"Кыргызстандын мыкты студенти - 2023"

2023-11-30 03:44:03 50

"Кыргызстандын мыкты студенти - 2023” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү: Жолборс уулу Мухаммедмуса жана Авазбек уулу Саутбек. 2023-жылдын 28-ноябрь күнү “Керемет Холдинг” тарабынан демилгеленип Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков Университетинин колдоосу менен “Кыргызстандын мыкты студенти-2023” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлоо аземде өлкөнүн бардык аймактарынан келген эң активдүү жана окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге ар кандай даражадагы атайын дипломдор жана төш белгилер тапшырылды Арасында факультетибиздин 3-курсунун студенттери Жолборс уулу Мухаммедмуса жана Авазбек уулу Саутбек да жогорудагы "Кыргызстандын мыкты студенти - 2023" сыйлыгына ээ болушту. Сыйлыктарды коомдук ишмер, меценат, Салымбеков Университетинин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, саясий жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов жана жаш ишкер Доорон Кубатбеков тапшырышты. Мыкты студент деген наамга арзыган бардык студенттерди жана жогорудагы аты аталган 2 студенттибизди сыйлыгы менен куттуктап, албан ийгиликтерди каалайбыз! Жаратман, эрки күчтүү жаштардан болгула!