Чубак ажы Жалилов теология факультетин зыярат кылды

2016-01-12 13:56:38 345

2016-жылдын 12-январь күнү Чубак ажы Жалилов теология факультетин зыярат кылды. Жолугушуу учурунда ал, факультеттин иштерине ийгилик каалап, салттуу диний түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды калкка жеткирүүдө, теология факультетинин чоң ролу жана ордунун бар экендигин белгилеп өттү. Декан С. Мырзаибраимов факультеттин окутуучулар тарабынан басып чыгарган китептеринен белек кылды. Чубак ажы Жалилов Ыйман фонду тарабынан уюштурулган Имамдардын билимин жогорулатуу курсуна бир күнгө сабак бергени келди.