Абу Ханифа, Имам Матуриди жана Имам Сарахсинин диний түшүнүктөрү жана методологиясы

2015-05-04 14:34:33 374

2015-жылдын 4-майында, ОшМунун табият таануу жана география факультетинин ЧАЗында, Түркиянын Анкара жана Газиантеп университеттеринен келген профессор-окутуучулар, теология факультетинин студенттери, Ыйман лицейинин окуучулары, казыят кызматкерлери үчүн Ханафи, Матуриди жана Сарахсинин диний көз караштарын камтыган маселелерде лекция окушту. Кызуу суроо-жооп менен уланган конференцияга ОшМунун биринчи проректору, профессор А. Абдувалиев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов катышып, келген конокторго ыраазычылыктарын билдиришти.