«Китеп – акыл үлгүсү, китеп – жашоо күзгүсү»

2015-06-05 12:32:06 382

Теология факультетинин китепканасы 19-майда конференция залында «Ыйман» лицейинин катышуусунда «Боордош элдеринин адабиятына саякат» аттуу иш-чара өткөзүлдү. Иш-чарада китеп жөнүндө слайд көрсөтүлдү. Боордош элдердин түрк,орус,казак,өзбек элдеринин адабияты менен тааныштырылды. Бий, жекече ырлар, китеп менен интернеттин ортосундагы өзгөчүлүктөр жөнүндө айтылды. Ошондой эле, лицейдин КВН командасы өздөрүнүн кызыктуу программаларын аткарып беришти. 2015-жылдын 27-май Кыргыз Республикасынын китепканалар күнүнө арналган “Китеп – акыл үлгүсү, китеп – жашоо күзгүсү” аттуу китепкана жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыкта 10 адамдан түзүлгөн комиссиянын чечимининнегизинде конкурстан өткөн программалар коюлду жана алар диплом менен сыйланды. Теология факультетинин улук китепканачысы Саитова Гульжан “Мыкты улуу китепканачы” номинациясы негизинде диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.