Теология факультетинин мүчөлөрү сыйланды

2016-11-11 16:32:14 341

2016.10.11 Илим күнүнө карата теология факультетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче университеттин илимий иштерине кошкон салымы үчүн Ош МУнун ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле факультеттин ага окутуучусу Жусубалиев Алинин «Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы» атуу эмгеги эң мыкты деп табылып, биринчи даражадагы диплом жана акчалай сыйлыкка татыктуу болду.