2023-06-01 09:22:40 108
ОшМУнун теология факультети жана КМДБ Ош шаардык казыятынын кызматташтыгынын негизинде 2023-жылдын 29-30-31-май күндөрүндө ОшМУнун теология факультетинде Ош шаарынын имамдары үчүн "Диний билимди өркүндөтүү" курсу уюштурулду. Курстун аягында теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажимаматов жана Ош шаардык казысы Мирлан ажы Токтомушевдин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, курсту ийгиликтүү аяктаган дин кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды.