Теология факультетинде Улуу Ата-Мекендик согуштун 70-жылдыгын карата эскерүү кечеси болуп өттү.

2015-04-25 13:30:04 335

2015-жылдын 24-апрель күнү теология фкультетинин конференция залында Улуу Ата-Мекендик согуштун 70-жылдыгын карата эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеде теология факультетинин деканы, доцент Самаган Абдыразакович жана декандын орун басары, доцент Ферхад Гөкче программага конок катары чакырылган Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, белектерин беришти. Программа факультеттин студенттери тарабынан даярдалган концерт менен коштолуп, аягында сый тамак берилди.