Куттуу жумалыктын алкагында уюштурулган "Куран окуу" боюнча жарыш

2014-04-22 11:09:14 405

2014-жылдын 19-апрелинде ОшМУнун теология факультетинде «Куранды кырааты менен окуу» боюнча студенттердин арасында жарыш уюштурулду. Жарыштын жыйынтыгында, балдардын арасынан 1-орунду Абдинаби уулу Эрмек, 2-орунду Мамадалиев Иззатилло, 3-орунду Бакыбаев Абдимажит камсыз кылышса, кыздардын арасындагы жарышта 1-орунга Камилова Ширманай, 2-орунга Билалиддин кызы Азизибү жана 3-орунга Талипова Махлие татыктуу болушту. Диплом жана сыйлыктар 24-апрелде өтүүчү «Куттуу жумалыктын» жыйынтыктоочу программасында тапшырылат.