"Кыргызстандын тарыхында жана маданиятында ислам дининин орду" аттуу илимий-практикалык конференция

2016-04-28 16:14:29 316

28-апрель күнү КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмү менен ОшМунун теология факультети биргеликте "Кыргызстандын тарыхында жана маданиятында ислам дининин орду" аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Кыргыз Республикасынын гимни жана Куран окулгандан кийин ОшМУнун проректору Олжобай Шаимкулов конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөдү. Ош жана Жалал-Абад областарындагы КР өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарындагы казыяттардан өкүлдөр катышышты. ОшМУнун теология факультетинен доц. Зайлабидин Ажымаматов "Ханафий мазхабынын Кыргызстан аймагында жайылуусу", доц. Ферхат Гөкче "Али ибн Осмон Оший жана анын эмгектери", Өскөнбай Зууридинов "Манас эпосунда ислам дининин чагылдырылышы" аттуу доклад окушту. Маматибраим Самиевдин "Манас эпосунда ислам дининин орду" аттуу китебинин ачылышы болду жана ОшМунун теология факультетинин басылмамарынан чыккан китептер элге таркатылды. Жыйындан кийин катышуучуларга түшкү тамак берилди.