Спорттогу ийгилик!

2014-04-10 18:05:17 323

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин 3-курсунун студенти Нуркамил Дүйшөнкул уулу, карате-донун wks түрү боюнча Косова мамлекетинин Приштина шаарында болуп өткөн дүйнөлүк мелдешке катышып, 60 килограммдык салмакта коло медалды багындырып келди. Мелдешке жалпысынан отуз беш мамлекеттин спортчулары катышкан.