Ыйык Рамазан айына карата Теология факультетинде кыздар арасында Куран жарыш болуп өттү.

2023-04-11 10:53:03 80

Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинде Ыйык Рамазан айына жана илим жумалыгына карата Теология факультетинин студенттери (кыздар) ортосунда Куран жарышы болуп өттү. Иш чаранын ачылышында теология факультетинин деканы, теология илимдеринин доктору, доцент З. Ажимаматов сөзгө чыгып, Куран окуунун пазилеттери тууралуу студенттер менен өз кеңештери менен бөлүштү. Жарыштын жыйынтыгында 1-орунду Теология факультетинин 1-курсунун студенти Музаффар кызы Дилафруз, 2-орунду 3-курстун студенти Якубова Мукаддас жана 3-орунду болсо 3-курстун студенти Исмаилова Гулшода ээледи.