Теология факультетинин студентинин спорттогу ийгилиги

2014-03-18 16:21:34 357

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин 3-курсунун студенти Нуркамил Дүйшөнкул уулу, каратэ-донун wks түрү боюнча эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылып келүүдө. Өткөн жылдын июнь айында Түркиянын Маниса шаарында болуп өткөн эл аралык мелдеште 3-орунду, ошол эле жылдын ноябрь айында Кала-Балта шаарындагы эл аралык мелдеште 2-орунду, ал эми 2013-жылдын декабрь айында Жалал-Абад шаарында эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн кубокто 3-оунду камсыз кылып, университетибиздин жана өлкөбүздүн намысын коргоп келүүдө.