Теология факультетинин эң алдынкы студенттери

2015-06-02 13:43:42 343

2015-жылдын 2-июнь күнү теология факультетинин конференция залында окуу жылдын жыйынтыгы боюнча факультеттик жыйын өткөрүлдү. Жыйында ар бир курстун эң мыкты студенттерине грамоталар жана эң мыкты 3 студентине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Факультеттин жалпы студенттеринин 21% ти эң мыкты денгээлде аякташты. 2014-2015-окуу жылында факультеттин жана ОшМУнун өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн декандын орун басары Ферхад Гөкчеге жана окутуучу Ибрахим Байрамга ректордун ыраазычылык каттары тапшырылды.