Теология факультетинде «Үлгүлүү адеп-ахлак ээси Азирети Мухаммед (с.а.в)» аттуу иш-чара болуп өттү

2017-12-01 13:01:52 356

Кечээ 30-ноябрда Мухаммед (с.а.в) пайгамбардын туулган күнүнө карата теология факультетинин студент кыздары тарабынан уюштурулган «Үлгүлүү адеп-ахлак ээси Азирети Мухаммед (с.а.в)» аттуу иш-чара өттү. Иш-чара жалаң аялдар үчүн уюштурулуп, пайгамбарыбыздын улуулугун даңазалаган көркөм окуулар, ырлар, сахналык көрүнүштөр коюлду.