Теология факультетинин окутуучусу Түркия стипендиялары программасы боюнча маалымат берди.

2025-06-14 05:21:50 8

ОшМУнун теология факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары жана "Дин таануу жана гуманитардык предметтер" кафедрасынын кафедра башчысы PhD Абдуганиев Асилбек жана Түркия Республикасынын Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын ( YTB) расмий өкүлдөрү ОшМУн башкы корпусунда Ош шаарындагы бүтүрүүчү мектеп окуучуларына жана студенттерге Түркия Стипендиялары программасы тууралуу маалымат беришти. Иш-чарада теология факультетинин студенттери да волонтер уюштуруучу катары катышып, программа тууралуу маалымат алышты.