Кыргызстандагы теология факультеттеринин ортосунда спорттук мелдештер өткөрүлдү

2016-05-02 17:37:13 354

2016-жылы 30-апрель-1-май күндөрү Кыргызстандагы Кыргыз Түрк Манас университетинин теология факультети, ОшМУнун Арашан Гуманитардык Институтунун теология факультети жана ОшМУнун теология факультетеринин студенттери арасында ОшМУнун Түштүк-Чыгыш кампусунда оюндун 7 түрүндө спорттук мелдештер өткөрүлдү. 3 жылдан бери салт болуп калган спорттук түрнир бул жылы ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулду. Волейбол, футбол, кол күрөш, кыргыз күрөш, аркан тартыш, бука тартыш жана ордо оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Спорт мелдештерин ачуу аземинде мындан кийин теология факультеттери ортосунда бир гана спорттук мелдештерди гана эмес, студенттик илимий конференцияларды да өткөрүүнүн пландаштыруудабыз деди факультеттин деканы, доцент С.Мырзаибраимов. Ал эми спорттук турнирлерден жеңүүчүлөргө сыйлыкты тапшыруу жана мелдешти жабуу үчүн ОшМУнун окуу иштери боюнча проректор, проф.А.Абдувалиев агай катышып, өз сөзүндө мындан ары дагы да байланыштын чыңдалуусун каалап кетип, университети жөнүндө маалымат берди. Бул иш чарага КТМУнин теология факультетинин деканы, проф. Суат Жебежи менен АГИнин теология факультетинин деканы, доцент С.Базаркуловдор да катышты. ОшМУнун теология факультетин тарабынан спорттук мелдештерге 30 000 сом акчалай сыйлык койгон. Спорттук мелдештер боюнча сыйлык тапшыруу аземи аяктагандан кийин, Кыргызстандагы теология факультеттеринин декандарынын Теологиялык билим берүү маселеси боюнча координациялык жыйын өткөрүлдү. Бул жыйында кабыл алынган кээ бир маселелер боюнча чечимдерди келечекте КРнын Билим берүү жана илим министрлигине сунуш катары бериле турган болду.