Туркия өлкөсүнүн Денизли шаарына караштуу Памуккале университети Ислам Илимдер институтунда "II - Эл аралык Сарахсий симпозиуму"

2023-11-03 09:58:06 52

26-27-октябрь күндөрү Түркия өлкөсүнүн Денизли шаарына караштуу Памуккале университети Ислам Илимдер институтунда "II-ЭЛ АРАЛЫК САРАХСИЙ СИМПОЗИУМУ" болуп өттү. Симпозиумга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана телогия факультетинин деканы Зайлабидин Ажимаматов агайларыбыз катышып, күбө болушту. Ошондой эле деканыбыз Зайлабидин Ажимаматов "Имам Сарахсинин Аль Мабсут чыгармасында акыйда темалары" аттуу докладын ийгиликтүү сунуп, сертификат менен сыйланды. Ошондой эле Туркияга болгон иш сапарынын алкагында ректор Кудайберди Кожобеков Памуккале университетинде билим алып жаткан ОшМУнун студентттери менен жолугуп, баарлашты. Учурда 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүк программасы менен Памуккале университетинде 14 студент, ал эми Сивас Жумхурийет университетинде 5 студент билим алууда .