Президенттик стипендиант 5-курстун студенти Иманбек Азизилла уулуна теология факультетинин окутуучулары тарабынан белек тартууланды

2015-10-06 17:53:36 341

2015-жылдын 6-октябрь күнү теология факультетинин окутуучу-профессордук жамааты факультеттин тарыхында биринчи жолу Президенттик стипендиага татыктуу болгон 5 курстун студенти Иманбек Азизилла уулуна ноутбук белек кылышты. Теология факультетинин деканы доц. Мыразибраимов Самаган Абдыразакович жана декандын орун басары доц. Ферхат Гөкче сыйлыкты тапшырып жатышып, бир гана жекелик эмес, жалпы факультеттин жеңиши экенин белгилеп өтүштү. Иманбектин окуусуна жана жеке жашоосуна албан ийгиликтерди каалап кетишти.