Теология факультетинин окутуучулары эл аралык конференцияга катышышты

2016-05-31 07:51:15 341

Түркиянын Кастамону университети менен Кыргызстандын Экономика жана ишкердин университети биргеликте 29-30-май күндөрү Жалал-абад шаарында "Түрк дүйнөсүндө илимий изилдөөлөр" аттуу эл-аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ага ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары Ферхат Гөкче, Зайлабидин Ажимаматов, Али Жусубалиев, Тимур Козукулов жана Өскөнбай Зууридинов катышып, өздөрүнүн докладдарын окушту.