2025-06-14 04:53:15 55
Теология факультетинин студенттери Көчкөнбай кызы Мадина, Базарбаева Иродахон Абдикахаровна жана Балтабаева Азизахон Илхомжоновна 29-ноябрь 2025-жылы өткөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференцияга активдүү катышты Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, студенттердин илимий-изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү, жаңы идеяларды талкуулоону жана глобалдык илимдеги жаңылыктарды өздөштүрүүнү максат кылат. Биздин студенттер өз баяндамаларында илимий-техникалык прогресс моралдык жана адеп-ахлактык прогресс менен параллел жүрүшү керек деген негизги ойду белгилешти. Ошондой эле, шаардын жана өлкөнүн инфраструктуралык өнүгүүсү коомдун аң-сезими, маданияты жана адеп-ахлагы менен биргеликте өсүшү зарыл экенин баса белгилешти. Бул конференцияга катышуу студенттердин теориялык билимдерин чыңдоо менен бирге, аларды коомго өз көз карашын сунуштай алган активдүү жарандык позициядагы жаш адистер катары тарбиялоого чоң салым кошот https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20251201050107-teofak.jpg