Түркиянын Анкарадагы университеттеринен профессорлор конокко келишишти

2015-11-10 15:09:10 375

Түркиянын Анкара университетинин теология факультетинин деканы профессор, Исмаил Хаккы Унал жана Анкара шаарындагы Йылдырым Бейазит университетинин теология факультетинн профессорлору Ахмед Йылдырым менен Исмаил Чалышкан теология факультетке бир жумага атайын лекция окуганы келишти. Бүгүн 10-ноябрь саат 14.00 дө факультеттин студенттерине Осмон Аль-Оший конференция залында «Ислам ойлорунун Орто Азиядагы тамырлары» темада семинар өтүштү. Ошондой эле келген профессорлор Ош шаардык жана Ош областык казыятына караштуу кызматкерлерине жана медресе мударистерине семинар өтүшөт.