ЖОЛОН МАМЫТОВ ЫРЛАРДА ЖАҢЫРДЫ

2015-12-23 14:31:36 363

Акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата республикалык ыр сынак үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталып, ага өлкөнүн булуң-бурчунан ар кайсы курактагы акындар ыр жөнөтүшкөн. Ырлар калыстар тобуна штрих-коддор менен берилип, обьективдүү бааланган. Республикалык конкурс адабият күнүнө карата жыйынтыкталып, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер өз ээлерин тапты. Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенти, жаш акын Иманбек Азизилла уулу аталган конкурста байгелүү 2-орунду ээледи. «Чынында толкундандым, мен үчүн жагымдуу жаңылык болду. Ушундай поэзиялык майрамдар көп-көп өткөрүлсө дейм» - дейт жаш акын Иманбек. Бул иш чараны Ж. Мамытов атындагы фонд уюштурган.