер, 3 проектор, 1 сканер жана ар бир аудитория интерактивдүү(акылдуу) доскалар менен камсыз болгон, анын ичинен 15 компьютер компьютердик класста жайгашкан. Андан сырткары студенттер ОшМУнун башка окуу корпустарынын материалдык базаларынан (окуу залдары, китепкана, спорт аянтчалары ж.б.) колдоно алышат. Студенттердин илим-изилдөө иштеринде дүйнөлүк илимдин өнүгүү тенденцияларына ылайык маалыматтарды алуу максатында кафедра жана компьютердик класстар бүткүл дүйнөлүк Интернет түйүнүнө уланган. Компьютердик класста студенттер рефераттардын, курстук жана дипломдук иштердин үстүнөн иштешет. Интернет түйүнү кызматтары менен акысыз пайдаланышат. 2015-2016-окуу жылында факультеттин ар бир аудиториясына, конференция залына атайын интерактивдүү доска (акылдуу доска) алынып келинди. Бул окуу процессин сапаттуу уюштурууда чоң роль ойноодо. Жыл сайын факультетке 60тан студент кабыл алынат, учурда факультет 500дөн ашуун бүтүрүүчүлөрүн чыгарды.
Факультетти таанытуу видеосу