Дин кызматкерлерине теология факультетинен колдонмо усулдук адабияттар менен колдоо

2016-03-15 09:10:15 329

Теология факультетинин окутуучу профессордук курамы тарабынан дин кызматкерлери үчүн даярдалган «Хутбалар» колдонмо китебин 2016-жылдын 11 - мартында Ош шаардык казыятына 100 даана, ал эми 2016-жылдын 14 – мартында Ош областык казыятына 850 даана китеп белек кылынды. Ошону менен бирге «Диндер тарыхы», «Балдар үчүн Аңгемелер менен 40 Хадис», «Намаз нуру» китептеринен да ар биринен 10 даанадан белек кылышты. Китептерди казыятка факультеттин атынан декандын орун басарлары Ферхат Гөкче, Тимур Козукулов жана Зайлабидин Ажимаматовдор тапшырышты.