Окуу-таанышуу практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция (10.12.25)

2025-06-14 05:02:34 41

2025-жылдын 10-декабрь күнү Теология факультетинин 2-курстарынын окуу-таанышуу практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция факультеттин практика боюнча жетекчиси А.Т. Бекмурзаева тарабынан уюштурулду. Конференцияга факультеттин жетекчилиги, усулчу мугалимдер, студенттер катышышты. Окуу графигине ылайык окуу-таанышуу практикасы 2025-жылдын 3-ноябрынан 29-ноябрына чейинки аралыкта билим берүү мекемелеринде, Ош шаардык жана областтык казыяттарда, Сулайман-Тоо улуттук археологиялык тарыхый музейинде, КРнын Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агентигинде, ЮМнын пробация департаментинде теориялык билимдерин бышыктоо жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу максатын көздөдү. Конференцияда ар бир практика базасынан студенттер отчет беришти. Анда практика мезгилинде үйрөнгөн иштери, туш болгон кыйынчылыктар жана андан келип чыккан сунуштарын айтышты. Практика мезгилиндеги аткарган иштери боюнча кызыктуу презентацияларды жасашып, суроо-жооптор менен коштолду. Практика мезгилиндеги алган тажрыйбалары студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга чон мүмкүнчүлүк түзгөндүгүнө ишеним жаратты.