“Музей тармагы менен теология багытынын байланышы” аттуу семинар.

2023-12-01 09:39:24 54

“Сулайман-тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, социология илимдеринин кандидаты Хайрулло Ибайдуллаев теология факультетинин студенттерине “Музей тармагы менен теология багытынын байланышы” аттуу семинар өтүп берди. Хайрулло Хабибуллаевич Сулайман-тоодогу диний ишенимдерге байланыштуу феномендерди теологиялык багыт менен коомчулукка түшүндүрүүнүн маанилүүлүгүн жана бул жаатта алдыда теологдорду чоң жоопкерчиликтер күтүп жатканын белгиледи. Семинардын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп жана түшүндүрмө алды. Семинардын аягында Хайрулло Хабибуллаевичке факультеттин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды. ОшМунун теология факультети “Сулайман-тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси менен кызматташып келет. “Сулайман-тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси теология факультети үчүн иш берүүчү жана факультеттин студенттери практика өтөөчү мекеме болуп эсептелет.