Теология факультети ОшМУнун ачык эшиктер күнүндө.

2023-05-18 04:37:29 88

Теология факультети ОшМУнун АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮНДӨ. Ош мамлекеттик университети 2023-жылдын 17-май күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү максатында АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮН өткөрдү. Иш-чарада окуу жайдын факультет, институт, колледж, лицейлери билим жарманкесин тартуулап, бардык адистиктер интерактивдүү шоу-программаларын көрсөттү. Иш-чарада биздин Теология факультетинин студенттери, жана агайлары факультетти таанытып, студенттерди өзүнө бурду. Негизинен ОшМУда кесипке багыт берүү иш-чарасы жыл сайын уюштурулат. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан жалпы 5000ден ашуун абитуриент катышат.