Теология факультеттинин окутуучулары Бишкек шаарына болгон иш сапары

2016-03-02 09:04:04 386

Өткөн апта теология факультетинин деканынын орун басары, доцент Ферхат Гөкче менен окутуучу Иса Гүмүш агайлар, ТДВнын колдоосу менен которулган «Хадистер менен Ислам» аттуу 7 томдук китептин басып чыгаруу үчүн Из басмаканасына буйрутма берүүгө Бишкек шаарына барышты жана ошондой эле басмадан чыккан китептер жөнүндө тааныштыруу үчүн Бишкек шаарындагы бир канча мекемелерди зыярат кылышты. КРнын президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Орозбек Молдалиев жана Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармасынын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев менен жолугушту. Аларга даяр болуп басмадан чыгарылган «Намаз Нуру», «Абу Ханифа жана анын окуусунун Фергана өрөөнүндө калыптануусу X-XIVкк», «Аңгемелер менен 40 хадис», имамдар үчүн жума намазына даярдалган «Хутбалар» китептерин белек кылышты. Ошондой эле саамалык менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен да жолугуп кайтышты. Айтып кетсек алдыда дагы бир канча китептер которулуп басып чыгарууга даяр болуп турат.