2025-06-14 05:16:18 54
2025-жылдын 22-январь күнү ОшМУнун Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окуу корпусунда (суроолор боюнча) теология илиминин доктору, доцент Ниязали Турдалиевич Арипов тарабынан «Устат жана шакирт (Мугалим жана студент) ортосундагы адеп-ахлактык мамилелер жана анын тарбиялык мааниси» аттуу эки күндүк семинар башталды. Семинар эки күн болуп аягында катышуучуларга серификат берилет. Аталган семинарга кафедра башчысы Бакыт Кулуевдин уюштуруусу менен ОшМУнун, Ош облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жана Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана тренелер да катышышты.