2025-06-14 05:34:22 195
2025-жылдын 25-ноябрь күнү факультетибизде студенттер күнүнө карата илимий-практикалык конференция жана курстар аралык болуп өткөн спорт жумалыгында алдыңкы орунга жетишкен студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага факультетибиздин деканы, доцент Ниязалы Арипов, декандын орун басары Махмуд Демир агайларыбыз жана жалпы мугалимдер, студенттер катышты. Иш-чараны факультеттин окутуучусу Тажибаев Санжар агай алып барып, илимий-практикалык конференциянын докладдары окулуп, студенттерге кызыктуу белектер берилди. Агай кошумча Ош шаарында уюштурулган эл аралык конференцияларга жигердүү катышкан студенттер да сыйланды.