Түркиянын толук ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч мырза теология факультетин зыярат кылды

2015-11-04 11:51:09 342

Элчи Метин мырза Ош шаарына болгон сапарында 2015-жылдын 3-ноябрь күнү теология факультетин зыярат кылды. Ал зыярат учурунда факультеттин профессордук – окутуучулук курам жана студенттери менен жолукту. Бул жолугушууга университеттин биринчи проректору, профессор А. Абдувалиевда катышып ой-пикир алышышты. Ошондой эле Түркия Дианет фонду тарабынан факультеттин баардык аудиториясына алынган акыркы үлгүдөгү «Акылдуу доскаларды» көрүп, таанышып чыгышты.