2025-06-14 05:31:05 141
2025-жылдын 26-ноябрь күнү Ош Мамлекеттик Университетинин эл аралык байланыштар департаментинин адистери Рахимова Зилола жана Кылычбекова Айгузел факультетибизде студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууну факультеттин деканы доцент Ниязалы Арипов агай өзү баштап берди. Жолугушуунун негизги темасы академиялык мобилдүүлүк туурасында болуп, департамент тарабынан толук маалыматтар берилип, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.