Тазалык – ден-соолук!

2014-03-18 16:02:40 1079

Теология факультетинин аялдар кеңеши жана студент кыздары, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студент кыздарына карата «Тазалык – ден-соолук!» деген темада семинар беришти. Семинарда, «тазалык - ыймандан» деген хадистин алкагында, ислам дининин тазалыкка берген мааниси, руханий жана материалдык жактан таза болуу жана таза болуу коомдук аң-сезим менен тыгыз байланышта экендиги сөз козголуп, кеңири маалымат берилди.