Аткарылган иш-чаралар

20.02.2021.

Келечек муундун руханий баалуулугу - адеп менен билимдүүлүк аттуу семинар

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү жарлыгына ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл жана Токтогул шаарларындагы коомчулуктун социалдык абалын жакшыртууну колдоо максатында “Келечек муундун руханий баалуулугу-адеп менен билимдүүлүк” аттуу семинар “Элдер достугу” эл аралык окутуу-билим берүү комплексинин негиздөөчүсү Эшназаров Алмазбек жана ОшМУнун теология факультетинин деканы доцент Зайлабидин Ажимаматовдун демилгеси менен Кара-Көл шаардык мериясы, шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү мекемелеринин окутуучу-мугалимдер курамы, шаардык ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер, ОшМУнун теология факультети жана Ыйман гимназиясынын окутуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Аталган семинарда ОшМУнун теология факультетинен; декандын орун басары проф. док. Юсуф Доган, “Исламда бир туугандык” КМДБнын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары жана теология факультетинин доценти Ниязали Арипов, “Исламда үй-бүлө”, теология факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары Асилбек Абдуганиев, “Исламда адеп-ахлактын орду жана маанилүүгү” жана ОшМУнун Ыйман гимназиясынын Түркия тараптан директору Тахир Мехдиоглу “Исламда илим алуунун орду” деген темаларда илимий баяндамаларын жасашты. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга Түркия Диянет фондунун жана ОшМУнун теология факультетинин басылмаларынан “Дивани Хикмат”, “Имам Абу Ханифа жана Ханафий Мазхабы”, “Кыргыздардын Мусулмандашуу Тарыхы, “Ахли Сүннөттүн Залкар Аалымы Имам Матуриди жана Матуридилик”, “Адеп Ахлактын Диний Негиздери”, балдар үчүн “Аңгемелердин Негизинде 40 Дуба” жана башка китептер белек кылынды. Семинардын аягында суроолорго жооп берүү менен бирге ОшМУнун теология факультети жана Ыйман гимназиясы жөнүндө жалпы маалымат берилди.