2015-11-05 16:56:12 342
2015-жылдын 5-октябрында Ички Иштер Министрлигинин 10-бөлүмүнүн башкы башкармалыгынын башчысы Жээнбеков Эмиль Таштанович теология факультетинин окутуучу-профессордук курамы жана жалпы студенттерине «Кыргыз Республикасындагы диний экстремизмдин актуалдуу проблемалары» аттуу темада лекция окуду. Лекциянын аягында студенттер жана окутуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. Ошондой эле окутуучу- професордук курам менен да пикир алышышты.