Эл аралык банк жана финансы институтун (NIBAF) исламдык каржылоо боюнча семинар-тренингине катышышты.

2025-06-14 05:12:00 24

Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинин доценти Арипов Ниязали Турдалиевич жана Тажибаев Санжарбек Лочинбекович Кыргыз Республикасынын улуттук банкы менен Пакистандын мамлекеттик банкынын кызматташтыгы алкагында уюштурулган "Эл аралык банк жана финансы институтун (NIBAF) исламдык каржылоо институнун" “Ислам банкинги”, “Шариат башкаруу” жана “Ислам терезеси боюнча финансылык мекемелерди көзөмөлдөө” темалары боюнча кесиптик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуучу семинарларына катышып атайын сертификаттарга ээ болушту.