Адабий-чыгармачылык кече(12.12.25)

2025-12-15 07:24:37 10

12.12.2025 Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы боюнча уюштурулган адабий-чыгармачылык кечеде биздин 1-курс студенттерибиз ТДТАТ институтунун 1-курсунун студенттери менен жарышып, 1-орунду ээледи! Студенттерибиздин сахнадагы өзгөчө даярдыгы, чыгармачыл ойлору жана бирдиктүү аракети Айтматов дүйнөсүн терең ачып, көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды. Айрыкча ар бир номерде активдүү катышып, көп кырдуу таланты менен айырмаланган Мустафаев Абдишүкүрдүн эмгеги атайын баса белгилөөгө татыктуу. Бул жетишкендик — биздин жаштарыбыздын жана ошондой эле кыргыз тили мугалимдери Алиева Фарида Эсеновна менен Мураталиева Уркуя Тойчевнанын тынбастан эмгегинин жемиши. Улуу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерип, анын чыгармасын жаңыча дем менен чагылдырган бүгүнкү күн — Теология факультети үчүн чоң сыймык! Жеңишиңер кут болсун, 1-курс! Ийгиликтериңер мындан да арта берсин!