«Теология факультетинде араб тилинин азыркы абалы жана келечеги" атту тегерек стол.

2023-05-26 11:00:41 86

ОшМУнун теология факультетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында араб тили сабагы боюнча "Теология факультетинде араб тили тилинин азыркы абалы жана келечеги" деген темада тегерек стол уюштурулду. Иш чарага теология факультетинин деканы З. Ажимаматов, Түркия мамлекетинден келген конок окутуучулар, теология факультетинин окутуучулары жана жалпы студенттер катышты. Алгач сөздү теология факультетинин деканы З. Ажиматов баштап: араб тили сабагы теология факультетинин эң негизги кесиптик предметтеринен бири экендиги жана бул иш чаранын бирден бир максаты теология факультетинде араб тили сабагынын сапатын жогорулатуу экендигин баса белгиледи. Андан кийин кезеги менен ар бир окутуучу жана иш чарага катышкан студенттер сөз сүйлөп өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, араб тилин өркүндөтүү боюнча сунуштарды беришти. Тегерек столдун аягында жыйынтыктоочу жалпы талкуу болуп мындан ары араб тилин окутуу программасын дагы да жакшыртуу үчүн бир топ чечимдер кабыл алынды.