Теология факультетинин окутуучу профессордук жамааты дин комиссиясы жана Ош областык казыятын зыярат кылышты.

2015-10-29 14:33:04 381

Өткөн жумада теология факультетинин жамааты, деканы С. Мырзаибраимов менен биргеликте КР Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк өкүлчүлүгүнүн жаңыдан дайындалган башчысы Ы. Мурзабековду иш ордуна барып куттуктакташты. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар диний башкармасына караштуу жаңыдан дайындалган Ош областынын казысы С. Атабаевти да зыярат кылып куттукташты. Бул жаңыдан дайындалган эки жетекчилерге иштерине ийгиликтерди каалап кетишти.