Жаш окумуштуулардын эл аралык «Ислам маданиятынын пайдубалы» деген темадагы илимий конференция

2016-05-27 08:12:58 334

23-24-май күндөрү ОшМУнун теология факультети, Түркия мамлекетинин Анкара университетинин теология факультети жана ИЛАМЕР (Теологиялык изилдөөлөр борбору) менен бирге уюштурган жаш окумуштуулардын эл аралык «Ислам маданиятынын пайдубалы» деген темадагы илимий конференция болуп өттү. Конференцияга Түркия мамлекетинин ЖОЖдорунан 15 окутуучу, 30 студент, ал эми КТМУ жана Арашан теология факультетинен 4 студент, ОшМУнун теология факульетинен 8 студент өздөрүнүн докладдарын окушту. 25-май күнү сырттан келген коноктор үчүн Алай районунун Чыйырчык жайлоосуна жана Өзгөн районундагы тарыхый жерлерге экскурсия уюштурулду.