Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинде ОшМУнун окумуштуусу баяндама жасады

2025-06-14 04:35:16 20

Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинде ОшМУнун окумуштуусу баяндама жасады Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2-4-октябрь күндөрү Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңеши тарабынан "КОЖО АХМЕТ ЯСЕВИ ЖАНА АНЫН РУХАНИЙ МУРАСЫ" деген аталышта эл аралык илимий-теориялык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Аалымдар кеңешинин атынан Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин доценти, теология илимдеринин доктору (PhD) Ниязали Арипов да катышып, "Кожо Ахмат Ясави жана анын сопулук жолу" деген темада баяндама жасады. “Эл аралык конференцияга Туркиянын, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кавказ мусулмандарынын Азирети муфтийлери, дин аалымдары, коомдук ишмерлер катышты. Негизинен, Түрк дүйнөсүндөгү ислам дининин орду жана ролу кызуу талкууланып, “Ислам дини элдик каада-салтты колдойт” аттуу документке кол коюлду. Менимче, бул конференция ислам дининин келечегине пайдалуу иш чаралардын бири болуп калды”, деди Ниязали Арипов. Түрк мамлекеттер уюмунун муфтийлер кеңешинин конференциянын соңунда төмөнкүдөй мазмундагы кайрылуу кабыл алды. «Биз, Түрк мамлекеттери уюмунун муфтийлер кеңешинин мүчөлөрү – баш муфтийлер, дин ишмерлери, илимпоздор жана «Кожа Ахмет Ясави жана анын руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференциянын катышуучулары - Түрк элдеринин орток жазма мурастарын изилдөөнүн “жол картасын” иштеп чыгуу жана Түрк мамлекеттеринин “Санариптик китепканасын” түзүү сунушу - азыркы муун үчүн зарыл кадам деп эсептейбиз. Суфизм мектебинин Казакстандагы жана Орто Азиядагы көрүнүктүү өкүлү, аалым, олуя бабабыз Кожа Ахмет Ясавинин түрк элдеринин руханий тарыхында өзгөчө орду бар экенин эске алып, Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын демилгелерин колдойбуз. Ихсан доктринасын жайылтуу багытында жана бардык дин кызматкерлерин ихсан доктринасына кармануу багытында активдүү болууга чакырабыз”, деп айтылат кайрылууда.