НКББП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИК АСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

О Ш МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

«Бекитемин»

ОшМУнун ректору________Кожобеков К.Г.

«___»________2019-ж.

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Адистиктин коду: 050717 Теология

Адистиктин аталышы: Теология

Адистин квалификациясы: Теолог

2019-2020-окуу жылы

Окутуу формасы

Күндүзгү

Ош-2019


НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Даярдоо багыты: 050717 Теология

Профиль: Теология

Бүтүрүүчүнүн квалификациялык даражасы: Теолог

1. Жалпы жоболор

1.1. 050717 – “Теология” орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн. Орто кесиптик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталган убактылуу стандарттын талаптарынын негизинде иштелип чыкты.

1.2. Бул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкүдөй термин жана аныктамалар колдонулат:

- негизги кесиптик билим берүү программасы - даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашырууну уюштурууну, максатын, күтүлүүчү натыйжаларын, мазмунун көрсөтүүчү окуу-методикалык документациялардын жыйындысы;

- дисциплиналар цикл ы – тарбиялоонун, окутуунун натыйжаларына жана максатына жетүү үчүн аныкталган логикалык бүтүмгө ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы;

- модуль – коюлган максатка жана окутуунун, тарбиялоонун натыйжаларына жетүү үчүн аныкталган логикалык бүтүмгө ээ болгон окуу дисциплинасынын бөлүгү;

- компетенция – тиешелүү тармакта кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн зарыл болгон өздүк сапаттардын, билим, билгичтик жана көндүмдөрдүн динамикалык комбинациясы;

- кредит (зачеттук бирдик ) – негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек көлөмүнүн шарттуу чени;

- окутуунун натыйжалары – негизги кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуунун натыйжасында иштелип чыккан компетенциялар.

1.3. Бул билим берүү программасында төмөнкүдөй кыскартуулур жана белгилер пайдаланылат:

ОКББ – орто кесиптик билим берүү;

НКББП – негизги кеиптик билим берүү программасы;

ОУБ - окуу-усулдук бирикме;

НКББПнын ДЦ – негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналар циклы;

ЖК – жалпы компетенциялар;

КК – кесиптик компетенциялар;

2. ББПнын максаты, окутуунун натыйжалары жана күтүлүүчү натыйжалар. НКББПны өздөштүрүүгө талаптар

2.1. 050717 ТЕОЛОГИЯ багыты боюнча ОКББнүн НКББПнын максаты.

М-1. Көп улуттуу жана көп конфессионалдуу кыргыз коомчулугунда материалдык жана моралдык баалуулуктарды сыйлаган, мамлекеттин кызыкчылыктарын жогору койгон кесиптик базалык орто билимге ээ личностторду тарбиялоо.

М-2. Теология багыты боюнча алган билим уланта алган жана тиешелүү тараптардын талаптарына жооп берген орто кесиптик кызмат көрсөтүүчү адистерди даярдоо.

2. ББПнын чегинде окутуунун натыйжалары

ОН-1: ЖК1+ЖК2+КК2+КК3+КК6

Мамлекеттик, коомдук жана диний баалуулуктарды айкалыштырып алып кете алат.

ОН-2: ЖК5+ЖК6+ЖК8+КК1+КК13

Кесиптик маселелерди чечүү үчүн жеке же командалык түрдө иштөөнү, жоопкерчилик алууну, гуманитардык жана орто кесиптик программадагы диний дисциплиналардын базалык билимдерин билет жана алардын негизги жоболорун колдоно алат.

ОН-3: ЖК4+КК 5 +КК8

Окуу процессинде заманбап информациялык технологияларды колдонуну билет.

ОН-4: ЖК3+ЖК7+КК 4 +КК7+КК9+КК10+КК14

Кесиптик ишмердүүлүгүндө, ошондой эле диний агартуу тармактарында материалдарды топтойт жана колдоно алат.

ОН-5: КК11+КК12

Салттуу диний түшүнүктөр менен салттуу эмес диний түшүнүктөрдүн айырмачылыгын билет.

Максат менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы:

М-1

М-2

ОН-1

+

ОН-2

+

+

ОН-3

+

ОН-4

+

ОН-5

+

Компетенциялардын окутуунун натыйжаларына дал келүүчүлүк матрицасы:

Калыптандыруучу компетенциялар

Окутуунун натыйжасы

1.

ЖК1+ЖК2+КК2+КК3+КК6

ОН-1

2.

ЖК5+ЖК6+ЖК8+КК1+КК13

ОН-2

3.

ЖК4+КК 5 +КК8

ОН-3

4.

ЖК3+ЖК7+КК4+КК7+КК9+КК10+КК14

ОН-4

5.

КК11+КК12

ОН-5

2.2. Орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерди даярдоодогу НКББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптар.

050717 – «Теология» адистигин аяктаган бүтүрүүчү Негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттарына жана кесиптик ишмердүүлүктүн милдеттерине ылайык төмөндөгүдөй компетенцияларга ээ болушу керек:

а) Жалпы компетенциялар:

ЖК-1: Жеке ишмердүүлүгүн уюштурууну, кесиптик милдеттерди аткаруунун жолдорун жана милдеттерин тандоону, анын сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоону;

ЖК-2: Маселелерди чечүүнү, стандарттык жана стандарттык болбогон абалдарда чечим чыгарууну, инициатива жана жоопкерчилик алууну;

ЖК-3: Кесиптик милдеттерди эффективдүү аткарууну, кесиптик жана личностук өнүгүүнү камсыздоо үчүн изденүүнү, маалыматтарды колдонуу жана интерпретациялоону;

ЖК-4: Кесиптик ишмердүүлүгүндө информациялык-коммуникациялык технологияны колдонууну;

ЖК-5: Команда менен иштешүүнү, коллектив, жетекчилик жана кардарлар менен эффективдүү кызматташууну билет.

ЖК-6: Команданын (карамагындарылардын) аткарган иштеринен жоопкерчилигин алууну жана милдеттерди аткаруунун жыйынтыктарын эске алып аларга иш жеринде кеңеш берүүнү;

ЖК-7: Жеке личносттук жана кесиптик өнүгүүсүн камсыздоону, кесиптик ишмердүүлүгүндө эмгек жана технологиялык өзгөрүүлөргө адаптация болууну билет.

ЖК-8: Чакан коллективдин иштерин уюштурууга жана башкарууга даяр.

б) Кесиптик компетенциялар:

Кесиптик ишмердүүлүк жаатта:

КК-1: Теология тармагына байланыштуу базалык билимдерди активдүү колдонот, ошондой эле профилдик теологиялык дисциплиналарды өздөштүрүүдө философиянын, тарыхтын, искусство таануунун, филологиянын фундаменталдык бөлүмдөрүнүн атайындаштырылган билимдерин колдоно алат.

КК-2: Теологиялык мазмундагы маселелерди чечүүнүн стандарттык ыкмаларын колдоно алат.

КК-3: Кесиптик милдеттерди чечүүдө теологиялык билимдерди колдонууга даяр.

КК-4: Методикалык маселелерди чечүүнүн жолдорун (моделдерин, методдорун, технологияларын жана билим берүү ыкмаларын) жана билим берүүнүн сапатын баалоонун технологиясын колдонот.

КК-5: Коюлган кесиптик милдеттерди чечүүдө заманбап техникалык каражаттарды жана информациялык технологияларды колдоно алат;

КК-6: Инсандарды социалдаштыруунун ыкмаларын, техникаларын жана методикасын билүү жөндөмүнө ээ. Индивиддедин өздөрүн профессионалдуу деңгээлде аныктай алуусу үчүн шарт түзүп берүүгө жөндөмдүү.

Окуу-тарбиялык жана агартуучулк жаатта:

КК-7: Жалпы жана атайын окуу курстары үчүн булактык жана библиографиялык баяндама түзө алат.

КК-8: (Окутуучунун жетектөөсү менен) жалпы жана атайын орто билим берүүчү мекемелердеги окуу процессинде көмөкчү катары тарбия берүүнүн заманбап окуу-уюштуруу методикаларын жана жоболорун колдонот; өз алдынча сабактарды жана окуудан сырткары иш чараларды уюштурууга жөндөмдүү.

Социалдык-практикалык жаатта:

КК-9: Практикалык ишмердүүлүгүндө теологиялык негиздеги билимдерди, жоболорду, методдорду жана ишмердүүлүктүн түрдүү формаларын колдонот.

Эксперттик-консультациялык ишмердүүлүк жаатында:

КК-10: Кесиптик ишмердүүлүк жаатында тиешелүү материалдарды топтойт, системалаштырат жана анализдейт.

КК-11: Анализдөөнүн натыйжасын конкреттүү профилдеги эксперттик-консультациялык маселелерди чечүүдө пайдаланат.

КК-12: Конфессиянын практикалык ишмердүүлүгүнө катыша алат жана изилдөөнүн жыйынтыктарын колдоно алат.

Өкүлчүлүк-далдалчылык жаатында:

КК-13: Диний уюмдардагы сыяктуу эле, диндер аралык, маданий (цивилизациялык), коомдук, мамлекеттик жана илимий өңүттөгү карым-катнаш көйгөйлөрүнүн тарыхы, мүнөзү жана мааниси жөнүндөгү билимин пайдалана алат.

КК-14: Диний уюмдардын катышуусу менен координациялык- структуралык иштеринде, ошондой эле теологдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык тармактарда өкүлчүлүк-далдалчылык кызматын аталган билимдерин колдонуу менен ишке ашыра алат.

2.3. Абитуриенттин даярдык деңгээлине талаптар

2.3.1. Абитуриенттен орто кесиптик билим берүү программасына тапшыруу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- Жалпы орто билим алгандыгы тууралуу аттестат;

- Негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк.

2.3.2. Кабыл алуу университеттин ички абитуриенттерди кабыл алуу эрежесинин негизинде жүргүзүлөт.

2.4. Бү түрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мейкини жана объектилери

А. 050717 - Теология багыты боюнча орто кесиптик программаны бүтүргөндөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мейкини төмөнкүлөр:

- Дин таануу жана теологиялык билим жана тарбия берүүнү уюштуруу;

- Башталгыч диний билим берүү мекемелери

-нде,

-

-

-

-

-

-

-

-

-

маданий мекемелерде жана массалык маалымат каражаттарында, диний проблемага байланыштуу академиялык уюмдарда, дидинй уюм жана бирикмелер менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде консультация берүү кызматын аткара алат.

Б. 050717 - Теология багыты боюнча орто кесиптик программаны бүтүргөндөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери төмөнкүлөр:

- Теологиялык билим берүү жана тарбия;

- Музейдеги экспонаттарды кайра иштетүү, баяндоо жана экскурцияларды жүргүзүү;

- Библиотека жана архивдерде диний жана дин таануу багытындагы материалдарды каталогдоштуруу;

- Массалык маалымат каражаттарына динге байланыштуу материалдарды камсыз кылуу, кайра иштетүү жана консультациялык кызмат көрсөтүү;

- Тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен диний уюмдардын арасындагы кызматташтыкты ишке ашыруу.

2.5. Бү түрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрү:

- Теологиялык ишмердүүлүк;

- Окуу-тарбиялык жана агартуучулук ишмердүүлүк;

- социалдык-практи калык ишмердүүлүк;

- эксперттик-консультатив дик ишмердүүлүк;

- өкүлчүлүк-далдалчылык ишмердүүлүк;

- уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүк .

2 . 6 . Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк милдеттери:

Кесиптик ишмердүүлүк:

Коомдун моралдык жана укуктук нормаларынын негизинде коомдук байланыштарды ыргактуу алып кетүүгө, инсандарды сыйлоого, башка маданияттарга карата толлеранттуу болууга, партнердук мамилелерди чыңдоого даяр;

Граждандык-демократиялык коомдун баалуулуктарын негиз алып, диалог курууну билүү жана активдүү жарандык позицияга ээ болуу;

Алган билимдерин сергек жашоо образын сактоого, табиятты коргоого жана ресурстарды рационалдуу башкарууга колдонуу.

Окуу-тарбиялык жана агартуучулук жаатта:

Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүчү мекемелердин окуу процессинде (жетекчи окутуучунун катышуусунда) тарбия берүүнүн заманбап принциптерин жана окуу-уюштуруунун методикасын колдонуу.

Окуучулардын өз алдынча окууларын жана сабактан тышкаркы иш чараларды уюштурууну билүү.

Социалдык-практикалык жаатта:

Практикалык ишмердүүлүгүндө теологиялык негиздеги маалыматтарды, метод жана принциптерди колдонуу.

Диний уюмдардын практикалык ишмердүүлүгүн изилдөөгө катышуу жана изилдөөнүн жыйынтыгын колдонуу.

Эксперттик-консультациялык ишмердүүлүк жаатында:

Конкреттүү профилдеги эксперттик-консультациялык милдеттерди чечүүдөгү анализдердин жыйынтыктарын колдонуу, теологиялык иш чара жана басылмаларга экспертиза жасоо.

Өкүлчүлүк-далдалчылык жаатында:

Конфессиялар арасында диалог куруп кетүүнү билүү жана алган билимдерин диний уюмдар катышкан координациялык курамдагы иш чараларда колдонуу , ошондой эле өкүлчүлүк-далдалчылык милдеттерди ишке ашыруу.

3 . «Теология» багыты боюнча

Жумушчу окуу планы

Орто кесиптик квалификациялык даражасы: “теолог”

Нормативдик окуу мөөнөтү:

9-класстын базасында 2 жыл 10 ай

11-класстын базасында 1 жыл 10 ай

Дисциплина

Баары ауд

Лк

Пр.

Сем.

СӨАИ

Инд.

Баары

Кред

1-семестр (9-класстын базасы)

730

730

730

1

Кыргыз тили

40

40

40

2

Кыргыз адабияты

40

40

40

3

Орус тили

40

40

40

4

Чет тили

40

40

40

5

Дүйнөлүк тарых

40

40

40

6

Физика

60

60

60

7

Химия

30

30

30

8

Биология

40

40

40

9

Дене тарбия

40

40

40

10

Башталгыч аскердик даярдык

40

40

40

11

Араб тили

100

100

100

12

Математика

100

100

100

13

Куран

80

80

80

14

География

40

40

40

2-семестр

630

630

630

1

Кыргыз тили

40

40

40

2

Кыргыз адабияты

40

40

40

3

Дүйнөлүк адабият

40

40

40

4

Чет тили

40

40

40

5

Адам жана коом

40

40

40

6

Математика

100

100

100

7

Астрономия

20

20

20

8

Физика

60

60

60

9

Химия

30

30

30

10

Дене тарбия

40

40

40

11

Башталгыч аскердик даярдык

40

40

40

12

Араб тили

100

100

100

13

Куран

80

80

80

14

Кыргызстан тарыхы

40

40

40

3-семестр (11-класстын базасы)

480

110

270

100

450

930

30

1

МК

ГСЭ

Кыргыз тили жана адабияты

45

45

45

90

3

2

МК

ГСЭ

Орус тили

45

45

45

90

3

3

МК

ГСЭ

Манас таануу

30

15

15

30

60

2

4

ВК

ГСЭ

Философияга киришүү

45

24

21

45

90

3

5

МК

МЕН

Профессионалдык математика

30

16

14

30

60

2

6

ВК

МЕН

Мусулман илимпоздорунун табигый илимдерге кошкон салымдары

30

15

15

30

60

2

7

МК

ПЦ

Профессионалдык тил (Араб тили)

90

90

90

180

6

8

МК

ПЦ

Ыйык китепти үйрөнүү

60

60

60

120

4

9

МК

ПЦ

Диний ритуалдардын нормалары

75

40

35

75

150

5

10

Дене тарбия

30

30

30

4-семестр

375

120

135

150

375

150

930

30

1

МК

ГСЭ

Чет тили

45

45

45

90

3

2

МК

ГСЭ

Кыргызтсан тарыхы

60

30

30

60

120

4

3

МК

МЕН

Информатика

30

15

15

30

60

2

4

МК

ПЦ

Профессионалдык тил (Араб тили)

30

30

30

30

60

2

5

МК

ПЦ

Ыйык китепти үйрөнүү

60

60

60

120

4

6

МК

ПЦ

Диний ритуалдардын нормалары

30

15

15

30

60

2

7

МК

ПЦ

Пайгамбардын накыл сөздөрү

60

30

30

60

120

4

8

МК

ПЦ

Пайгамбардын өмүр баяны

60

30

30

60

120

4

9

Окуу-үйрөнчүк практика

90

90

3

10

Кыргызстан тарыхы боюнча МА

60

60

2

11

Дене тарбия

30

30

30

Баары

2215

230

1765

250

825

150

3220

60

4. “Теология” багыты боюнча билим берүү программасынын компетенциялар картасы

Блоктор боюнча дисциплина-лардын аталышы

Мамлекеттик стандартта талап кылынган компетенциялар

ЖК1

ЖК2

ЖК3

ЖК4

ЖК5

ЖК6

ЖК7

ЖК8

КК1

КК2

КК3

КК4

КК5

КК6

КК7

КК8

КК9

КК10

КК11

КК12

КК13

КК14

Кыргыз тили жана адабияты

+

+

+

Орус тили

+

+

+

Манас таануу

+

+

+

+

Философияга киришүү

+

+

+

Профессио-налдык математика

+

+

+

Мусулман илимпоздо-рунун табигый илимдерге кошкон салымдары

+

+

+

Профессио-налдык тил (Араб тили)

+

+

+

+

Ыйык китепти үйрөнүү

+

+

+

+

Пайгамбар-дын накыл сөздөрү

+

+

+

Диний ритуалдардын нормалары

+

+

+

Чет тили

+

+

+

Кыргызтсан тарыхы

+

+

+

Информатика

+

+

+

Пайгамбар-дын өмүр баяны

+

+

+

Окуу-үйрөнчүк практика

+

+

5. Окуу планындагы дисциплиналардын программасына аннотация

А) 9-класстын базасынын негизинде кабыл алынган 1-курстун студенттери үчүн жалпы билим берүүчү дисциплиналардын программасына аннотация

Кыргыз тили

1. Кыргыз тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерди мамлекеттик тилде ар кандай турмуштук жагдайларда адабий тилдин нормасын сактап туура сүйлөөгө жана жазууга, окуп, түшүнүгүн айтып берүүгө, турмушунда кеңири колдонууга машыктыруу, кыргыз тилинин фонетикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү тилдик материалдардын жана лингво өлкө таануу прицибине багытталган, адистикке байланышкан тексттердин негизинде үйрөтүү, иш кагаздарынын түрлөрүн жазууга көнүктүрүү. Ошону менен катар кыргыз элинин тарыхы, маданияты, адабияты, каада-салт, үрп адаттары менен тааныштыруу жана түшүнүктөрүн тереңдетүү, улуттар аралык ынтымакты сактоого, бири-бирин сыйлоого чакыруу.

2. НКББПдагы орду: 80 саат.

Кыргыз адабияты

1. Кыргыз адабияты предметин өздөштүрүүнүн максаты: Сабаттуу окурмандарды тарбиялоо жана студенттин адабий чыгармаларды окуу маданиятын өстүрүү, көркөм адабият жөнүндө сөз искусствосу катары түшүнүктөрүн калыптандыруу, натыйжалуу окурмандык чыгармачылыкка кызыктыруу, түрткү берүү.

2. НКББПдагы орду: 80 саат.

Орус тили

1. Орус тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Грамматика жана оозеки байланыш маселелеринде студенттердин билим деңгээлин көтөрүү.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

Чет (англис) тили

1. Чет тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Көп кырдуу маданият жана тилдерди билген личностторду калыптандыруу жана англис тилин жана англис тилинде сүйлөгөндөр менен баарлашууну үйрөтүү.

2. НКББПдагы орду: 80 саат.

Дүйнөлүк тарых

1. Дүйнөлүк тарых предметин өздөштүрүүнүн максаты: Орто кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк менен студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын, адептик жана маданий баалуулуктарын калыптандырат, техникалык билимдерди жана маалыматтарды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон интеллектуалдуу, маданияттуу жана ата мекенди сүйгөн патриот инсанды тарбиялай, эс-тутумдун негизинде тарыхый ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт, азыркы көп улуттуу, көп маданияттуу коомдо өзүн идентификациялоого өз алдынча чечим кабыл алууга, өнүгүүгө жөндөмдүү компетенттүү инсанды калыптандырат.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

Физика

1. Физика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин билимдерин, билгичтиктерин калыптандыруу жана өнүктүрүү менен аны айлана-чөйрөдөөгү, техникадагы, жашоо тиричиликтеги кездешүүчү ар кандай кубулуштарды түшүнүүгө, теориялык билимди практикада пайдалана билүүгө үйрөтүү, билим алуунун андан аркы деңгээлине жетишүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат

2. НКББПдагы орду: 120 саат.

Химия

1. Химия предметин өздөштүрүүнүн максаты: Химия илиминин чарбанын өнүгүшү менен жайгашуусунун мүнөздүү белгилерин айкындап көрсөтүү, ошондой эле эл аралык мамилелердин кээ бир маселелерин козгоо менен дүйнөнүн экономикалык абалынын өнүгүүнүн азыркы учурдагы этабын терең түшүнүүгө жардам берүү. Негизинен студенттерге жалпы химия боюнча түшүнүк берүү, маңызын ачып көрсөтүү.

2. НКББПдагы орду: 60 саат.

Биология

1. Биология предметин өздөштүрүүнүн максаты: Тирүү системалардын касиеттери, тиричиликтин тарыхый өрчүшү, биоталардын планетардык процесстердеги ролу, биология илиминин учурдагы багыттары, проблемалары жана келечектеги мерчемдери жөнүндөгү бүтүндөй бирдиктүү түшүнүктөрдү студенттерге калыптандыруу, профессионалдык дисциплиналарды үйрөтүү үчүн негиздерди берүү. Негизги биологиялык закон ченемдүүлүктөр боюнча билимдерди тереңдетүү; “Биология” курсундагы бардык темалар боюнча түшүнүктөрдү калыптандыруу; чыгармачылыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, курстун мазмуну аркылуу өзүнүн билимин толтуруу жана өз алдынча колдонууга көнүгүү үчүн шарт түзүү; билим берүү процессинин натыйжасын жогорулатуу, бардык студенттерди ийгиликке жеткирүү.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

Дене тарбия

1. Дене тарбия предметин өздөштүрүүнүн максаты: Коомго ылайык ден соолугу чың, ар тараптан өнүккөн аң сезими жогору, акыл-эстүү, эмгекке жана мекенди коргоого даяр жаштарды тарбиялап билим берүү.

2. НКББПдагы орду: 80 саат.

Башталгыч аскердик даярдык

1. Башталгыч аскердик предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерге прикладдык дене тарбия жана ок атуу даярдыгы, турмуш-тиричиликтеги коопсуздукту камсыздоо, жарандык коргонуунун талаптарын өздөштүрүү, аскер ишинин негиздери, ошондой эле күндөлүк турмушта жана ар кандай коркунучтар пайда болгон учурда керек болуучу алгачкы медициналык жардам берүү менен байланышкан турмуштагы өтө маанилүү билим жана ыкмаларды үйрөтүү.

2. НКББПдагы орду: 80 саат.

Математика

1. Математика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Күнүмдүк турмушта керектүү математикалык билимдин системасын, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу. Жалпы интеллектуалдык билгичтиктерин өнүктүрүү, классификациялоо, талдоо, топтоштуруу, системалаштыруу, абстракциялоо, таанып-билүүчүлүк жана жалпы окуу билгичтиктерди; ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгү, ойлонуу логикасы, жалпылоо жөндөмдүүлүгү, мейкиндикти электөөсү, математикалык интуиция, негиздөөнү жана далилдөөнү билүүсү сыяктуу компенеттердин киргизилиши менен математикалык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү ж.б.

2. НКББПдагы орду: 200 саат.

Адам жана коом

1. Адам жана коом предметин өздөштүрүүнүн максаты: Теология колледжинин биринчи курсунун студентинин ийгиликтүү социалдык адаптациясына, социалдык, инсандык, руханий адеп-ахлактык жана экономикалык маданиятын өнүктүрүү. КРнын Конституциясында бектилген гуманисттик жана демократиялык баалуулуктарды сактоого тарбиялоо.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

Кыргызстан тарыхы

1. Кыргызстан тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Орто кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк менен студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын, адептик жана маданий баалуулуктарын калыптандырат, техникалык билимдерди жана маалыматтарды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон интеллектуалдуу, маданияттуу жана ата мекенди сүйгөн патриот инсанды тарбиялай, эс-тутумдун негизинде тарыхый ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт, азыркы көп улуттуу, көп маданияттуу коомдо өзүн идентификациялоого өз алдынча чечим кабыл алууга, өнүгүүгө жөндөмдүү компетенттүү инсанды калыптандырат.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

География

1. География предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дүйнөдөгү элдердин турмуш өзгөчөлүктөрү чарбанын өнүгүшү менен жайгашуусунун мүнөздүү белгилерин айкындап көрсөтөт. Ошондой эле эл аралык мамилелердин кээ бир маселелерин козгоо менен дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы өнүгүнүн азыркы учурдагы этабын терең түшүнүүгө биздин мекенибиз – Кыргыз Республикабыздын чегинен тышкары дүйнөнү ачык айкын элестетүүгө жардам берет.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

Дүйнөлүк адабият

1. Дүйнөлүк адабият предметин өздөштүрүүнүн максаты: Личностту руханий жактан өнүгүүсүнө салым кошуу, заманбап коомдо өз ордун таап кете ала турган, гуманисттик дүйнө таанымга ээ, патриоттуулук сезими бар, көркөм адабиятты сыйлаган стунденттерди тарбиялоо.

2. НКББПдагы орду: 40 саат.

Астрономия

1. Астрономия предметин өздөштүрүүнүн максаты: Астрономиянын маанисин; астрономиялык кубулуштарды жана процесстерди практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгүн; астрономиянын негизги закондорун; терминдерин жана аныктамаларын; астрономиялык чоңдуктардын өлчөө бирдиктерин; сандык жана шарттуу графикалык белгилөөлөрдү үйрөтүүү.

2. НКББПдагы орду: 20 саат.

Б) ЖОЖ компонентиндеги курстардын аннотациялары

Куран

1. Куран предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам дининин ыйык китеби болуп саналган Куранды өз эрежелери менен так, даана жана катасыз окууну үйрөтүү.

2. НКББПдагы орду: 160 саат.

Араб тили

1. Араб тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Араб тилинин грамматикасын үйрөтүү менен диний тексттерди туура чечмелеп талдоого көнүктүрүү.

2. НКББПдагы орду: 200 саат.

В) 11-класстын базасынын негизинде кабыл алынган 1-курстун студенттери үчүн базалык дисциплиналардын программасына аннотация

Кыргыз тили жана адабияты

1. Кыргыз тили жана адабияты предметин өздөштүрүүнүн максаты: Кеп ишмердүүлүгүн (сүйлөө, жазуу, окуу, угуу) мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык жүргүзүүгө машыктыруу, дисицплинадан алган билим, көндүмдөрүн кесиптик ишмердүүлүктө туура пайдаланууга көнүктүрүү, кыргыз элинин маданий баалуулуктары менен тааныштыруу жана түшүнүктөрүн тереңдетүү, мекенди сүйүүгө, эли-жерин сыйлоого чакыруу.

2. НКББПдагы орду: ГСЭ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-1.1), 90 саат, 3 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Программа боюнча кыргыз тилинин фонетика, лексика, морфология, синтаксис, стилистика, иш кагаздары, байланыштуу кеп, кеп маданияты бөлүмдөрүнөн тандалып алынган темалар менен тыгыз байланышта өтүлөт.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, КК7, КК10.

Орус тили

1. Орус тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерде орус тилинин грамматикасы жана кеп маданиятынын кеңейишин калыптандыруу.

2. НКББПдагы орду: ГСЭ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-1.2), 90 саат, 3 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Орус тилинин фонетикасы, лексикасы, морфологиясы, фразеологиясы, синтаксиси ж.б. ар кандай ык жана көндүмдөр аркылуу студенттерге жеткирилет.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «орус тили» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, КК7, КК10.

Чет (англис) тили

1. Чет (англис) тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дүйнөлүк тил катары англис тилин үйрөнүү, кеп ишмердүүлүгүн (сүйлөө, жазуу, угуу, окуу) бүгүнкү дүйнөлүк тилдик талаптарга ылайык жүргүзүү. Англис тилиндеги маалыматтарды колдоно алуу жөндүмдүүлүктөрүн арттыруу, интеллектуалдык потенциалын, билимин жана билгичтиктерин Кыргызстандын ар тараптан өнүгүшү үчүн жүзөгө ашырууга даяр экендигине тарбиялоо, өлкө үчүн патриоттук сезимдерин жогорулатуу. Компетенттик мамиле менен студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын калыптандыруу, жалпы маданияттуулуктун деңгээлин, кругозорун жана дүйнө таанымын өстүрүү. Аталган дисциплинадан алган билим, көндүмдөрүн кесиптик ишмердүүлүктөрүнө туура пайдаланууга көнүктүрүү, дүйнө элдеринин маданий баалуулуктарын таануу жана үйрөнүү.

2. НКББПдагы орду: ГСЭ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-1.3), 90 саат, 3 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Предмет анлис тилинин фонетикасы, грамматикасы, лексикасы жана өз алдынча окуу сааттарынын негизинде ишке ашырылат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «чет (англис) тили» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, ЖК5, КК1.

Кыргызстан тарыхы

1. Кыргызстан тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Күндүзгү окуу бөлүмүндө билим берүүдө компетенттүүлүк менен студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын, адептик жана маданий баалуулуктарын калыптандырат, техникалык билимдерди жана маалыматтарды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон интеллектуалдуу, маданияттуу жана ата мекенди сүйгөн патриот инсанды тарбиялай, эс-тутумдун негизинде тарыхый ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт, азыркы көп улуттуу, көп маданияттуу коомдо өзүн идентификациялоого өз алдынча чечим кабыл алууга, өнүгүүгө жөндөмдүү компетенттүү инсанды калыптандырат.

2. НКББПдагы орду: ГСЭ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-1.4), 120 саат, 4 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Кыргызтсан жана кыргыздар эң байыркы жана байыркы доордо. Кыргыздар жана Кыргызстан түрк доорунда. Орто кылымдагы кыргыз мамлекеттери. Кыргыздар жана Кыргызстан монгол доорунда XIII-XVI к.. Кыргыз элинин калыптанышы жана кыргыздар XVI-XVII к. Кыргызстандын жана кыргыздардын VI-XIX кк. Маданияты. Кыргызстан жана кыргыздар Кокон хандыгынын мезгилинде. Кыргызтсан Россия империясынын колониясында. XIX к. аягы-XX к. башындагы Кыргызстандагы улуттук-боштондук кыймылдар. Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу жана революциялык талкуулар. Кыргыз улуттук мамлекетинин түзүлүшү жана өнүгүү этаптары. Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында. Кыргызстан согуштан кийинки жылдарда. Кыргызстан кайра куруу жылдарында. Кыргызтсан эгемендүүлүк жылдарында.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Кыргызстан тарыхы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК6, КК1, КК13.

Манас таануу

1. Манас таануу предметин өздөштүрүүнүн максаты: «Манас» эпосубузда чагылдырылган кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын, этнопедагогикасын үйрөнүү менен акыл-ой, рухий, сөз байлыктарын кесиптик, күндөлүк жана социалдык маанилүү кырдаалдарда колдоно билүүсүнө көнүктүрүү, элин, жерин, Ата-Мекенин, улуттук дөөлөттөрүн сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо, улуттук аң-сезимин көтөрүү.

2. НКББПдагы орду: ГСЭ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-1.5), 60 саат, 2 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Кыргыз адабиятынын бөлүмдөрү. Фольклордук чыгармачылыктын табияты. Эпос жанры. «Манас» эпосу. Эпостун жаралуу доору боюнча илимий көз караштар. Эпосту жыйноо, изилдөө, которуу иштери, этаптары, өкүлдөрү. Манасчылык өнөрү жана манасчылар, эпостун варианттары. С.Орозбаков – улуу манасчы. С. Каралаев – алп манасчы. Эпостун салттуу өзөк окуялары, бөлүмдөрү. Баатырдын төрөлүшү, эр жетиши, алгачкы эрдиктери. Ала-Тоону душмандардан бошотуу. Алмамбет баяны. Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Көкөтайдын ашы. Чоң казат. Эпостогу образдар системасы: баатырлардын образы. Эпостогу карыялардын жана аялдардын образы. «Манас» эпосунун улуттук искусствонун башка түрлөрүндө орун алышы.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Манас таануу» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, ЖК5, КК1, КК10.

Профессионалдык математика

1. Профессионалдык математика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Кесиптик математиканы болочок кесибине ылайык окутуу, математикалык аппараттарды кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно билүүсүн үйрөтүү, алардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.

2. НКББПдагы орду: МЕН циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-2.1), 60 саат, 2 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Сызыктуу алгебра жана аналитикалык геометриянын элементтери, матрицалар жана алардын үстүндө берилген амалдар, сызыктуу теңдемелер системасы жана аларды чыгаруунун жолдору, координаталар системасы, түз сызык, тегиздик, мейкиндик түшүнүктөрү, көптүктөр, векто түшүнүгү, математикалык анализ: функция жана анын берилиш жолдору, дифферециалдык жана интегралдык эсептөөлөр, ыктымалдык теориянын элементтери.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «профессионалдык математика» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, КК4.

Информатика

1. Информатика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерде сылыктык, кечиримдүүлүк сыяктуу социалдык-руханий, жоопкерчиликтүү, максатка карай умтулуу сыяктуу социалдык-личносттук сапаттарды, информатика, информатиканын башка илимдер менен байланышы, компьютердик технологиялардын жана эсептөө техникалык каражаттарынын негизги түшүнүктөрүн, ошондой эле теология багыты боюнча калкка ак кызмат адистерди калыптандыруу.

2. НКББПдагы орду: МЕН циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-2.2), 60 саат, 2 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Маалымат түшүнүгү, информацияны жыйноо, берүү, кайра иштетүү жана топтоо процессинин жалпы мүнөздөмөсү. Информациялык процесстерди реализациялоонун техникалык жана программалык каражаттары. Компьютердик негизги функциялары жана MSWord, Power Point, таблица жана графикалар менен иштешүү ж.б.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «информатика» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК4, КК5.

Профессионалдык тил (Араб тили)

1. Профессионалдык тил (Араб тили) предметин өздөштүрүүнүн максаты: Араб тилинин грамматикасын үйрөтүү менен бирге тафсир, хадис, фикх сыяктуу предметтерди өздөштүрүү үчүн студенттерге практикалык негизде араб тилинде диний тексттерди талдоого, келечекте эркин сүйлөөгө даярдык жүргүзүү.

2. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.1), 240 саат, 8 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Араб тили предмети ислам дининде маанилүү орунга ээ болгон Куранды түшүндүрүү жана чечмелөөгө негизделет. Тилдин грамматикасы, анын ичинде сарф жана нахив илимдерин керектүү деңгээлде өздөштүрүүнү камтыйт.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «профессионалдык тил (араб тили)» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, ЖК7,КК2, КК10.

Ыйык китепти үйрөнүү

1. Ыйык китепти үйрөнүү предметин өздөштүрүүнүн максаты: Куран таануу предметинде Куранды туура окуп үйрөнүүнүн усулу катары тажвиддин тарыхы, илим катары өнүгүүсү, кыраат илими жана өзгөчөлүктөрү окутулат. Ошондой эле Куран тексттерин тажвид эрежесине ылайык окуу үйрөлөт жана кыска сүрөлөрдү жаттоого маани берилет.

1. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.2). 8 кредит, 240 саат.

2. Кыскача мазмуну: араб тамгалары жана жазылышы, арабча тыбыштардын айтылышы, Курандын тарыхы, тажвид эрежелери, Куранды тажвид эрежелери менен туура окуу, дуба жана кыска сүрөлөрдү жаттоо.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «ыйык китепти үйрөнүү» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК8, КК1, КК8, КК9.

Диний ритуалдардын нормалары

1. Диний ритуалдардын нормалары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Диний ритуалдардын нормаларын туура жана так үйрөтүү.

2. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.3). 7 кредит, 210 саат.

3. Кыскача мазмуну: Диний ритуалдардын нормалары предмети диндеги негизги өкүм-жоболордун негизинде теориялык маалыматтар менен практикалык ишмердүүлүктөрдү айкалыштырып үйрөтүүгө басым жасайт. Мында ыйман, амал жана адеп-ахлак нормаларынын бири-бири менен байланыштары диндеги негизги далилдер менен бирге окутулуп үйрөтүлөт. Күнүмдүк, апталык, айлык, жылдык ибадат нормалары жана ошондой эле адамдын төрөлүүсүнөн өлүмүнө чейинки ар түрдүү ритуалдардын эрежелери студенттин дин таануу адиси болуусундагы фундаменталдык билимге ээ болуусуна салым кошот.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «диний ритуалдардын нормалары» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК1, ЖК3, КК9.

Пайгамбардын накыл сөздөрү

1. Пайгамбардын накыл сөздөрү предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам дининде Курандан кийинки булак катары эсептелген Мухаммед пайгамбар жана анын накыл сөздөрүнүн тарыхын, аны түшүнүүнүн усулун жана маани-маңызын туура, так үйрөтүү болуп эсептелет.

2. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.4). 4 кредит, 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Пайгамбардын накыл сөздөрү предмети араптардын Мухаммед пайгамбарга чейинки жашоо шарттары, Мухаммед пайгамбардын санжырасы, үй-бүлөсү жана урпактары, Мухаммед пайгамбардын мүнөзү жана анын достору, Мухаммед пайгамбардын сөздөрүнүн маанилүүлүгү, Мухаммед пайгамбардын сөздөрүнүн кагаз бетине түшүрүлүүсү, Мухаммед пайгамбардын сөздөрүнө шайкеш келген кыргыз элиндеги макал-лакаптар деген мазмундагы темалардын алкагында жүргүзүлөт. Аталган предмет орто кесиптик базада окутулгандыктан бакалаврдагы хадис, ислам тарыхы, Мухаммед пайгамбардын өмүр-баяны деген аталыштагы предметтерге даярдык болуп эсептелет.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «пайгамбардын накыл сөздөрү» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК5, КК2, КК10.

Пайгамбардын өмүр баяны

1. Пайгамбардын өмүр баяны предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерге пайгамбардын өмүр баяны тууралуу маалыматтарды ар түрдүү каражаттардын жардамы менен туура жана так үйрөтүү.

2. НКББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.8). 4 кредит, 120 саат.

3. Кыскача мазмуну: Пайгамбардын өмүр баяны предмети аркылуу колледж студентине Аз. Мухаммеддин өмүр баяны жөнөкөйлөштүрүлгөн формада үйрөтүлөт. Мында сүрөттөр, карталар, аңгемелер, слайддардын жардамында студенттин элесинде Азирети Мухаммеддин жашоосу сүрөттөлүп үйрөтүлөт. Албетте пайгамбардын өмүр баяны предметинде пайгамбардын мусулмандар менен, душман менен, коңшулар менен, тууган-урук менен, башка дин өкүлдөрү менен ошондой эле коомдун ар кандай катмарындагы инсандар менен болгон байланыштары мисалдардын чегинде түшүндүрүлөт.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «пайгамбардын өмүр баяны» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: КК1, КК3, КК10.

Г) ЖОЖ компонентиндеги курстардын аннотациялары

Философияга киришүү

1. Философияга киришүү предметин өздөштүрүүнүн максаты: Курчап турган дүйнө жөнүндө системалуу илимий билиге ээ кылуу, дүйнө картинасын жана заманбап концепцияларды, дүйнөлүк көз караштар системасын, адамдын коомдогу жана жараталыштагы ордун жана ролун түшүндүрүү, жашоонун жана маданияттын баалуулуктарын баалай билүүгө (түшүнүүгө) жөндөмлүүлүгүн арттыруу.

2. НКББПдагы орду: ГСЭ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-1.5), 90 саат, 3 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Философия предмети. Философиянын адамдын жашоосундагы орду жана ролу. Философиянын тарыхый типтери. Дүйнөнү философиялык түшүнүү. Диалектика жана анын альтернативалары. Жаратылыш – философиялык ой жүгүртүүнүн объектиси катары. Философиядагы адам проблемасы. Аң сезим, анын келип чыгышы жана маңызы. Таанып билүү – философиялык анализдин предмети катары. Илимий таанып билүү. Таанып билүүнүн методдору. Коом – система катары. Коомдун негизги чөйрөлөрү.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «философияга киришүү» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК7, КК1, КК6.

Мусулман илимпоздорунун табигый илимдерге

кошкон салымдары

1. Мусулман илимпоздорунун табигый илимдерге кошкон салымдары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын максаты, мусулман коомунун тарыхын жана жетишкендиктерин туура жана так талдоо, илим бир диний илимдер менен чектелбегендигин, исламдын табигый илимдерди өздөштүрүүгө маани бергендигин студенттерге жеткирүү, аларда туура түшүнүктү калыптандыруу болуп эсептелет.

2. НКББПдагы орду: МЕН циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-2.3), 60 саат, 2 кредит.

3. Кыскача мазмуну: Орто кесиптик теологиялы билим берүү адистиктигинде окуган студенттер үчүн түзүлгөн бул программада илим алуу, ой жүгүртүү, өрнөк алуу, акыл калчоого багытталган аят-хадистерге сугарылган мусулман илимпоздорунун түрдүү илимдердеги жетишкендиктери жөнүндө кеп козголот. Өзгөчө маселеге байланыштуу абдан көп мисалдар келтирилип, курсту аяктоо менен студенттин белгилүү деңгээлде бул багытта билимдерге, көндүмдөргө жана ыктарга ээ болуусуна басым жасалат. Курс окууга багыттаган Куран аяттарды жана хадистер менен башталат. Андан ары ар тармактагы жетишкендиктер жөнүндө кеңири кеп козголуп, исламдын сабатсыздыктын, түркөйлүктүн эмес, алдыга умтулган коомду жетиштирүүгө жол ачкан дин экенине шилтеме жасалат.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «мусулман илимпоздорунун табигый илимдерге кошкон салымдары» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК3, КК1, КК5.

6. Практикалардын программасына аннотация

Окуу-үйрөнчүк практикасынын программасына аннотация

Практиканын максаты

Практиканын бардык түрлөрүнө кесиптик компетенциялардын калыптануусу максатында алган теориялык билимдерин колдонуу аркылуу тажрыйба алуу менен алган билимин бекемдөө

Практиканын милдеттери:

- Билим берүү системасынын жана билим берүү мекемелеринин окуу-тарбиялык процесси менен тааныштыруу;

- Диний билим берүү, мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүчү мекемелердин админстрациясынын, класс жетекчилердин функционалдык милдеттери менен таанышуу;

- Класс жетекчилердин тарбиялык иштеринин системасын окуп үйрөнүү;

- Ата-энелер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү;

- Коомдук уюмдарда, массалык маалымат каражаттарында, маданий, муниципалдык жана мамлекеттик динге байланышкан маселелерде консультация берүүнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү;

- Динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структураларда (дин комиссиясы, муфтият, казыят ж.б.)

иштөөнүн жол-жобосун үйрөнүү.

Практиканын мөөнөтү:

- 2-курс 4-семестр: 2 жума

Практиканы жыйынтыктоо:

Отчеттуулуктун формасы: Экзамен

Отчеттуулуктун документи: Практиканын күндөлүгү

Практика мезгилинде ала турган билим, билгичтик, ык-машыгуулар:

Кесиптик жана атайын дисциплиналар боюнча алган теориялык жана методологиялык билимдерин бышыктоо.

Тарбиялануучулар менен иштешүү.

Практиканын жыйынтыгын жана анализин жазууну үйрөнүү.

Практиканын мазмуну:

Динге байланышкан мекеме-уюмдар, башталгыч класс жана мектепке чейинки мекемелер, класс, класстык журнал жана тиешелүү документтер менен таанышуу.

Практиканын мезгилинде калыптана турган копетенциялар:

Окуу-үйрөнчүк практика: ЖК5, КК8.

7. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга карата талаптар

7.1. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация орто кесиптик адистик боюнча мамлекеттик сынакты камтыйт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бүтүрүүчүнүн кесиптик деңгээлинин даярдыгын аныктоого багытталган.

Бүтүрүүчүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына кирген аттестациялык сыноолор ал окуп өздөштүргөн орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасына толугу менен дал келүүсү керек.

7 . 2 . Адистик боюнча мамлекеттик сынакка талаптар.

050717 Теология багыты боюнча мамлекеттик сынактын программасы жана өтүү тартиби Теология багыты боюнча ОУБ тарабынан иштелип чыккан методикалык сунуштардын жана тийиштүү болжолдуу программалардын, ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген орто кесиптик билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү токтомуна (№470, 04.07.2012) таянат.

Бирок 2019-2020-окуу жылында 050717 «Теология» багыты боюнча орто кесиптик билим берүү программасынын бүтүрүүчү курсу болбогондуктан, бул окуу жылында Мамлекеттик сынак өткөрүлбөйт.

8. Баалоо каражаттарынын фонду

1. Мухаммед пайгамбардын сөздөрү менен шайкеш келген кыргыз элиндеги макал-лакаптарга мисал айтып бериңиз? (ОН-1)

2. Ажылыктын парз экендигин билдирген аятты мааниси менен түшүндүрүңүз? (ОН-1)

3. Аз. Мухаммеддин Нажран христиандары менен байланышын түшүндүрүңүз? (ОН-1)

4. Илим алуу ийне менен кудук казгандай деген макал менен Мухаммед пайгамбардын илим алуу тууралуу айткан сөздөрүн салыштырып бериңиз? (ОН-1)

5. Иудейлердин мусулмандар менен түзгөн келишимин бузгандыктарын мисалдар менен түшүндүрүңүз? (ОН-1)

6. Мухаммед пайгамбардын мекенге болгон сүйүүсүн өрнөк катары алып, өзүңдүн мекен тууралуу пикириңди түшүндүрүп бер? (ОН-1)

7. Мухаммед пайгамбардын коомго кандай мамиле жасаганын өрнөк катары алып, коомго кандай мамиле жасоо керектигин түшүндүрүп бериңиз? (ОН-1)

8. Вааз кылууга кандай дуба менен башталат? Айтып бериңиз? (ОН-1)

9. Мусулмандын мамлекетине карата милдеттери кандай? (ОН-1)

10. Орозо ибадатынын жекелик жана коомдук пайдаларын түшүндүрүңүз? (ОН-1)

11. Араптар жашоо образы жагынан канчага бөлүнөт? Түшүндүрүңүз? (ОН-1)

12. Мухаммед пайгамбардын мүнөзүн жана коомдо бааланган мүнөздөрүн салыштырып бериңиз? (ОН-1)

13. Алгачкы мусулмандар кимдер болгон? Алар кайсыл жерде динди үйрөнүшкөн? (ОН-1)

14. Зекеттин парз экендигин билдирген аяттардан мисал келтирип, кайсыл жылы мусулмандарга парз болгонун айтыңыз? (ОН-1)

15. Курмандык чалуу мусулмандарга качан билдирилген? Курмандык качан чалынат? (ОН-1)

16. Баланын төрөлүүсүнө байланыштуу жөрөлгөлөрдү түшүндүрүңүз? (ОН-1)

17. Алгач шейит кеткен мусулмандар кимдер болгон? Түшүндүрүңүз? (ОН-1)

18. Куран жана хадистерде окууга, илим алууга, ой жүгүртүүгө, акыл калчоого багытталган далилдерди жазып, азыркы учур менен байланыштырып ачыктагыла. (ОН-2)

19. Араптардын Мухаммед пайгамбарга чейинки жашоо-шарттарын негиз алып, Мухаммед пайгамбардан кийин арап коомундагы өзгөрүүлөрдү мисалдары менен баяндап бериңиз? (ОН-2)

20. Мусулман картографтардан кимдерди билесиң жана алардын өзгөчөүктөрү кандай? (ОН-2)

21. Мухаммед пайгамбардын урпактары делген катмарды ислам тарыхы предметинин негизинде тушүндүрүп бер? (ОН-2)

22. Асмандын көк экендиги жөнүндө Кинди эмне деп айткан жана анын айтканы азыркы илимий көз карашка дал келеби? (ОН-2)

23. Мусулмандардын жана Библиядагы маалыматтардан пайдалануу менен бирге Мухаммед пайгамбардын санжырасын анализдеп бериңиз? (ОН-2)

24. Мухаммед пайгамбардын жоопкерчилиги жана анын жоопкерчилик тууралуу айткан сөздөрүн учурдагы окуялар менен байланышта чечмелеп бериңиз? (ОН-2)

25. Курайшты исламга каршы чыгууга түрткөн себептер эмнелер болгон? Мисал келтириңиз? (ОН-2)

26. Ислам цивилизациясынын түптөлүшүндөгү негизги себеп, же себептер эмнелер деп ойлойсуңуз? (ОН-2)

27. Ибн Вахшия менен Ибн Аввам өсүмдүктөр жөнүндө кандай көз караш айтышкан жана бул көз караш жаныбарларды да ичине камтыйбы? (ОН-2)

28. Карафи асман желеси тууралуу эмне деген жана ал азыркы илимий чындыкка дал келеби? (ОН-2)

29. Араптардын кандай ишенимдерди карманышканын жана Мухаммед пайгамбардын аларга каршы кандай күрөш алып барганын мисалдары менен түшүндүрүп бериңиз? (ОН-2)

30.Меккенин каратылышы кандай тартипте ишке ашкан? Аз. Мухаммеддин меккеликтерге карата мамилеси кандай болгон? (ОН-2)

31. Ислам – караңгылык жана түркөйлүктүн себепчиси болушу мүмкүнбү? Эмне үчүн? (ОН-2)

32. Абдуллатиф ал-Багдади ким, остеология жаатында эмнелерди аткарган жана аны модерн астеологиянын куруучусу деп атоого болобу? (ОН-2)

33. Пайгамбар болгонго чейин Аз. Мухаммеддин адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына мисал келтирип түшүндүрүңүз? (ОН-2)

34. Ислам тарыхында курулган обсерваториялар жөнүндө кеңири маалымат бергиле. (ОН-2)

35. Пири Реис тарабынан сызылган дүйнөнүн картасы жөнүндө эмнелерди билсиңер? (ОН-2)

36. Ыйман деген эмне? Ыймандын канча негизи бар? (ОН-4)

37. Ислам тарыхынын алгачкы доорлорунда кандай билим берүү мекемелери курулган? (ОН-4)

38. Мухаммед пайгамбардын сөздөрү менен Курандын сөздөрүнүн айырмасын түшүндүрүп бериңиз? (ОН-4)

39. Ислам тарыхында математика илиминдеги ачылыштар жөнүндө эмнелерди жаза аласыңар? (ОН-4)

40. Тазалыкта маанилүү болгон даараттын канча парзы бар? (ОН-4)

41. Мухаммед пайгамбардын сөздөрү кандай ыкмалар менен кагаз бетине түшүрүлгөнүн негиз алып, аны учурдагы бир мисал менен салыштырып бериңиз? (ОН-4)

42. Нөл саны качан, каерде биринчи жолу колдонула баштаган, ал кандай аталган жана кандай жаңылыктарды алып келген? (ОН-4)

43. Гусул аятын айтып, гусулдун канча парзы бар экенин түшүндүрүңүз? (ОН-4)

44. Модерн астрономиянын куруучусу ким жана ал илимге кандай жаңылыктарды алып кирген? (ОН-4)

45. Битружи астрономия жаатында кандай ачылыштарды жасаган? (ОН-4)

46. Мухаммед ал-Фаргани астрономия илиминде эмнелер менен алек болгон? (ОН-4)

47. Эмне үчүн мусулмандар Мухаммед пайгамбардын сөздөрүн аныктоо үчүн атайын методология иштеп чыгышканын мисалдары менен түшүндүрүп бериңиз? (ОН-4)

48. Кайсыл мезгилде таяммум кылууга болот жана таяммумда канча парз бар? Айтып бериңиз? (ОН-4)

49. Намаздын парз экендигин билдирген аятты мааниси менен түшүндүрүңүз? (ОН-4)

50. Жума намазы качан жана кайсыл аяттын негизинде парз экендиги билдирилген? Аяттын маанисин түшүндүрүңүз? (ОН-4)

51. Бир сөздүн Мухаммед пайгамбардын сөзү экенин кандай ыкмалар менен аныктай алабыз? (ОН-4)

52. Ислам тарыхында өнүккөн саат технологиялары жөнүндө эмнелерди билесиңер? (ОН-4)

53. Орозо ибадатынын парз экендиги кайсыл аят аркылуу белгиленген? Түшүндүрүңүз? (ОН-4)

54. Фитир садакасы качан берилет жана анын өлчөмдөрү тууралуу маалымат бериңиз? (ОН-4)

55. Дарвиндин эволюциялык теориясы жөнүндө маалымат берип, ислам тарыхында кайсыл илимпоздор бул жаатта жаңылыктарды алып кирген айтып бергиле. (ОН-4)

56. Намаз ибадатынын жекелик жана коомдук пайдаларын түшүндүрүңүз? (ОН-4)

57. Ислам тарыхында химия илиминдеги агымдарды жана алардын өзгөчөлүктөрүн жазгыла? (ОН-4)

58. Исламга чейинки доордо арап уруулары тарабынан тутунулган бутпарастык ишеними кандай болгон? Түшүндүрүңүз? (ОН-4)

59. Аз. Мухаммеддин пайгамбар катары негизги милдеттери эмнелер? Түшүндүрүңүз? (ОН-4)

60. Тиббун-набавийя менен илимий медицинаны кандай байланыштырууга болот? (ОН-4)

61. Аз. пайгамбар доорундагы жалганчы пайгамбарлар кимдер болгон? Алардын негизги максаты эмне болгон? (ОН-4)

62. Закария ал-Казвини жер титирөөлөр жөнүндө эмне деген? (ОН-4)

63. Арабистан жарым аралында иудейлер кайсыл аймакта жашашкан? Эмне себептен ал жерге келип калышкан? (ОН-4)

64. Тоо-таштардын пайда болуусу жөнүндө Ибн Синанын теориясын учурдагы илимий негиздер менен ачыктап жазгыла. (ОН-4)

65. Арабистан жарым аралында христиандар кайсыл жерлерде жашашкан? Алардын негизги ишеними кандай болгон? (ОН-4)

66. Арабистандагы сабийлик дининдегилердин Кудай түшүнүгү кандай болгон? Түшүндүрүңүз. (ОН-4)

9. НКББПны иштеп чыккандар, эксперттер:

Аты-жөнү

Кызмат орду

Колу

1.

Калбердиев А.Р.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти

2.

Арипов Н.Т.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти

3.

Жумабаев М.А.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу

Эксперт: Самидин ажы Атабаев – Ош облусунун казысы