Түркиядан келген агайлардын коштоосунда конференция өтүлдү

2017-11-14 18:09:59 335

Теология факультетинде 14-ноябрь күнү Түркиядан келген тафсир илиминин доктору профессор Ахмед Недим Серинсу жана ислам тарыхы илиминин доктору профессор Мехмет Аккуш конференция өтүштү. Конференция инсандын маани издөөсү жана Куран, адабиятыбызда Азирети Пайгамбарды сүйүү деген темаларда болду. Конференциянын жүрүшүндө эки тараптуу суроо жооптор коштолуп, активдүү катышкан студенттерге китептер берилди. Аягында Түркиядан келген агайларга кыргыз калпагы жана теология факультетинин өздүк басмаларынан китептер белекке берилди.