Усулдук кеңештин курамы

2023-жылдын сентябрь айында теология факультетинин усулдук кеңешинин курамы төмөндөгүчө бекитилди:

Теология факультетинин усулдук ке ңешинин курамы

Ф. А. А.

Кызматы

Илимий даражасы

1.

Ажимаматов Зайлабидин Касымович

Декан

Дин таануу адистиги боюнча философия доктору, доцент

2.

Хилми Караагач

Декандын орун басары

Дин таануу адистиги боюнча философия доктору, доцент

3.

Абдуганиев Асилбек

Кафедра башчысы

Дин тануу адистиги боюнча философия доктору

4.

Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевич

Окутуучу

Дин тануу адистиги боюнча философия доктору, доцент

5.

Зууридинов Өскөнбай Анаркулович

Окутуучу, практика жетекчиси

Дин тануу адистиги боюнча философия доктору

6.

Тажибаев Санжарбек Лочинбекович

Окутуучу, усулдук кеңештин төрагасы

Факультеттин илимий-усулдук иштерин аныкталды жана анын планын түзүлүп, бекитилди. «Теология» багыты боюнча орто кесиптик билим берүү, бакалавр программаларынын ОМКлары түзүлүп авнге жүктөлдү. Стейкхолдерлерден алынган сунуш-пикирлер факультеттин Окумуштуулар кеңешинде же кафедранын кеңешмелеринде талкууга алынып, тийиштүү чаралар алынды. Теология факультетинде иш берүүчүлөр жана студенттердин ата-энелери менен атайын жыйындар өткүрүлүп иш берүүчүлөр жана ата-энелер менен болгон жыйындарда айтылган сунуш-пикирлер жана талаптардын (26.01.2021 Теология факультетинин жумуш берүүчүлөр менен өндүрүштүк жыйынынын № 1-Токтому) негизинде Түркия диянет фондунун колдоосу аркылуу Курани Карим предмети боюнча окутуучу жыл сайын чакырылып алып келинди. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр жана ата-энелердин негизги сунуш пикирлеринен жана талаптарынан бири (26.01.2021 Теология факультетинин жумуш берүүчүлөр менен өндүрүштүк жыйынынын № 1-Токтому) студенттердин араб тилин жакшы өздөштүрүүлөрүнө шарттардын түзүлүүсү эле. Бул негизде факультетибизде тилдер боюнча жетиштүү деңгээлде окутуу жагы жакшы деңгээлде каралды жана Сирия мамлекетинен араб улутундагы бир окутуучу келишим негизинде жумушка кабыл алынып студенттердин араб тилин мыкты өздөштүрүүлөрү үчүн шарт түзүлдү. Ошондой эле студенттер факультетте иштеген бул араб улутундагы араб тили окутуучусу менен практика жүзүндө баарлашып, арабча сүйлөө речин өнүктүрүү мүкүнчүлүктөрүнө да ээ болушту.

Жумуш берүүчүлөрдөн түшкөн дагы башка талаптардын (26.01.2021-ж. Теология факультетинин иш берүүчүлөр менен жыйынынын № 1-Токтому) негизинде, студенттердин мечит медреселер менен байланышын, келечекте бул тармакта иштөөдө өз ишенимдерин арттыруу үчүн «классикалык араб тили грамматикасын» окутуу жаатында атайын сабактан сырткары кошумча курстар уюштурулду.(Теология факультетинин АК токтому 15.02.2021) Бул курстарда араб тилинин грамматикасы гана окутулуп калбай, араб тилинде исламий илимдердин негизги булактарынан өзгөчө ханафий мазхабына жана матуридий акыйдасына таандык китептер окутулуп жатат. (Тиркеме: ОшМУнун ректору К.Г.Кожобековдун №528-ФХД/21 18.12.2021 буйругу жана курстун окуу программасы).

Окуу жылынын I жана II жарым жылдыгынын башында теология факультетине тапшырып өткөн студенттердин билимин баалоо жана теңдөө механизминин алкагында мониторинг жүргүзүлөт.

Мониторингдин максаты: ОшМУнун миссиялары жана ага ылайык түзүлгөн факультеттин максаттарынын негизинде студенттердин билимин теңдөө жана компетенттүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.

Тандоо көлөмү:2020-2023 окуу жылдары

Мониторинг жүргүзүүнүн формасы: тест жана жазуу түрүндө ишке ашырылды.

2020-2023 жылдар аралыгындагы бакалавр программасына кабыл алынган студенттер боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде базалык билими бакалавр программасын улантып кетүүгө жетишсиз деп табылган студенттерге тиешелүү предметтер боюнча атайын кошумча сабактар жана курстар уюштурулду. Бул сабак жана курстардын аягында кайрадан сынак өткөрүлүп ал студенттердин билим деңгээли бакалавр программасын улантып кетүүгө мүмкүн деп табылды. Мисалы: 2022-2023 окуу жылынын сентябрь айында Өзбекстандык 5 студент үчүн кыргыз тили боюнча атайын кошумча сабак уюштурулду.(ОшМУнун теология факультетинин дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын Кеңешмесинин № 2-токтому 15.09.2022)

Р еспонденттердин тайпа боюнча бөлүнүшү жана натыйжалары:

Тайпасы

Предмет

Мониторингге катышкан

студенттердин аны

Мониторинг

Канааттандыраарлык эмес «2»

Орто «3»

Жакшы «4»

Эң жакшы «5»

Т(б)-1-20

Т(б)-2-20

Кыргыз тили

39

Жылдын башында

(1,3 %)

(24,4%)

(54,5 %)

(19,8 %)

Жылдын аягында

(0 %)

(0%)

(35%)

(65%)

Орус тили

40

Жылдын башында

(7,1 %)

(46,2 %)

(30,1 %)

(16,6 %)

Жылдын аягында

(0 %)

(4,4%)

(64,5 %)

(31,1 %)

Т(б)-1-21

Т(б)-2-21

Кыргыз тили

43

Жылдын башында

(8,53 %)

(62,5 %)

(21,77%)

(7,2%)

Жылдын аягында

(0 %)

(2,21 %)

(27,77%)

(70,2%)

Орус тили

36

Жылдын башында

(38 %)

(57 %)

(5 %)

(0 %)

Жылдын аягында

(0%)

(21,53%)

(28,57%)

(49,9%)

Т(б)-1-23

Т(б)-2-23

Кыргыз тили

35

Жылдын башында

(15,5 %)

(39,6 %)

(28,7%)

(16,2%)

Жылдын аягында

(0 %)

(1,2 %)

(32,7%)

(66,1%)

Т(б)-1-23

Т(б)-2-23

Математика

31

Жылдын башында

(52,6 %)

(36,8 %)

(10,6 %)

(0 %)

Жылдын аягында

(5%)

(12,5%)

(32,5%)

(50%)

Студенттердин билимин теңдөө жана компетенттүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлгөн иш чаралар канааттандыраарлык деңгээлде аткарылды.

Студенттердин билимин теңдөө жана компетенттүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кыргыз тили, орус тили жана англис тили предметтеринин окутуучулары канааттандыраарлык балл алалбаган студенттер менен сабактан сырткары өз алдынча иштешет жана кошумча сабактар уюштурулуп студенттердин билимин теңдөө камсыздалат.

Билимди теңдөө жана компетенттүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында орто кесиптик теологиялык билим берүү программасынан бакалавр программасына кабыл алынган студенттердин араб тили жана Куран боюнча билим деңгээли аныкталып, талапка ылайыктууларын бакалавр программасынын 2-курсуна кошуу сунушталды. Жүргүзүлгөн иш чаранын алкагында 10 студенттин аталган кесиптик предметтер боюнча билим деңгээли канааттандыраарлык деп табылды жана бакалавр программасына кабыл алынды

Теология факультетинде окуу пландар, окутуу программалары (силлабустар), жумушчу программалар, лекциялык курстун, практикалык, семинардык сабактардын иштелмелерин камтыган окуу-методикалык комплекстер, теолог адистерди даярдоодо жана окуу процессин уюштурууда керектүү окуу-методикалык материалдар иштелип чыккан.

Окутуучулардын илимий-педагогикалык чеберчилигин арттырууда факультетте илимий-усулдук иштер алып барылат.

Окуу процессинде студенттердин билимин объективдүү баалоо үчүн окутуунун кредиттик системасы колдонулат. Окутуунун бул системасы үч баскычтан турган текшерүүнүн жыйынтыгы менен студенттин билимин баалоо мүмкүнчүлүгүн түзөт:

1. Учурдагы текшерүү. Окутуучу тарабынан ар бир лекциялык жана семинардык сабактарда сурамжылоо, текшерүү иштерин алуу, конспектилерди текшерүү сыяктуу процесстерди камтыйт.

2. Аралык текшерүү. Курстун программасынын айрым модулдары боюнча студенттердин билимин баалоо.

3. Жыйынтык текшерүү. Аралык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында топтолгон балл 31 ден жогору болгондо жыйынтык текшерүүгө катышат алат. Жыйынтык текшерүү жазуу түрүндө же компьютерде тестирлөө аркылуу жүргүзүлөт.

Бул материалдарды даярдоодо жетиштүү санда окуу базасы, китепкана фонду, окутуунун техникалык каражаттары түзүлгөн. Факультеттин окутуучулары тарабынан окуу-усулдук материалдар жана көрсөтмө каражаттар иштелип чыккан. О.э. факультетте жогоруда профессордук окутуучулук курам жөнүндө маалымат берилгендей жогорку билимдүү, илимий даража ээ жана тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курам менен камсыз болгон.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы окуу-методикалык адабияттарды, усулдук колдонмолорду, усулдук көрсөтмөлөрдү толуктоо жана өркүндөтүүнүн үстүнөн иштеп келишет. Окутуучулар окуу процессин уюштурууда жаңы методдорду жана окутуунун жаңы технологияларын колдонушат.