Аз. Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) хадистерин жаттоо

2014-04-22 11:10:56 365

Кутуу жумалык» иш-чараларынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде теология факультетинин студенттеринин арасында «Хадис жаттоо» боюнча жарыш болуп өттү. Жарыштын жыйынтыгында, балдар арасында 1-орунду 1-курстун студенти Азимбай уулу Манас камсыз кылса, 2-орунга 1-курстун студенти Коңурбаев Бейшенбек жана 3-орунга 4-курстун студенти Абдинаби уулу Айбек татыктуу болушту. Ал эми кыздар арасындагы жарышта 1-орунду 3-курстун студенти Сейдакмат кызы Гүлнар, 2-орунду 1-курстун студенти Аппазбай кызы Элиза жана 3-орунду 4-курстун студенти Талипова Махлие камсыз кылышты. Диплом жана сыйлыктар 24-апрелде өтүүчү «Куттуу жумалыктын» жыйынтыктоочу программасында тапшырылат.