ОшМУнун теология факультетинде мамлекеттик тилге арналган кече өттү

2016-09-21 15:14:35 366

2016-жылдын 21-сентябрында теология факкультетинин Сиражуддин Аль-Оши атындагы конференция залында 1-курстун студенттери тарабынан даярдалган мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү. Бул кече маданий концерттик иш чара менен коштолду. Тилибиз жана маданиятыбызды чагылдырган сахналык көрүнүштөр да аткарылды.