Түркиядан келген профессорлор теология факультетинин студенттер жана окутуучу профессордук курамына лекция окушту

2016-03-30 10:09:46 335

2016-жылдын 29-март күнү теология факультетинин «Осмон аль-Оший» атындагы конференция залында жалпы студенттер жана окутуучу профессордук курамына Анкара шаарында жайгашкан Йылдырым Бейазит университетинин Исламий илимдер факультетинин деканы, профессор Мехмет Үнал, Куранды түшүнүү жана жоромолдоо темасында, ал эми Анкара университетинин теология факультетинин доценти Абдул Межит Исламоглу адабиятыбызда пайгамбарыбызга болгон сезим темасында лекцияларды окушту. Бул лекциялар жалпы факультеттин жамааты үчүн пайдалуу иш чара болду.