Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери теология факультетинде

2016-11-17 13:06:44 329

2016-жылдын 16-октябрь күнү факультеттердин ортосундагы мобилдүүлүктүн алкагында эл аралык мамилелер факультетинин мугалимдер жамааты жана студенттери теология факультетине келишти. Алгач теология факультетинин жалпы окуу корпусу менен таанышып чыгышты. Андан кийин теология факультетинин деканы Мырзаибраимов Самаган «ислам баалуулуктары менен эл аралык мамилелердеги «улуттук күч» түшүнүгүнүн айкалышы» деген темада семинар өттү. Семинардын аягында активдүү катышып жакшы суроолорду берген студенттерге «Пайгамбарыбыздын дипломатиялык ишмердүүлүгү» аттуу китеп берилди. Семинардын соңунда эл аралык мамилелер факультетинен келген жалпы мугалимдер жамаатына жана студенттерге факультет тарабынан чыгарылган китептер жана СD дисктер белекке берилди.